Сүйүктүү балдар,
бул китепте айланабыздагы жандуу жана жансыздардын кандай кереметтүү
жаратылганын силер менен бирге карайбыз. Алдыда табияттагы бири-биринен
сүйкүмдүү жандыктардын кызыктуу жана таң калыштуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө
маалымат аласыңар.
Бул китепти окуп
жатып, Аллахтын бүт жандыктарды эң кооз көрүнүштө жаратканын жана бүт баарынын
Анын чексиз сулуулугун, кудуретин жана илимин чагылдыраарын көрөсүңөр.
«Жаныбарлардын
канчасын билесиңер?» деген суроого «көпчүлүгүн» деп жооп берээриңерди сезип
турабыз. Тааныган жаныбарларыңардын жашоолору жөнүндө эмнелерди билесиңер?
Кантип туулуп кантип жашашат, өздөрүн кантип коргоп, кантип тамак табышат?...
«Көп деле билбейм» деп айтаарыңар анык, бирок бул китепти окуганда алар жөнүндө
өтө кызыктуу маалыматтарды аласыңар. Бул сүйкүмдүү жандыктарда Аллах тарабынан
жаратылган ар түркүн таң калыштуу өзгөчөлүктөрдү көрөсүңөр.
Алардын
көпчүлүгүн жакшы билесиңер. Бирок бул китепте ушул күнгө чейин балким эч
көрбөгөн, ал тургай, атын да укпаган жандыктар менен, алардын сырдуу жана кооз
дүйнөлөрү менен да таанышасыңар. Жана баарын абдан жакшы көрүп каласыңар.
Жаныбарлардын кээ бир нерселерди кантип жасаарын көрүп, таң каласыңар. Дүйнөнүн
эң ылдам күлүктөрүнүн бири болгон төө кушту, эң мыкты секирүүчүлөрдүн катарына
кирген жолборсту, курч тиштүү тыйын чычкандарды жана көз жоосун алган павлиндерди
бири-биринен кооз сүрөттөрдөн көрүп таанышасыңар. Бирок булар жаныбарлардын бир
канчасы гана... Дүйнөдө абдан көп жаныбар түрү бар.
Бул сүйкүмдүү
жандыктарды жараткан Аллах бизден алардагы сулуулуктарды көрүп, Анын чексиз
кудурети менен чеберчилиги жөнүндө ойлонушубузду жана бүт баарын Анын
жаратканын жана бүт нерсенин кожоюнунун Аллах экенин түшүнүп, Анын жараткан
нерселериндеги сулуулуктарды көрүп, андан ырахат алышыбызды күтөт. Ошондой эле,
бизге сансыз кооздуктарды жаратканы үчүн Ага шүгүр кылып, Аны абдан сүйүшүбүздү
каалайт.
Бүт ааламдын,
бардык кооз жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, түндүн жана күндүздүн, айланабыздагы
бардык нерселердин жаратылуусунун бир гана максаты бар. Ал – Аллахтын улуулугун
жана жаратуу чеберчилигин көрүү. «Аллах кандай сонун жаратыптыр» деп айтуу. Бул
китепти окуган соң, айланаңардагы бардык жандыктарга ушундай көз менен
карашыңар керек.
Анда эмесе, эмне
турасыңар! Китепти барактап жаныбарлар ааламына саякатты баштагыла.



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder