3 Aralık 2019 Salı

ЖАШЫЛ БАШТУУ ӨРДӨКТӨР


«Майпаңдап басуу» дегенде оюңарга биринчи эмне келет? Көбүнчө адамдар майпаңдап басып, энелерин ээрчиген өрдөктөрдүн жөжөлөрүн эстешет.
Өрдөктөр тамактанууда эки ыкманы колдонушат: кээ бирлери сүзүп баратып сууга терең чумкубастан курт-кумурска жана өсүмдүктөрдү жешет. Аларды башы менен денелеринин алдыңкы бөлүгүн сууга малып, куйруктарын көтөргөн абалда тамак издеп жатканын көрөсүңөр. Өрдөктөрдүн кээ бир түрлөрү болсо сууга чумкуп, дээрлик бардык азыгын суунун астынан алышат. Чоң жаргактуу буттары сууга чумкушуна жардам берет, бирок кургактыкта басышын кыйындатат. Ансыз да көбөйүү мезгилинен тышкары суудан чыгышпайт.
Өрдөк сыяктуу суу канаттуулары абаны денелеринин ичинде кармашат. Бул сууга чөкпөө себептеринин бири. Өрдөктүн денесинде кичинекей шарларга окшогон аба баштыкчалары бар. Бул баштыкчалар абага толгондо өрдөктүн сууда жүрүшүнө жардам берет. Өрдөк сууга чумкугусу келгенде аба баштыкчаларындагы абаны сыртка чыгарат. Денесинин ичинде азыраак аба калганы үчүн сууга оңой сүңгүй алат.

Ошондой эле, суу канаттууларынын көпчүлүгү мыкты сүзүшөт. Себеби буттарынын манжаларынын ортосу жаргактуу болот. Бир бутун артка түрткөндө бул жаргактар аларга көбүрөөк түртүү күчүн берүү үчүн кеңейет. Суу канаттууларында жакшы сүзүүгө керектүү бардык өзгөчөлүктөрдүн болушу, албетте, кокустук эмес. Бул өзгөчөлүктөрдүн баарын суу канаттууларына Жаратуучу Аллах берген.
Эркек өрдөктөрдүн жүндөрү ар дайым ургаачы өрдөктөрдөн жалтырагыраак болот. Уясында жумурткаларын басып жатканда ургаачылардын коргонуусуна бул чоң салым кошот. Анткени күңүрт түстөрүнөн улам душмандары аларды көрө албаганы үчүн ургаачылар уясында коопсуз жата алышат. Ургаачылардын айлана-чөйрөсүнө окшош күңүрт түсүнөн жана камуфляж формасынан улам аларды жакын аралыктан көрүү да абдан кыйын. Эркек өрдөктөр болсо уя жасаган ургаачыларын коргоо үчүн жалтырак түстүү жүндөрүн колдонуп, душмандарынын көңүлүн өздөрүнө бурушат. Бир душман уяга жакындаганда эркек ошол замат абага көтөрүлүп, болушунча чуру-чуу салат жана душманды уядан алыстатуу үчүн болгон аракетин жумшайт.
Өрдөктөр кербендердей жүрүшөт жана бойго жеткендери балапандарга көп көңүл бурбайт. Эркектер инкубацияга жатпайт жана балапандар жумурткадан чыкканда бир канча сааттан соң чуркап сүзүп, өз алдынча тамактанып башташат. Балапандар кичинекей кезинен кантип тамактанаарын билишет жана Аллахтын аларга керектүү нерселерди илхам кылышы менен өмүрлөрүн улантышат.
Өзүңөрдү бир ойлоп көргүлө. Жаңы төрөлгөнүңөрдө бир сааттан кийин силерди сууга ыргытышса эмне болмок? Албетте, суу жутуп тумчукмаксыңар. Өрдөктөрдүн жөжөлөрүнө Раббибиз табиятынан сүзүү жөндөмүн бергени үчүн алар тумчугушпайт.
Өрдөктөр учканда ылдамдыгынын саатына 50 километрден ашаарын билчү белеңер? Айланасындагы жырткыч жаныбарларга жем болбоо үчүн учуп баратып багытын өзгөртөөрүнчү? Өрдөктөр багытын өзгөртүүнү кайдан билишет деген суроого жообуңар барбы? Албетте, башка жандыктарга берилген өзгөчөлүктөрдөй, бул да Аллах тарабынан өрдөктөргө өздөрүн коргошу үчүн берилген бир өзгөчөлүк.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder