3 Aralık 2019 Salı

ЫЛДАМ СҮЗҮҮЧҮ ТЮЛЕНЬДЕР


Көпчүлүгүңөр телевизордон же цирктен көргөндөй, бул сүйкүмдүү жаныбарлар өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн сууда өткөрүшөт. Сууда мыкты сүзүшөт жана дасыккан суучул болушат. Биз жерде өзүбүздү кандай бейпил жана бактылуу сезсек, алар да суу менен музда өздөрүн ошондой бейпил, бактылуу сезишет. Жаз айларында деле жашаган жеринин температурасы ашып барса [-5] градус болот. Биз мындай суукта тоңуп калбаш үчүн кабат-кабат кийинип, ар кандай чараларды көрүшүбүз керек, алар болсо эч үшүбөйт. Себеби жүндөрү менен денесине чогулган майлары сууктан коргойт.
Тюленьдер чоң үйүр болуп жашашат. Силердин оюңарча, эне тюлень чоң топтун арасынан баласын кантип тааныйт? Абдан оңой. Тюлень баласын тууганда аны өөп таанышат. Ошентип баласынын жытын таанып калат да, аны башкалар менен эч качан адаштырбайт.
Туулганда балдарынын денеси «наристе майы» деп аталган бир май менен оролгон болот. Бул май алардын кичинекей денесин ар дайым жылуу сактайт. Бул май ушунчалык көп болгондуктан, энеси сүзүүнү үйрөтүп жатканда, кичинекей тюлень куткаруучу тегеректи кийип алгандай болуп, суунун бетинде калкыйт. Себеби май суудан жеңил. Эне тюлень баласын эки жума үйрөтөт. Эки жумадан соң баласы өз алдынча сүзгөндү үйрөнөт.
Бардык жандыктар сыяктуу тюленьдер да, Раббибиз тарабынан жашаган чөйрөсүнө ыңгайлуу кылып жаратылган. Бул бизге Раббибиздин канчалык мээримдүү экенин далилдейт.



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder