3 Aralık 2019 Salı

КИРИШ СӨЗ


Сүйүктүү балдар, бул китепте айланабыздагы жандуу жана жансыздардын кандай кереметтүү жаратылганын силер менен бирге карайбыз. Алдыда табияттагы бири-биринен сүйкүмдүү жандыктардын кызыктуу жана таң калыштуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат аласыңар.
Бул китепти окуп жатып, Аллахтын бүт жандыктарды эң кооз көрүнүштө жаратканын жана бүт баарынын Анын чексиз сулуулугун, кудуретин жана илимин чагылдыраарын көрөсүңөр.
«Жаныбарлардын канчасын билесиңер?» деген суроого «көпчүлүгүн» деп жооп берээриңерди сезип турабыз. Тааныган жаныбарларыңардын жашоолору жөнүндө эмнелерди билесиңер? Кантип туулуп кантип жашашат, өздөрүн кантип коргоп, кантип тамак табышат?... «Көп деле билбейм» деп айтаарыңар анык, бирок бул китепти окуганда алар жөнүндө өтө кызыктуу маалыматтарды аласыңар. Бул сүйкүмдүү жандыктарда Аллах тарабынан жаратылган ар түркүн таң калыштуу өзгөчөлүктөрдү көрөсүңөр.
Алардын көпчүлүгүн жакшы билесиңер. Бирок бул китепте ушул күнгө чейин балким эч көрбөгөн, ал тургай, атын да укпаган жандыктар менен, алардын сырдуу жана кооз дүйнөлөрү менен да таанышасыңар. Жана баарын абдан жакшы көрүп каласыңар. Жаныбарлардын кээ бир нерселерди кантип жасаарын көрүп, таң каласыңар. Дүйнөнүн эң ылдам күлүктөрүнүн бири болгон төө кушту, эң мыкты секирүүчүлөрдүн катарына кирген жолборсту, курч тиштүү тыйын чычкандарды жана көз жоосун алган павлиндерди бири-биринен кооз сүрөттөрдөн көрүп таанышасыңар. Бирок булар жаныбарлардын бир канчасы гана... Дүйнөдө абдан көп жаныбар түрү бар.


Бул сүйкүмдүү жандыктарды жараткан Аллах бизден алардагы сулуулуктарды көрүп, Анын чексиз кудурети менен чеберчилиги жөнүндө ойлонушубузду жана бүт баарын Анын жаратканын жана бүт нерсенин кожоюнунун Аллах экенин түшүнүп, Анын жараткан нерселериндеги сулуулуктарды көрүп, андан ырахат алышыбызды күтөт. Ошондой эле, бизге сансыз кооздуктарды жаратканы үчүн Ага шүгүр кылып, Аны абдан сүйүшүбүздү каалайт.


Бүт ааламдын, бардык кооз жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, түндүн жана күндүздүн, айланабыздагы бардык нерселердин жаратылуусунун бир гана максаты бар. Ал – Аллахтын улуулугун жана жаратуу чеберчилигин көрүү. «Аллах кандай сонун жаратыптыр» деп айтуу. Бул китепти окуган соң, айланаңардагы бардык жандыктарга ушундай көз менен карашыңар керек.
Анда эмесе, эмне турасыңар! Китепти барактап жаныбарлар ааламына саякатты баштагыла.



ЖАҢГАКТЫ СҮЙГӨН ТЫЙЫН ЧЫЧКАНДАР


Бул бөлүмдө Аллахтын сүйкүмдүү тыйын чычкандарды жаратканда аларга тартуулаган кээ бир кызыктуу касиеттерин көрөсүңөр. Досторуңар бул кичинекей, сүйкүмдүү жандыктар жөнүндө окугандарыңарга абдан таң калышат.
Тыйын чычкандар негизинен Европа материгиндеги токойлордо жашашат. Бойлору 25 см, башкача айтканда, силердин колуңар менен өлчөгөндө эки карыш. Арт жагында дээрлик өздөрүнүн боюндай болгон узун, өйдөнү караган, кең жана үрпөйгөн түктөрдөн турган куйруктары бар. Бүт баарын белгилүү бир максат менен жараткан Аллахтын тыйын чычканга мындай куйрук беришинин да, албетте, бир себеби бар: тыйын чычкан бул куйругун колдонуп, дарактан даракка тең салмагын жоготпостон секире алат.
Тыйын чычкан кичинекей учтуу тырмактары менен дарактарга чыга алат. Бутактарда чуркай алат, башын ылдый кылып асыла алат жана ошондой кейипте баса алат. Өзгөчө боз тыйын чычкандар бир дарактын учундагы бутагынан 4 метр аралыктагы башка бир дарактын бутагына оңой гана секире алышат. Абада учуп баратканда колдору менен буттарын жайып, колканаттай (дельтапландай) учушат. Ал ортодо куйруктары жайылып, бир жагынан тең салмакты сактаса, экинчи жагынан багыт берүүчү штурвалдын ролун аткарат. Ал тургай, 9 метр бийиктиктен секирип, жерге төрт буту менен акырын коно алышат.

Сүйкүмдүү тыйын чычкандардын бул кыймыл-аракеттерин дагы бир жолу ойлонуп көрөлү... Эми силер да билип калгандай, тыйын чычкандар бир дарактан экинчисине түшүп кетпестен, кулабастан секирүү жана секиргенде ипичке бутактарды мээлеп, дал үстүнө жабышуу сыяктуу кыймыл-аракеттерди циркачтай мыкты жасай алышат.
Бирок кантип? Ал үчүн оңой эле, анткени тыйын чычкан арткы буттарын, аралыкты так аныктай алган курч көздөрүн, күчтүү тырмактарын жана тең салмагын сактоочу куйругун колдонот. Бирок ойлонуп көрдүңөр беле, тыйын чычканга мындай өзгөчөлүктөрдү берип, аларды колдонууну ким үйрөткөн? Тыйын чычкан ушинтип жашашы керек экенин кайдан билет? Тыйын чычкандар бүт үй-бүлөсү менен колдоруна сызгыч алып, токойдогу ар бир дарактын узундугун же дарактын бутактарын өлчөй алышпайт, анда бир дарактан экинчисине секиргенде ортодогу аралыкты кантип аныкташат? Жана тыйын чычкандар кантип эч бир жери сынбастан же канабастан, ушунчалык тез секирип жүрө алышат?
Эч күмөнсүз, бул сүйкүмдүү жандыктарды ушундай жөндөмдөрү менен жаратып, аларга бул жөндөмдөрүн колдонууну үйрөткөн – Раббибиз Аллах.
Ошондой эле, тыйын чычкандардын жөндөмдөрү жана дене түзүлүшү бийик дарактардын учтарында бышкан жаңгак, каштан, фундук жана кедр жаңгагы сыяктуу кабыгы катуу азыктарга жетүүгө ыңгайлуу. Аллах табияттагы бардык жаныбарлар сыяктуу, тыйын чычкандарды да керектүү азыктарына эч кыйынчылыксыз жете ала тургандай кылып жараткан.
Тыйын чычкандар кышкысын тамак табууда абдан кыйналышат. Ошондуктан жай айларында кышка азык топтошот. Тыйын чычкандар кышында жей турган азыгын алдын ала топтоочу жандыктарга кирет. Бирок азык топтоодо өтө кылдат болушат. Мөмө-жемиштерди жана тапкан эттерин сакташпайт. Себеби бул азыктар бат эле чирип калып, тыйын чычкандар кышында ачка калышат. Ошондуктан тыйын чычкандар кышка бир гана жаңгак, фундук жана тобурчак сыяктуу чыдамкай жемиштерди чогултушат.

Тыйын чычкандарга туулганда эле бул маалыматтарды берип, аларды азыктандырган – Аллах. Бул жерде Аллахтын бир сыпатына күбө болобуз. Бул Аллахтын «ырыскы берүү», башкача айтканда, «жараткан бардык жандыктарына тамак-аш, азык берүү» сыпаты.
Кышка тамак-аш топтогон тыйын чычкандар ар кайсы жерге көмгөн жаңгактарын күчтүү жыт сезүүсү аркылуу табышат. 30 сантиметрлик кардын астына жашырылган жаңгактардын жытын да сезе алышат.
Тыйын чычкандар азыктарды баштыкчалары аркылуу уяларына алып барышат. Демейде азыктарды бир канча уяга чогултушат. Бирок көпчүлүгүнүн ордун кийин унутуп калышат. Анткен менен, мунун өзгөчө бир себеби бар. Аллах муну да атайын ушундай жаратат. Анткени тыйын чычкандар унутуп жердин астында калган жемиштер кийинчерээк бүчүр байлап, чоңоюп, кайрадан жаңы дарактарга айланат.

Мындан тышкары, тыйын чычкандардын көпчүлүк жандыктар сыяктуу, өз ара байланышуу ыкмалары бар. Мисалы, кызыл тыйын чычкандар душмандарын көргөндө куйруктарын кыймылдатып, корккон үндөрдү чыгарып баштайт. Байланыштан тышкары, тыйын чычкандар куйруктарын бийик бутактарда чуркаганда тең салмак үчүн да колдонушат. Куйруктарын колдонуп багытын өзгөртүшөт. Тыйын чычкандардын куйругу кеменин штурвалындай милдетти аткарат. Алардын муруттары да тең салмакка жардам берет. Муруту кесилген тыйын чычкандар тең салмагын сактай алышпайт. Мындан тышкары, муруттарын түнкүсүн айланадагы буюмдарды сезүү үчүн да колдонушат.
Балдар! Тыйын чычкандардын кээ бир түрлөрүнүн уча алаарын билчү белеңер? Австралияда жашаган жана бою 45 сантиметрден 90 сантиметрге чейин жеткен «учуучу тыйын чычкандардын» бардык түрлөрү дарактарда жашайт. Негизи чыныгы мааниде учушпайт. Бир дарактан экинчисине секиргенде узун аралыкты басып өтүшөт. Дарактардын арасында колканаттай учкан бул жандыктардын канаты жок, «канатчасы» бар.
Учуучу тыйын чычкандардын бир түрүнүн канатчасы алдыңкы буттарынан арткы буттарын көздөй созулуп, ичке болот жана кисть сыяктуу узун түктөрү бар. Кээ бир түрлөрүндө болсо канатча жүндүү териден турат. Ал алдыңкы буттун билегине чейин болот. Учуучу тыйын чычкан бир дарактан секиргенде, канатчасын колдонуп 30 метрдей аралыкка уча алат. Ал тургай, кээде токтобостон 6 жолку секирик менен 530 метр аралыкты басып өткөнү байкалган.
Көлөмү кичинекей жаныбарлар кыймылсыз турганда температурасы бат төмөндөп, тоңуп калуу коркунучуна туш болушат. Бул аларга өзгөчө уктап жатканда кооптуулукту пайда кылат. Бирок Аллах жандыктардын бардык түрлөрүнө сырткы катаал шарттардан коргоно турган ыкмаларды жараткан. Мисалы, тыйын чычкан сыяктуу жандыктар мехке окшогон куйругу менен денесин ороп, топтой тоголок болуп укташат. Тыйын чычкандардын куйругун пальтого салыштырсак болот. Суук абада уктаганда куйругу менен оронуп, тоңуп калуудан коргонушат.
Бул сүйкүмдүү жандыктарга Аллах керектүү бардык касиеттерди берип, аларды кантип колдоноорун да үйрөткөн. Алар болсо Аллахтын илхамын угуп, өмүрлөрүн кыйналбай өткөрүшөт.

СЫНСА ДА КАЙРА ЖАҢЫЛАНУУЧУ ТИШТЕР

Тыйын чычкандардын тиши адамдыкынан алда канча курч жана бекем. Ооздорунун алды жагында катуу буюмдарды кемирип сындыруучу курч тиштер, арткы узун көңдөйдө болсо азуулар жайгашкан. Биз бир жаңгакты чагуу (сындыруу) үчүн, абдан катуу ташты же темирден жасалган атайын шайманды колдонобуз. Бул кичинекей жандыктар болсо ооздорундагы курч тиштери менен оңой эле сындырып алышат.
Тыйын чычкандардын тиштери өмүр бою кантип сакталат же тиши сынган тыйын чычкандар кийин кантип курсагын тойгузат, фундук же жаңгакты кантип жейт деп ойлонуп көрдүңөр беле? Бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах алардын тишине өтө маанилүү бир касиет берген. Карагыла, азыр абдан таң каласыңар; анткени тыйын чычкандардын тиштери сынып талкаланса, ордуна ошол замат жаңысы чыгат. Сынган тиштер узарып, астынан жаңыланып турат. Аллах бул касиетти бир эле тыйын чычканга эмес, азыктарын кемирип жегенге мажбур болгон бардык жандыктарга берген.

САБИЗДИ СҮЙГӨН КОЁНДОР!


Үйлөрүбүздө багып, аппак түктөрүнөн сылаган жана сабизди кемирип жатканын ырахаттануу менен караган коёндорубуз жөнүндө да жаңы нерселерди билгиңер келеби? Бул сүйкүмдүү жаныбарлардын биз билбеген кандай кызыктуу өзгөчөлүктөрү бар болду экен:
Бир коёндун жанына жакындаганга аракет кылсаңыз, канчалык тез качаарын ошол замат түшүнөсүз. Бул сүйкүмдүү жандыктардын башын ылдый кылып оттоп жатканда да, узун кулактары менен душмандарын оңой эле сезе алаарын билчү белеңер? Угуу жөндөмү абдан күчтүү болгондуктан, байкатпастан жакындоо өтө кыйын. Болор-болбос бир добушту же кыймылды да сезип, болгон күчү менен качышат.
Коёндор чоңойгондо бойлору 50-70 сантиметрге жетет. Арткы буттары алдыңкы буттарынан узун жана күчтүү болот. Мындан улам саатына 60-70 км ылдамдыкта чуркай алышат жана бир жолуда 6 метрге чейин секире алышат. Коён шаардын ичинде бараткан машинадан да ылдамыраак чуркай алат.
Бардык коёндордо бул өзгөчөлүктөр тубаса бар. Аллах аларды күлүк кылып жаратып, душмандарынан оңой качуу жөндөмүн берген.

Силердин оюңарча, бир коёндон «эң жакшы көргөн тамагың кайсы?» деп сурасак, эмне деп жооп берет? Ооба, туура айтасыңар, «сабиз» дейт (сабиздин көздөрүбүзгө канчалык пайдалуу экенин да унутпайлы). Коёндордун жердин астында уя казып ошол уяда жашаарын, сабиздердин болсо ошого ылайык жердин астын көздөй өсөөрүн билчү белеңер? Ооба, силер да бул суроодон түшүнгөндөй, сабиз коёндордун азыктануу муктаждыгына эң ылайыктуу кылып жаратылган.
Аллах биз үчүн да бардык нерселерди колдонууга эң ыңгайлуу кылып жараткан. Кыш айларында ата-энеңер силерге көп жедирген апельсинди эстегиле. Эгер тилик тилик болбогондо, суулуу болгону үчүн аны жеш абдан кыйын болмок. Айлана-чөйрөңөрдөгүлөрдүн бүт баарын жараткан Аллах кышында ичиндеги С витамини аркылуу бизди оорулардан коргогон бул даамдуу мөмөнү атайын тиликтерге бөлүнгөн таңгак менен жараткан.
Кайрадан коёнго кайталы! Коён аны сүйкүмдүү кылып көрсөткөн жана тынымсыз өсүп турган алдыңкы тиштери менен сабизди эч кыйналбай кемире алат.
Аллах жандыктарга азыктануу муктаждыгынан тышкары, жашоолорун жеңилдете турган башка өзгөчөлүктөрдү да берген. Жер жүзүндө өзгөчөлүктөрү бири-биринен айырмаланган ар түрдүү коёндор бар. Мисалы, суук аймактарда жашаган коёндор көбүнчө ак түстө болушат. Бул аларга кардын үстүндө байкалбай, оңой жашынышы үчүн берилген маанилүү бир өзгөчөлүк. Башкаларга караганда чоңураак болгон жапайы коёндордун буттары менен кулактары да узунураак болот. Чөлдөрдө жашаган Америка коёнунун болсо кулактары чоң. Алар коёндун салкындашына көмөкчү болот.

Жаныбарлардын көпчүлүгү табиятта белгилүү бир аймакты ээлеп жашашат. Муну адамдардын өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө тиешелүү үйлөрдө жашашына окшоштурсак болот. Жаныбарлар жана жаныбар топтору көбүнчө башкалар жашаган аймактарга кирбегенге аракет кылышат. Жаныбарлар жашаган аймагына белги коюу үчүн «жыт калтыруу» ыкмасын колдонушат. Мисалы, жейрендер өздөрүнүн аймагындагы узун ичке бутактарга жана чөптөргө көздөрүнүн астындагы бездерден бөлүп чыгарылган, кара май сыяктуу жыттанган бир зат менен белги калтырышат. Бул жыттан башка жейрендер ал аймактын кожоюну бар экенин билишет. Бугулардын болсо арткы буттарынын учунда жыт бездери бар. Ал бездерден бөлүп чыгарылган жыт аймактарына белги коюуга жардам берет. Коёндор болсо жаактарындагы бездер аркылуу бир жыт бөлүп чыгарып, аймактарына белги коюшат.
Силер байкагандай, Аллах жаныбарларды абдан кызыктуу жана маанилүү өзгөчөлүктөр менен жараткан. Буларды окуганда Аллахтын кемчиликсиз жаратуу кудуретине болгон суктануубуз артат. Аллахтын баарыбыздын жаратуучубуз экенин билип, Раббибизге ар дайым шүгүр кылабыз. Балдар унутпагыла, Аллах Куранда адамдарга ар дайым Анын берген жакшылыктарын эстеп, шүгүр кылууну буйруган.
Али Имран Сүрөсүнүн бир аятында шүгүр кылгандарга сыйлык берээрин Аллах бизге төмөнкүчө кабар берген:

... Биз шүгүр кылгандарга абдан жакында сыйлык беребиз. (Али Имран Сүрөсү, 145)

Балдар! Демек, силер да ар дайым жакшылыктарды жана сулуулуктарды көргөнүңөрдө Аллахка шүгүр кылып, ыраазычылык билдирүүнү унутпагыла.



ИШЕНИМДҮҮ ДОСТОРУБУЗ: ИТТЕР


Иттер көп жаныбарларга караганда бир топ эстүү жана бир нерсени үйрөтүү бир топ оңой. Жакшы үйрөтүлгөндөрү кээде күзөтчү катары колдонулат. Күзөтчү ит өзүнөн 5-6 эсе чоң жандыкты токтото алат. Бирок, эң кызыгы, коркунуч учурунда кооптуу жырткычка айланган иттер кожоюндарына эч зыян тийгизишпейт. Кожоюну үчүн өз жанын коркунучка салышат жана кандай гана болбосун оор кырдаалда кожоюнун таштап кетишпейт.
Иттерди жакшы көрүшүбүздүн дагы бир себеби – бул алардын оюнкарактыгы. Ошондой эле, иттерди жибинен жетелеп сейилдөө да абдан ырахаттуу. Жүндөрү узун болсо жана сүйкүмдүү караса, ошол замат бирөөсүн алгыбыз келет.
Иттердин чоң-кичине, жүндүү-жүнсүз, ар кандай түстө жүздөгөн түрлөрү бар, бул Аллахтын жандыктарды эч нерсени үлгү албастан, теңдешсиз жана өрнөксүз жаратаарынын бир көрсөткүчү. Курандын аяттарында Раббибиздин өрнөксүз жаратаары төмөнкүчө айтылат:

Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жараткан... Ал бүт нерсени жараткан. Ал бүт нерсени билүүчү. Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 101-102)

Эми ойлонуп көргүлөчү, ушун күнгө чейин бир дагы итти көрбөгөн болсоңор жана силерге иттин сүрөтүн тарткыла деп айтылса, тарта алат белеңер? Албетте, тарта алмак эмессиңер. Бул нормалдуу нерсе. Силер эле эмес, эч ким тарта алмак эмес. Анткени адам табияттагы бир нерседен үлгү албастан эч нерсе жасай албайт.
Мисалы, учактар канаттуулардын учуу системаларына окшоштурулуп жасалат. Роботторду иштеп чыгууда адамдардын дене түзүлүшүнөн үлгү алынат. Ал эми Раббибиз болсо жер жүзүндөгү сансыз жандык түрлөрүн үлгүсүз жана теңдешсиз жараткан. Уюлдарда жашаган сүйкүмдүү пингвиндерди, токойлордун падышасы арстанды, дельфиндерди, көпөлөктөрдү, канаттууларды, аарыларды... Кыскасы, бүт жандыктарды Аллах жараткан.
Бүт жандыктарга белгилүү өзгөчөлүктөрдү тартуулаган Аллах иттерге да башка жандыктарга окшобогон физикалык өзгөчөлүктөрдү берген. Мисалы, иттердин тиштеринин саны биздикинен он даанага көп, толук 42 даана. Ошондуктан тамагын, өзгөчө сөөктөрдү оңой эле чайнап майдалай алышат. Ошондой эле, иттердин көзү башкача жаратылгандыктан, караңгыда адамдардан бир топ жакшы көрөт. Кыймылдап жаткан нерселерди бир топ алыстан байкай алышат. Мындан тышкары, иттер биз укпаган кээ бир үндөрдү уга алгандыктан, үндөрдү адамдарга караганда 4 эсе алыстан сезе алышат. Мисалы, иттерге буйрук берүүчү ит ышкырыгынын үнүн адамдар укпайт, бирок алар жакшы угушат.

Иттердин жыт сезүүсү да абдан күчтүү жаратылган. Мээлериндеги жыт сезүү борбору адамдардан 40 эсе жакшы өрчүгөн. Ошондуктан иттердин жыт сезүү жөндөмү адамдардан алда канча жогору.
Мындай жөндөмдөрүнөн улам иттер олжонун жытын сезип, из кууп, аңчылар аткан олжолорду бир канча километр алыстан да таап келишет. Полиция иттери кичинекей бир буюмдун жытынан ал буюмдун ээсин таба алышат. Мисалы, Сенбернар түрүндөгү иттер, чоң, жаактары салаңдап турган иттер бар го ошолор, мурду аябай сезгич болгондуктан, кардын астында калган жарадарларды оңой гана таап чыгышат. Иттердин бул укмуштуу сезүү органы өзүнчө бир керемет.
Иттер дем алуу үчүн мурундарын колдонушат. Аба мурундан өтүп баратканда тазаланып, жылытылып, нымдалат жана андан соң өпкөлөргө барат. Бул сүйкүмдүү жандыктар денелеринин жылуулугун жөнгө салуу үчүн адамдарга окшоп тердебейт, анткени денелеринде тер бездери жок. Денелеринин жылуулугун дем алуу системасы аркылуу жөнгө салышат. Иттердин жүндөрү болсо сырттан келген жылуулукту териге жеткирбейт. Абанын температурасы жогорулаганда, иттердин денеси да ысып баштайт, ашыкча жылуулукту иттер тилдерин салаңдатып сыртка чыгарышат. Ушул себептен күн ысыкта жүнү калың болгонуна карабастан тердешпейт. Аллах аларга ушунчалык кемчиликсиз бир система бергендиктен, адамдар жарым саат кыймылдаса эле тердеп баштаса, иттер канча саат тынбай чуркаса да тердебейт. Бул маалыматтарды билген соң, эми күн ысыкта тилдери салаңдаган иттерди көргөнүңөрдө, алар үчүн кайгыруунун кереги жок экенин да түшүндүңөр да, туурабы?


Силер да көргөн иттериңерди ойлосоңор, иттердин денесинин жумшак жана жалтырак экенин эстейсиңер. Алардын терисин жумшак жана жалтырак кылган – бул алардын терисинде жыш жайгашкан май бездери.
Мындан тышкары, иттердин денесинде бизде болбогон кээ бир өзгөчө системалар бар. Ал системалардан улам, басканда жерге тынымсыз сүрүлгөн буттары жаракат албайт, буттарынын асты тытылып кургабайт. Силер көргөндөй, Раббибиз бул жандыкка коргоо механизмин жаратып бардык көйгөйлөрүн чечкен. Раббибиз бүт баарын бири-бирине шайкеш кылып жаратат. Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, Аллах ар бир жандыкка муктаждыгына жараша өзгөчөлүктөрдү тартуулаган. Мындай мисалдар бизди ойлонууга жана Раббибиздин жаратуу чеберчилигин байкоого багыттайт.



КИЧИНЕКЕЙ АК КОЗУЛАР


Балким байкаган болушуңар керек, козулардын баары кичинекей, сүйкүмдүү жана боёо болушат. Жана ошолорго окшогон, бирок чоңураактары бар. Алар козулардын энелери, башкача айтканда, койлор. Козу менен энесинин бири-бирине абдан жакын болоорун билчү белеңер? Мындай жакындык кой козуну тойгузуп баштаганда пайда болот.
Кой козуну тууган соң, аны тили менен тазалап жатканда сезген даамы менен жытын эч качан унутпайт. Ошондуктан даамы менен жыты башкача болгон козуну эч качан жанына жолотпойт. Адам да төрөтканада башка бирөөнүн наристесин беришсе айырмалай албайт, кой болсо өзүнүн баласын толтура козунун арасынан жаңылбай таба алат. Бул таң калыштуу. Койдун баласын эстеп калууга көп убактысы болбойт, тууган учурда таанып калышы керек. Антпесе толтура койдун арасынан козусун эч качан таба албайт. Бирок мындай маселе чыкпайт. Себеби Аллах койго баласынын даамы менен жытын таанып калуу үчүн, аны тубаар замат жалашы керек экенин илхам кылган.
Жаан-чачында козулар жамгырдан коргонуу үчүн эмнени колдоноорун билчү белеңер? Терилерин!.. Козунун териси абдан жумшак жана майлуу катмардан тургандыктан, козуну суу болуудан коргойт. Ошентип жаан-чачында түктөрү тармал жана кургак бойдон сакталат.

Мындан тышкары, сүйкүмдүү козулардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул кепшөө. Силер кепшеп жаткан бир жаныбарды көрдүңөр беле? Көрбөгөн болсоңор түшүндүрүп берели. Чөп жечүү жаныбарлардын бир бөлүгү кепшөөчүлөргө кирет. Мындай жаныбарлардын 4 ашказаны бар. Жаныбар чөп жегенде ал алгач ашказанга барат, белгилүү убакыттан кийин кайрадан оозго келет. Жаныбар кайра чайнаган соң, башка ашказанга барат. Бул «кепшөө» деп аталат. Раббибиз кээ бир жаныбарларга сиңиши кыйын болгон азыктарды оңой сиңирүү үчүн ушундай өзгөчөлүк берген.
Койлор менен козулардын биз үчүн көптөгөн пайдалары бар. Бизге күн сайын сүт беришет. Сүттүн ичиндеги кальций сөөктөрүбүз менен тиштерибиз өрчүшү үчүн абдан керек. Сүттөн айран, сыр сыяктуу азыктар жасалат. Булар торт, пирог жана башка тамактарда колдонулат. Кыскасы, сүт эң көп колдонулган жана биз үчүн эң пайдалуу азыктардын бири. Мындан тышкары, койлордун жүнүнөн жасалган жиптерден кездемелер даярдалып, андан кийим тигилет. Жиптер көп тарапта колдонулуп, жашообузду абдан жеңилдетет. Аллах адамдарга түшүргөн ыйык китеп Куранда бул жаныбарлардын адамдарга болгон пайдалары төмөнкүчө баяндалган:

... Силерге жаныбарлардын терисинен көчкөнүңөрдө жана отурукташканыңарда кыйналбай ташыла турган үйлөрдү; жүндөрүнөн, тыбыттарынан жана түктөрүнөн белгилүү убакытка кийим-кечелерди, төшөктөрдү жана (соода үчүн) пайдаларды жаратты. (Нахл Сүрөсү, 80)

... Ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)

Чындап эле бул аяттарда айтылгандай, койлор менен козулардан көп пайдаларды алабыз. Аллахтын биз үчүн жараткан бул жакшылыктары үчүн көп шүгүр кылышыбыз керек.

ОПААЛУУ ЖОЛДОШТОРУБУЗ: АТТАР


Иттерден кийинки эң бекем досторубуздун аттар экенин билчү белеңер? Үй аттары кожоюндарын эч качан таштап кетишпейт.
Бул бекем досторубуздун 25тен ашуун түрү бар жана бизди чарчабастан канчалаган километр аралыкка жеткире алышат. Жылкы тарых бою адамга эң көп жардам берген жаныбар.
Азыркы заманда көчөлөрдө миңдеген машиналар жана алар үчүн жасалган жолдор бар. Бирок бул машиналардын адамдарга кызмат кылып баштаганына бир кылым гана болду. Силердин чоң атаңардын чоң атасы төрөлгөн жылдары эч ким машинанын эмне экенин билчү эмес. Ал кезде транспорт иштерин жаныбарлар, өзгөчө аттар аткарчу.
Аттардын жашынын кашка (маңдайкы) тиштеринин жешилишине карап билишээрин уккан белеңер? Аттар жеген чөп кум, чаң аралаш болгондуктан, бара бара тиштери жешилип баштайт. Бирок Аллах аттардын тишин абдан узун жараткан. Алардын тиши жаак сөөгүнүн абдан тереңине чейин кирип турат. Башкача айтканда, тиштеринин тамыры биздикине караганда абдан терең жайгашкан. Тиш жешилген сайын сөөктүн ичиндеги бөлүк сыртка чыга берет. Ал тургай, улгайган аттарда тиштердин тамыры тиштин этинин бетине келип калат. Ар бир тиш чайноо жөндөмүн жоготконго чейин 2,5-5 см жешилет. Ошол жешилүүнүн чоңдугуна жараша аттардын жашын болжолдоого болот. Ойлоп көрсөңөр, эгер Раббибиз жылкыларга мындай касиет бербегенде, бул жаныбарлар кыска убакытта тишсиз калып, ачкадан өлүшмөк.

Раббибиз аттын жүнүнө да абдан маанилүү бир касиет берген. Аттардын жүндөрү дененин жылуулугун жөнгө салуучу термостаттын милдетин аткарат. Денелери ар дайым 38 градус жылуулукта болушу керек. Бул температураны сактоо үчүн кышкы суукта аттардын жүндөрү узарып, ысык мезгилдерде болсо түшөт, ошентип дененин жылуулугу туруктуу сакталат.
Силерге кызыктуу дагы бир өзгөчөлүк: аттар туруп укташат! Анда уктап жатканда кантип кулап түшпөйт, билесиңерби? Анткени бут сөөктөрүнүн кулпулануу өзгөчөлүгү бар. Раббибиз берген бул өзгөчөлүктөн улам, аттар бир жагынан туруп уктай алышса, экинчи жагынан абдан оор жүктөрдү көтөрө алышат. Ал эми адамдар болсо отуруп уктаганда да, баштары бир жакка шылкыя берет.
Аттардын буттары бир гана оор жүктөрдү көтөргөнгө эмес, ылдам чуркаганга да ыңгайлуу жаратылган. Аттарда башка жаныбарлардагы сыяктуу акырек сөөгү жок. Бул алардын чоң кадам атташына шарт түзөт. Мындан тышкары, жылкылардын буттарында ылдамдаган сайын коротулган күчтү азайтуучу, кыймылдоо жөндөмүн болсо арттыруучу сөөк-булчуң механизми бар. Бул механизмдин иштөөсүн автомобильдердеги кыймыл берүү коробкасына салыштырсак болот. Машина ылдамдаган сайын чаркын чоңойтот, ошол сыяктуу аттар да ылдамдаган сайын кандайдыр бир мааниде чаркын чоңойтушат. Натыйжада түртүү үчүн коротулган күч азайып, чуркоо жөндөмү артат.


Аттардын денеси эмне үчүн өтө оор жүктөрдү көтөрүүгө жана абдан ылдам чуркоого ыңгайлаштырылган? Оор жүк көтөрүү жана ылдам чуркоо жөндөмү атка көп деле пайда алып келбейт. Анда эмне үчүн аттарга бул жөндөмдөр берилген?
Мунун жообу абдан жөнөкөй. Аттарга бул жөндөмдөр өздөрү үчүн эмес, адамдарга пайдалуу болушу үчүн берилген. Башкача айтканда, Аллах аттарды адамдарга кызмат кылышы үчүн ушундай жөндөмдөр менен жараткан. Раббибиз жаныбарларды адамдар үчүн жаратканын Курандын аяттарында төмөнкүчө кабар берген:

Ал айбанаттарды (жаныбарларды) жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер. (Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар. (Айбандар) силердин жүгүңөрдү зор машакат менен гана жете ала турган шаарларга ташып берет. Чындыгында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү. Ал силер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук (катары) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Жана силер билбеген нерселерди да жаратат. (Нахл Сүрөсү, 5-8)

ПИЖАМАЛУУ АТТАР: ЗЕБРАЛАР


Бир караганда атка окшошуп кеткен зебраларды «пижама кийген» сүйкүмдүү аттар деп атасак да болот. Зебралардын да аттар сыяктуу жал деп аталган чачтары бар, дене түзүлүшү да аттарга окшош жаратылган жана аттардай ылдам чуркашат.
Бирок көрүнүшү жагынан экөөнүн ортосунда бир айырма бар. Силер да болжогондой, бул зебранын башынан тырмактарына чейин бүт денесин каптаган, тегиз тилкелер. Бир тилке да деп койбогула, анткени бул тилкелер ар зебрада ар башка болот. Манжалардын издери ар бир адамда ар түрдүү болгондой эле, зебралардын үстүндөгү сызыктар да ар биринде ар башка. Зебранын сызыктары анын паспорту сыяктуу. Зебралардын тигинен жайгашкан сызыктары коргонууга да чоң салым кошот. Топ болуп турушканда бул сызыктардан улам үйүр аңчылык кылган жолборс жана арстандарга бир бүтүндөй көрүнөт. Ошондуктан аңчыга зебра тандоо кыйын болот, бул болсо зебраларды коргойт.
Зебралардын жашоосунда эки негизги нерсе бар: суу жана от (чөп)...

Кээ бир күндөрү от жана суу табуу үчүн үйүрү менен 50 км жол жүрүшөт. Бирок кечинде кайра жашаган жерине кайтып келишет. Анткени жогоруда башка жаныбарлар жөнүндө да айтылгандай, ар бир үйүр белгилүү бир аймакты ээлеп, ошол жерде жашайт.
Зебралардын эң жактырган нерсесинин чаң-мончосу экенин билчү белеңер? Ооба, абдан кызыктуу, бирок бул чындык. Зебраларга чаң мончосу абдан жагат. Себеби чаң мончосу алардын үстүндөгү мите курттарды тазалайт. Зебралардын, мындан тышкары, жанында жандап, тазаланышына жардам берген коноктору да бар. Буйвол чыйырчыгы (Oxpecker) деп аталган канаттуулар зебралардын үстүнө конуп, зебралардын ооруга чалдыгышына жана тырманышына себеп болгон мите курттарды бир-бирден терип жешет. Силер көргөндөй, бардык жандыктардын жашоосун жөнгө салып, башкарган жана бири-бирине көмөкчү кылган Раббибиз жаныбарлар ааламында буларды бири-бирине жардамчы кылып дайындаган.

Кичинекей зебралар туулгандан жарым сааттан кийин титиреп болсо да туруп басып башташат. Ошол замат энелерине жакындап алардын сүтүн эмишет. Сүт алар үчүн абдан пайдалуу. Аллах тарабынан атайын алар үчүн жаратылган кызгылт түстөгү сүт аларды туулгандан баштап оорулардан коргойт. Ошондой эле, ичегилерин иштетет...
Аллах тарабынан корголгон бардык жандыктар сыяктуу, зебралар да аларга үйрөтүлгөн коргонуу системаларын колдонуп жашашат. Бул системалардын биринчиси, Аллах аларга табиятынан тартуу кылган көрүү, угуу жана жыт сезүү органдарынын күчтүүлүгү. Бул органдарынын күчтүү болушу зебралардын душмандарын оңой байкап, качышына жардам берет. Чуркаганда абдан чоң ылдамдыкка жетишет. Экинчиси, үйүр уктаганда бир же эки зебра коркунучту алдын-ала үйүрдөгүлөргө кабар берүү үчүн күзөттө турушат.
Көрдүңөрбү, зебралар да адамдарга окшош коргонуу тактикаларын колдонушат. Бул жаныбарлардын үйүр түрүндө топ-топ болуп жашашы жана өз ара иштерди бөлүшүшү абдан кызык. Апачык көрүнүп тургандай, муну аларга буйруган, зебраларды жаратып, үйүрлөргө топтогон жана аларга азык берген – Аллах. Эгер мындай болбогондо, зебралардын уйкудан баш тартышын жана түнү бою күзөтчүлүк кылган зебранын эмне үчүн өз жанын кыйнап мындай кадамга бараарын эч ким түшүндүрө алмак эмес.

Ал эми бул дүйнөгө жаңы келген кичинекей зебра үчүн Аллах үйрөткөн коргонуу тактикасы алда канча оңой. Ал болгону энесинин жанында болушу керек. Анткени жаңы туулган зебра тымызын душмандарын көрө албайт, көрсө да титиреген буттары менен алардан кача албайт. Ошондуктан Аллах ага туулгандан чоңойгонго чейин энесинин жанынан алыстабашы керек экенин илхам кылган. Антпесе, зебранын кодиги (баласы) туулаар замат аны душмандарынын күтүп турганын, алардан коргонуу үчүн энесинин жанында болушу керек экенин кайдан билмек?
Көпчүлүк зебралар жашынуу мүмкүнчүлүгү болбогон ачык жайлоолордо жашашат. Ошондуктан аман калуу үчүн өтө ылдам кыймылдоолору зарыл. Зебралардын бардык дене түзүлүшү буга ыңгайлуу жаратылган. Мисалы, буттары абдан узун, булчуңдары күчтүү жана өпкөлөрү чоң. Ошондуктан чарчабастан, ылдамдыгын азайтпастан абдан узун аралыкка чуркай алышат. Зебралардын сөөктөрү да ичке болгону менен абдан күчтүү.
Мындан тышкары, зебралар бат бат суу ичип турууга муктаж. Суу жок аймактарда болсо жыт сезүү органын колдонуп, чуңкур каза турган жерди табышат да, ошол жерден таза суу чыгарышат. Кандайдыр бир коркунуч пайда болгондо, чоң зебралар үйүрдөгү кодиктерди коргоо үчүн аларды үйүрдүн ортосун көздөй түртүшөт. Зебра үйүрү чуркап баратканда кодиктер ар дайым топтун ич тарабында болушат жана жакшыраак коргонуу үчүн энелерине жакын чуркашат.

ТЕМГИЛДҮҮ МУНАРА: ЖИРАФ


Бою 5-6 метрге жеткен жирафтарды темгилүү бир мунарага окшотууга болот. Жирафтардын эң узун жери – бул моюну. Моюнунун узун болушу дарактардын эң үстүңкү бутактарына чейин жетип, анын бүчүр жана жалбырактарын жегенге мүмкүнчүлүк берет. Жирафтар бул тикендүү бутактарды эч чайнабастан жутат да, ал төрт бөлүктөн турган ашказанына барат. Андан соң аны сиңирүү үчүн кайра оозуна жиберип, чайнашат. Эң аягында кайра жутуп, ашказанынын башка бөлүгүнө жиберишет.
Бирок бул жерде абдан кызыктуу бир жагдай бар. Жогоруда айтылгандай, жирафтар ашказанындагы тикендүү бутактарды чайноо үчүн кайра оозуна жиберишет. Бирок бул абдан узун саякат. Азык ашказандан оозго келиши үчүн темгилдүүнүн болжол менен 3-4 метр болгон мойнунан жогору көздөй чыгышы керек. Силер да болжогондой, азык өзүнөн-өзү ал жакка чыга албайт. Андай болсо жирафтар муну кантип жасашат деген кызыгуу пайда болдубу? Анда айтып берели. Жирафтарда азыктарды кекиртектен жогору көздөй чыгара турган лифт сыяктуу бир система бар. Албетте, жирафтар «жегендерибизди сиңирүү үчүн кайра оозубузга жиберишибиз керек, ал үчүн лифт сыяктуу бир система жасашыбыз зарыл» деп ойлоно алышпайт.
Ошондой эле, бул система эч качан кокусунан пайда болбойт. Бир адам «көп жыл мурун курулуш жасоо үчүн керектүү материалдарды ээн талаага коюп койгом, барып карасам ал жерде чоң имарат турат, сыягы ал имарат жамгырдын, кардын жана күндүн нурунун таасиринен пайда болуп калган окшойт» десе, ал кишиге абдан күлөт болушуңар керек. Ал тургай, балким акылынан ажырап калган го деп ага бооруңар ооруйт. Жирафтын лифтке окшогон системалуу моюнун «кокусунан пайда болгон» деп айтуу да ушуну менен бирдей. Мындай система кокусунан пайда боло албайт.

Болгондо да, жираф таш, топурак жана кирпичтен турган жансыз бир имарат эмес. Ал чуркаган, курсагы ачкан, бала тууган бир жандык. Ушундай жандык кокусунан пайда болуп, анын узун моюну менен ичиндеги системалары кокусунан жасалып калышы мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес...
Жирафка керектүү нерселердин баарын Аллах табиятынан берген. Аллах жирафтын оозун жана ашказан түзүлүшүн ийнелүү жана тикендүү бадалдарды оңой жей алышы үчүн атайын ошондой жараткан.
Моюн түзүлүшү сыяктуу, жирафтардын уктоо ыкмасын да Аллах максатка ылайык жараткан. Жирафтар моюнун денесинин арткы тарабынын жанына созуп укташат. Бир канча мүнөттөн тышкары бүт уйкусун ушундай абалда өткөрүшөт. Мындан тышкары, жирафтар эч качан бир убакта укташпайт, сөзсүз араларынан бирөө күзөттө турат. Күзөтчүнүн уйкудан калып күзөттө турушу жана жирафтардын бири-бирин түшүнүп, кимдин күзөттө тураарын биргелешип чече алышы бизге бардык жандыктар сыяктуу жирафтардын да Аллахтын башкаруусунда экенин көрсөтөт.
Эми темгилдүүлөрдүн тамак жешин коюп, бир аз бул сүйкүмдүү жандыктардын суу ичүүсү жөнүндө сөз кылалы. Жирафтардын бир канча метр ийилип кантип эч кыйналбай суу иче алаарын окуганда, мунун силерге жагаарынан эч күмөнүбүз жок. Муну көп адамдар билбейт же билсе да ал жөнүндө ойлонуу акылына келген эмес. Бирок бүт баарын жараткан Раббибиз биздин ой жүгүртүшүбүздү каалайт.
Алгач бир нерсени айта кетели, бул узун темгилдүү мунаралар суу ичип жатканда маанилүү бир көйгөй пайда болот.
Бул көйгөйдү түшүнүшүңөр үчүн бир аз адамдарга токтололу. Силер билгендей, бир адам башын ылдый кылып турганда же буттарын асманга көтөрүп турганда, жүзү кыпкызыл болуп чыгат. Анткени жердин тартылуу күчүнүн таасири менен адамдын башына бир топ кан чогулат. Ошентип кан баштын ичиндеги тамырларга басым жасайт жана ал «кан басымы» деп аталат.
Мына ушундай кан басымы жирафтар суу ичип жатканда да пайда болот. Бирок бул жерде бир чоң көйгөй бар. Жирафтардын бою 5-6 метр болгондуктан, мындай бийиктиктен башка куюлган кандын басымы да өтө жогору болот. Мындай кан басымы бир адамга жасалса, ал ошол замат мээси жарылып өлөт.

Анда жирафтар суу ичип жатканда кантип мээсиндеги кан тамырлары жарылбайт? Себеби космосту, асманды, жерди жана жерде жашаган бардык жандыктарды жараткан Аллах жирафтардын башынын ичине бир өзгөчө механизмди жайгаштырган. Жирафтардын башындагы тамырлардын ичинде клапандар (капкакчалар) бар. Ошол клапандар жирафтын башынын бийиктиги өзгөрөөр замат ишке кирип, кандын жирафтын башына басым жасашына бөгөт койот. Ошентип жираф эч кыйналбай суу иче алат.
Балдар, жирафтардын эмне үчүн темгилдүү экенин ойлондуңар беле? Бул кооз көрүнүш негизи аларды коргойт. Жашаган чөйрөсүнүн түсүнө окшош болгону үчүн, душмандарынын аларды байкашы кыйын болот. Абдан чоң болгонуна карабастан, бирден бир душманы болгон токойлордун падышасы арстандан ушинтип коргонушат.
Мындан тышкары, жирафтар коркунуч учурунда чуркап, 55-60 км ылдамдыкка жете алышат. Чуркаганда баштарын насостой алдыга-артка чайпап, куйруктарын айландырышат. Ошондой эле, чуркаганда башка жаныбарлардай буттарын кайчылаш ташташат. Алгач алдыңкы жана арткы сол буттарын, андан соң алдыңкы жана арткы оң буттарын шилтеп чуркашат. Арстандар ошондуктан жирафка оңойчулук менен жете алышпайт.
Бирок жирафтардын балдары үчүн абал оорураак. Алар толук жетиле элек буттары менен энелериндей ылдам чуркай алышпайт. Ошондуктан арстандар аларга оңой эле жете алышат. Бирок башында да айтылгандай, бул сүйкүмдүү, кичинекей жандыктар энелеринин жанынан эч алыстабайт. Энелери болсо аларды коргоо үчүн өлтүрө тебе алган узун буттарын пайдаланышат. Бул жерде бир саамга ойлонолу. Жираф аттуу жандык түпкүрүндө бир айбан. Айбандардын акылы, мээси жок. Адамдыкындай сезимдери да жок. Кандайдыр бир коркунуч болгондо апаңардын силерди коргошу табигый көрүнүш, силерди жакшы көргөнү үчүн ар дайым коргошот. Бирок адамдыкындай сезимдери, акылы жана абийир түшүнүгү болбогон жирафтардын коркунуч учурунда баласын коргошу абдан таң калыштуу. Аллах аларга илхам кылганы үчүн, жирафтар жана башка бардык айбандар өз балдарын коргошот. Аллах чексиз боорукер жана мээримдүү.
Баарыбыздын жаратуучубуз Раббибиз Аллах жараткан жандыктарына болгон теңдешсиз боорукердигин жана мээримин Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берген:

... Чындыгында, Раббиң боорукер жана ырайымдуу. (Нахл Сүрөсү, 47)

АЛП ПИЛДЕР


Кургактыкта жашаган жаныбарлардын эң чоңу болгон пилдердин Африка жана Азия пили деген эки түрү бар. Африка пилдери башкаларына караганда чоңураак болот. Бою 3,5 метрге, салмагы 6 тоннага жетет. Желдеткичтей болгон кулактарынын узундугу 2 метр, туурасы болсо 1,5 метрди түзөт. Бою 3,5 метр болгон бул алп жаныбарларды үйүбүзгө киргизип, ит же мышыктай кылып бага албайбыз.
Пилдердин башка жаныбарлардан эң чоң айырмасы – бул тумшугу. Шлангга окшогон бул узун тумшуктун ичинде 50 миң булчуң бар. Ооба туура эмес уккан жоксуңар, «50 миң» булчуң... Мурун тешиктери тумшуктун учунда жайгашкан. Пилдер тумшугун азыктарды жана сууну оозуна жеткирүү, буюмдарды көтөрүү жана ошондой эле жыттоо үчүн колдонушат. Пилдин тумшугуна суу ичүү же сууну денесинин үстүнө чачуу үчүн 4 литр суу батат.
Пилдер чоң буюмдарды көтөрө алган тумшуктары менен кичинекей буурчактын уругун үзүп, оозу менен жарып ичин жей алышат. Алардын алп денеси менен ушундай кылдат кыймыл-аракеттерди жасай алышы чындыгында таң калтырбай койбойт. Пил тумшугу бир эле учурда узун манжанын, сурнайдын жана үн күчөткүчтүн кызматын аткара алат.
Мындан тышкары, пилдер тумшугун жуунуу үчүн сууну, топурак менен жуунуу үчүн топуракты чачуу үчүн да колдонушат. Бирок балдары жаңы туулганда тумшуктарын жакшы колдоно алышпайт. Ал тургай, кээде тумшугун тебелеп алып кулашат. Адамдарга бул көрүнүш абдан күлкүмүштүү жана сүйкүмдүү көрүнөт. Бирок пилдердин балдарына тумшугун тебелеп алып кулаган жагат деп айтууга болбойт. Эне пил 12 жыл бою баласын жанынан эч алыстатпайт. Алты ай бою эч эринбей, тажабай баласына тумшугун колдонгонду үйрөтөт.
Пилдин оозунун эки бурчунда эки учтуу узун тиши бар. Ал тиштер коргонууга жардам берет. Ошондой эле, пилдер ал тиштердин бирин жерди оюп, суу табууда колдонушат.

Бул жаныбарлар булалуу өсүмдүктөрдү чайнагандыктан, тиштери бат жешилет. Ошондуктан Раббибиз аларга өтө маанилүү бир касиет берген. Тиштер жешилген сайын ордуна кезектеги тиштердин жаңысы чыга берет.
Бой жеткен бир пилге азык катары бир күндө болжол менен 330 кг өсүмдүк керек. Бул алты боо чөпкө барабар. Пилдер 24 саатынын болжол менен 16 саатын чөп жегенге коротууга мажбур.
Эми силерге пилдер жөнүндө дагы бир кызыктуу маалымат берели. Силер бул калың терилүү, алп жаныбар кантип салкындайт деп ойлонуп көрдүңөр беле? Негизи силер да болжогондой, пилдер териси калың болгондуктан тердебейт, ошондуктан айланасындагы суу же ылай көлмөлөр менен салкындаганга аракет кылышат. Албетте, пилдер салкындоо үчүн башка ыкмаларды да колдонушат. Мисалы, денесин муздатуу үчүн кулактарын желдеткич катары пайдаланышат. Ошондой эле, кулактарын кыймылдатканда андагы ичке кан тамырлар да муздап, дененин салкындашына жардам берет.

Пилдердин дагы бир өзгөчөлүгү болсо чоң жаныбарлардын аңчыларын жана зоологдорду көпкө таң калтырган. Бул өзгөчөлүк пилдердин курсагынын курулдашы. Пилдердин курсагынын курулдаган үнү абдан катуу чыгат. Бирок адамдарды таң калтырганы – пилдердин курсагынан чыккан үндөрдүн бийиктиги эмес, пилдердин ал үндөрдү башкара алышы. Негизи пилдердин чыгарган бул үндөрүнүн тамак сиңирүү менен эч кандай байланышы жок. Пилдер курдаштарынын кайда экенин билүү үчүн ушундай добуштарды чыгарышат. Бирок, эң кызыгы, кандайдыр бир коркунуч болгондо пилдер ошол замат жымжырт болуп калышат. Коркунуч өткөн соң, үндөр кайрадан башталат. Ошентип пилдер 4 км аралыктан да бири-бири менен байланыша алышат.
Пилдердин жер которуусу да илимпоздорду таң калтырат. Кулагы чоң, алп денелүү бул жаныбарлар кургак мезгилдерде жер которушат жана ар дайым бир жолдон жүрүшөт. Мындан да кызыгы, көчүп баратканда жолдо жаткан дарактардын бутактары сыяктуу таштандыларды да тазалашат.
Пилдер кеңири аймакты ээлеп жашаган жаныбарлар болгондуктан, бири-бири менен күчтүү «байланыш» болушу шарт. Мындай байланышты бир гана күчтүү жыт сезүү органы менен түзүүгө болбойт. Мындан тышкары, Аллах пилдин маңдайына адамдар уга албай турган кырылдаган добуш чыгаруучу бир орган жараткан. Бул орган аркылуу пилдер башка жандыктар түшүнө албай турган жашыруун жана сырдуу бир тилди колдонуп бири-бири менен сүйлөшүшөт. Пилдердин чыгарган бул кырылдак үндөрү абдан алыс аралыкка жетет. Ошондуктан мындай өзгөчө добуштар алыс аралыктан сүйлөшүү үчүн идеалдуу.

МҮЙҮЗҮ МЕНЕН АТАКТУУ БУГУЛАР


Мүйүздүү бир жаныбарды кармап көрдүңөр беле? Эгер кармап көрсөңөр абдан таң калмаксыңар. Анткени жаныбардын жүндүү жумшак терисинин ичинен чыккан мүйүздөр абдан катуу. Мүйүздү бир аз тырмагыңарга окшотсоңор болот. Колубуздагы жумшак териден абдан катуу тырмактардын чыгышы жана тырмактардын жарашыктуу өсүшү баарыңарды таң калтырат болушу керек. Жаныбарлардын мүйүздөрү да тырмактардай өсүп узарат, бирок алар бир топ жоон, катуу жана чоң болот.
Бугулардын бир түрүнөн тышкары, калгандарынын бир гана эркектеринде мүйүз болот. Жупталуу мезгилинен соң, мүйүздөр түшүп жаңыланат. Эски мүйүз түшөөр замат, жаңылары өсүп баштайт.

Мүйүздөр өсүп жатканда, бархат сымал жука тери катмары менен оролот. Толук өскөндө кан тамырлар үзүлүп, тери кан менен азыктана албай калат жана жаныбар мүйүздөрүн сүргүлөп терини кетирет да, сөөктөр сыртка чыгат. Бугулар 6 жашка чыкканда мүйүздөрү толук жетилет. Андан соң бузулуп баштайт. Мүйүздөрдүн узундугу жана формасы, бутактарынын саны ар биринде ар кандай болот.
Балким оюңарга «бугулардын эмне үчүн мүйүзү бар?» деген суроо келгендир. Мүйүз бугунун негизги куралы. Аны колдонуп өзүн душмандарынан коргойт. Ал тургай, кээде мүйүзүн көрсөтсө эле маңдайындагы душманы качып жөнөйт.
Кызыл бугулардын эркеги жыт безинен чыккан бир затты жашаган аймагынын бүт тарабына сүрүп, чек ара чийет. Ал аймакта ургаачылардан турган бир үйүрдү түзөт. Үйүрүн мүйүзү менен душмандарынан коргойт. Эгер аймакка башка бир жаныбар кирсе, аны күркүрөгөн үнү менен же мүйүзү менен салгылашып, аймагынан кетирүүгө аракет кылат.
Аллах бул жаныбарлардын баштарына мүйүздөрдү жаратып, ал аркылуу душмандарынан өздөрүн жана үйүрлөрүн коргоо мүмкүнчүлүгүн берген. Аллах аларга мындай күчтүү мүйүздөрдү бербегенде, алар душмандарынан коргоосуз жана чарасыз абалда калмак. Эркек бугулар ургаачыларып коргоп, үйүр түзө алмак эмес. Жырткыч жаныбарларга каршы колдоноор куралы болмок эмес.


Балким дүйнөдөгү эч бир адамдын акылына «кээ бир жаныбарлардын башынан сөөктөй катуу бир зат чыгып, ал зат бутактап, жаныбарларды душмандарынан коргогондо кандай сонун болмок» деген ой келмек эмес. Келсе да эч нерсе кыла алышмак эмес. Анткен менен, бардык жандыктарды эң кооз келбетте жараткан жана алардын бардык муктаждыктарын билген Аллах бугуларга жана дагы канчалаган жаныбарларга өздөрүнө ыңгайлуу коргонуу системаларын тартуулаган.
Куранда адамдарга бул акыйкатты Аллах төмөнкүчө эске салат:

Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин кожоюндугу (мүлк жана башкаруусу) кимдин колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт (коргоого муктаж эмес).» (Мүминун Сүрөсү, 88)

Бүт жандыктардын коргоочусу бир гана Аллах.

... Сени Раббиң бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Саба Сүрөсү, 21)

... Аллах баарынан жогору коргоочу. (Ниса Сүрөсү, 85)


БАШТЫКЧАН КЕНГУРУЛАР


«Жаныбардын кантип баштыгы болсун?» деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок чындап эле кенгурунун курсагында баласын азыктандырып, коргоп, чоңойто турган бир баштыгы бар.
Баштыктын ичинен башын чыгарып алган кенгурунун баласы өтө сүйкүмдүү көрүнүп, адамдын мээримин ойготот. Кенгурунун баласы ал чөнтөккө 1 см кезинде, башкача айтканда, эч бир органы жетиле электе энесинин жатынын таштап, 3 мүнөттүк саякаттын натыйжасында жетет.
Энесинин баштыкчасынын ичинде төрт түрдүү желин (эмчек) болот. Алардын бирөөсүндө курамы жана жылуулугу жагынан атайын ал үчүн даярдалган бир сүт бар. Калган үч желинде болсо жаңы туулган бала үчүн эмес, жашы чоңураак бала үчүн даярдалган сүт жайгашат. Кенгурунун баласы бир канча жумадан соң биринчи эмген желинин таштап, жашына ылайыктуу желинди эмип баштайт. Дагы бир аз чоңойгондо кийинкисине өтөт.
Балдар, бул жерде өзүңөргө өзүңөр мындай суроолорду беришиңер керек: эң биринчиден, бою 1 см болгон кенгурунун баласы төрт желиндин кайсынысын тандаарын кайдан билет? Эне кенгуру төрт желининин ар бирине ушундай түрдүү түрдүү сүттөрдү кантип жайгаштырган? Болгондо да, жаңы туулган баланын эмген сүтү башка желиндерден келген сүттөргө караганда жылуураак болот. Курамындагы азыктар да башкачараак. Эне кенгуру желиндин ичиндеги сүттү кантип жылытат? Балага керектүү азыктарды сүттүн ичине кантип кошот?

Эч качан унутпагыла, булардын эч бирин эне кенгуру жасабайт. Эне кенгуру баштыгынын ичиндеги сүттөрдүн ар түрдүү экенин да билбейт. Желиндеринин ичиндеги сүттүн температурасын өлчөй албайт. Өз алдынча сүттөрдүн курамын эч өзгөртө албайт. Ал кайсы сүттүн ичинде кандай азык бар экенин да эч качан биле албайт. Ал болгону Аллахтын буйругуна баш ийип жашаган бир кенгуру. Баласынын муктаждыктарын да Аллах жараткан. Чексиз боорукер жана мээримдүү Раббибиз эң ылайыктуу курамдагы сүттөрдү кенгурунун балдары үчүн эң ыңгайлуу жерге, башкача айтканда, энелеринин курсагына жайгаштырган.
Кенгурунун баласы 6,5 айын баштыгынан эч чыкпастан өткөрөт. Андан соң болжол менен 8 айды бирде баштыгынын ичинде, бирде сыртта жүрүп өткөргөн соң, биротоло сыртта жашап баштайт.
Ал ортодо биринчи бала чөнтөктөн чыга электе, жанына тырмышып жаңы бир тууганы келет. Экөө бир баштыкта, бири-бирине эч зыяны тийбестен көпкө чогуу жашашат. Ар бири өзүнүн жашына ылайыктуу азыктардан турган сүттү эмет. Бир туугандар өзүнө керектүү желиндин кайсынысы экенин кайдан билет?
Бул суроонун жообу айдан ачык: Аллахтын илхамы менен, Аллахтын жол көрсөтүүсү менен.
Кенгурулардын көлөмү да чоң: тулку бою 1,5 метр, куйругу болсо 1 метр. Кенгуру үй-бүлөсү арткы буту чоң болгондуктан, 8 метр аралыкты бир заматта басып өтө алат. Бат чуркаганда тең салмагын өтө күчтүү жана алп куйругу менен сактайт. Кандай деп ойлойсуңар, алардын буттары кокусунан ушундай чоң болуп калганбы? Же «катуу секирүү үчүн арткы бутум чоң болушу керек» деп эне кенгуру эсептеп чыкканбы?
Албетте, бул жооптордун эч бири туура эмес. Эч нерсе кокусунан пайда болгон эмес. Бүт баарын жандыктардын муктаждыгына ылайыктап жараткан Аллах кенгуруну да башка жандыктардай эч бир кемчиликсиз жараткан.

УЙКУЧУ КОАЛАЛАР


Коала дегенде оюңарга эвкалипт аттуу дарактын бооруна колдору жана буттары менен тырмышкан, боз түстөгү, сүйкүмдүү бир жаныбар келет. Чындап эле коалалардын бул көрүнүшү абдан сүйкүмдүү. Баса, коалаларды эмне үчүн уйкучу деп атаганыбызга кызыгып жатсаңар керек. Дароо айталы, коалалар бир күндө 18 саат укташат!
Коалалардын колдору менен буттары өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эвкалипт дарагынын үстүндө өткөрүшүнө ыңгайлуу жаратылган.
Коала узун ийилген колдору, курч тырмактары жана даракка бекем жабышкан чеңгелдеринин жардамы менен жоон дарактарга абдан тез чыга алат. Алардын алдыңкы буттарынын биринчи эки манжасы калган үчөөнөн бөлүнүп турат. Биздин колубузга салыштырсак, эки даана баш бармагы бар деп айтууга болот. Арткы буттардагы баш бармактар да калгандарынан бөлүнүп турат жана калган төрт манжа сыяктуу чеңгели курч эмес. Башка манжалардан айырмаланып турган бул баш бармактар майда бутактарды кармаганга ыңгайлуу. Коалалардын чеңгелдери дарактын жумшак жана жылма бооруна илгичтей илинет. Төрт буту менен тең, биз бир таякты кармагандай, дарактын бутактарын кармай алат жана дарактын бутактарына тырмышып чыга алат. Коаланын дарактын үстүндө жашашына мына ушул өзгөчөлүгү шарт түзөт.

Коалалар жалкоо деп эсептелгени менен, дарактын үстүндө бат кыймылдай алат жана, ал тургай, бир бутактан экинчисине бир метрдей аралыкка секире алат. Ургаачы коала эки жылда бир, жалгыз бала тууйт жана аны кенгуруга окшоп баштыгында чоңойтот. Коаланын баласы биринчи айларда энесинин баштыгынан чыкпайт, андан соң 1 жашына чейин энесинин жонунда жашайт. Албетте, энеси эвкалипт дарагынын үстүндө болот. Коалалардын бул дарактын үстүндө жашашынын себеби – анын жалбырактарын жеп азыктанышы. Ушул себептен коалалар бир гана материкте, эвкалипт дарагы жыш өскөн Австралия материгинде гана кездешет.
Австралияда эвкалипт дарагынын 600дөн ашуун түрү болгону менен, коалалар алардын 35тей түрүн гана колдонушат. Эвкалипт дарагы коала үчүн бир гана башпаана эмес, ошол эле учурда негизги азык булагы. Ал тургай, эвкалипт жалбырактары коаланын бирден бир азыгы десек жаңылыштык болбойт.

Коалалардын көптөгөн түрлөрү бар. Алардын ар бири ар кайсы эвкалипт жалбырагы менен азыктанат. Эгер бир коаланы башка жерге алып барсаңар, жаныңарда ал жеген эвкалипт жалбырагы да болушу керек. Жалбырактардын даамынан тышкары, бул жаныбарлардын эвкалипт дарагынан жерге өтө аз түшүшүнүн бир себеби – жерде басканда абдан кыйналышы.
Биз билген жалбыз (мята) эвкалипт дарагынан жасалат. Жалбырагында өзгөчө химиялык заттар бар. Ал заттар коаладан башка бардык жаныбарлар үчүн уулуу жана кооптуу. Башкаларды ууландырган бул жалбырактарды коала жутаардан мурда тиштери менен майдалайт. Жалбырактагы зыяндуу зат коаланын денесинде, боордо тазаланып, сыртка чыгарылат. Башка жандыктар үчүн уулуу болгон бул азык, Аллахтын каалоосу менен, коалага эч зыян тийгизбейт. Ошондуктан коала күн сайын болжол менен 1 кг уулуу жалбыракты эч көйгөйсүз жей алат. Мындан тышкары, коалалар өздөрүнө керектүү суунун көпчүлүк бөлүгүн эвкалипт жалбырактарынан алышат. Жылдын белгилүү мезгилдеринде эвкалипт жалбырактарынын үчтөн эки бөлүгү суудан турат. Ошондуктан коала бир канча ай бою эч суу ичпестен, бир гана жалбырактарды жеп жашай алат. Эвкалипт дарактарынын учтары абдан шамалдуу болот. Ушул себептен коалалар үшүбөшү үчүн жүндөрү абдан калың.
Бир уулуу өсүмдүк менен бир жаныбардын ортосундагы бул шайкештик бизге коалалар менен эвкалипттердин бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөтөт. Бүт баарын кемчиликсиз жараткан бул Жаратуучу – эч күмөнсүз, бардык ааламдардын Рабби Аллах.