3 Aralık 2019 Salı

ТУУРАМЧЫ КАНАТТУУ: ТОТУ КУШ


Тоту куштар дүйнөнүн ысык аймактарында топ-топ болуп жашаган, түркүн түстүү коомчул канаттуулар. Тамагын достору менен бөлүшүп, жоомарттык кылышы абдан кызыктуу. Тропикалык токойлордо тоту куш үйүрлөрү дарактардын үстүндө чуру-чуу салып учушат. Башка үйүрдүн берген жоопторунан мөмөлүү дарактардын каерде экенин угушат.
Тоту куштар азыгын буттары менен кармап сэндвичтей тиштеп жешет. Үй тоту куштарынын эң жактырган тамактарынын бири – биз да жактырган күн караманын уруктары (семечка). Тегерек тилдери менен уруктун кабыгын оңой гана жарып, ичин жешет.
Бир жылда 2ден 8ге чейин жумуртка туушат. Инкубация учурунда (башкача айтканда, балапандар жумурткадан чыга электе) эркек жана ургаачы тоту куштар кезек менен жумуртканын үстүнө отурушат. Балапандар жумурткадан чыкканда жүнсүз болушат жана ата-энесинин оозунда даярдалган, сиңирилген азыктарды жешет.

Тоту куштардын эң негизги өзгөчөлүгү – бул үндөрдү туурашы. Көп уккан сөздөрдү өзүндөй кылып айта алышат. Бирок айткандарын өздөрү түшүнүшпөйт, болгону уккан үндү өзүндөй кылып кайталашат. Ал тургай, коңгуроонун жана телефондун үнүн да туурай алышат. Ошондуктан үйүңөрдө тоту куш баксаңар, эшиктин коңгуроосу же телефон чалып жаткандай боло бериши мүмкүн.
Бул кооз түстүү жана сүйлөөк жаныбарлар жер бетинде жаратылбаганда, биз мындай жандыктын болоорун элестете да алмак эмеспиз. Башкача айтканда «тоту куш деген кооз түстүү бир канаттуу болгондо жана адамдардын сөздөрүн кайталаганда» деп кыялдана да алмак эмеспиз. Аллах бизге билдирбеген же көрсөтпөгөн бир нерсени өз алдыбызча кыялдана албайбыз, элестете да албайбыз. Жаратуу, үлгүсүз жана теңдешсиз пайда кылуу сыпаттары бир гана Улуу Раббибизге тиешелүү. Бул акыйкатты Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, (эң кооз кылып) кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү... (Хашр Сүрөсү, 24)
Аллах биз үчүн ушундай ар түрдүү сулуулуктарды жаратат. Ар дайым бүт тарапта бизге кереметтерин көрсөтөт. Булар үчүн Аллах бизден Ал жараткан чексиз сулуулуктарды көрүп, Ага шүгүр кылышыбызды, башкача айтканда, Ага ыраазычылык билдиришибизди жана Аны эч качан эсибизден чыгарбашыбызды каалайт.
Силер да эми ушундай кооздуктарды көргөнүңөрдө Аллахка шүгүр кылгыла жана башкаларга да шүгүр кылышы үчүн аларды айтып бергиле.



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder