Өтө кооз түстөр
менен жасанган бул балыктын эң кызыктуу өзгөчөлүгү – бул анын Аллах тарабынан
тандалган жашаган жери. Маскарапоз балыктар «актиния» аттуу өсүмдүккө окшогон
бир жандыктын бутактарынын арасында жашашат. Актиниянын бутактарында уулуу
капсулалар бар жана ага тийген балыктар же зыян көрөт же өлөт. Маскарапоз
балыктарга болсо актиниянын эч кандай зыяны тийбейт. Ал тургай, коргонуу үчүн
актиниялардын арасына жашынышат. Анткени бул балыктар атайын бир затты бөлүп
чыгарышат жана натыйжада капсулалардан эч кандай зыян көрүшпөйт.
Балыктарды
элестетип көргүлө. Арасынан бир балык башкалардан айырмаланып бир зат бөлүп
чыгарат. Ал аны жашаган чөйрөсүндөгү уулуу капсулалардан коргойт. Ал балык да
зыян көрбөшүн билгендей, коркунуч пайда болоор замат уулуу капсулалардын
арасына жашынат. Бирок башка балыктардын ал жерге жакындай албашын жана
коргоочу затты бөлүп чыгара албашын кайдан билет?
Албетте,
кичинекей бир балыктын мээси да, жөндөмдөрү да ага мындай өзгөчөлүктү тартуулай
албайт. Буларды ага үйрөткөн бир күч-кудурет бар, ал бүт нерсенин эсебин эң
мыкты билген, жерди, асманды жана ал экөөсүнүн ортосундагыларды жараткан
Раббибиз.

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder