3 Aralık 2019 Salı

МАСКАЛУУ ПАНДАЛАР


Чоң оюнчукка окшогон бул жаныбарларды баарыңар көрсөңөр керек. Бул сүйкүмдүү жаныбарлардын бир гана бамбук жей турганын билчү белеңер? Мисалы, бой жеткен бир панда бир күндө 15 килограмм бамбук жейт. Бул бир жылда 6 тонна бамбук дегенди билдирет. Ошондуктан эртеден кечке тамак жешет. Кандай соргок жаныбарлар ээ туурабы?
Пандалардын абдан кызыктуу бир өзгөчөлүгү бар. Колуңарды карагыла. 5 манжаңар бар. Ал эми пандалардын кошумча дагы бир манжасы бар. Бүт баарын жеңилдеткен Раббибиз пандаларга алты манжа берип, тамагын бекем кармап, кыйналбай жешине шарт түзгөн.

Пандалар ар дайым суук жана нымдуу шарттарда жашашат. Ошондуктан балдарын үңкүр сыяктуу жерлерде туушат. Пандалардын кичинекей, сүйкүмдүү оюнчукка окшогон балдары туулганда сокур жана тиши жок болот. Көбүнчө сентябрь айында туулуп, бойлору 10 см жана салмактары 142 грамм болот. Пандалар абдан тез чоңойот жана туулганда энелеринен 800 эсе кичине болушат. Тогуз айында салмагы 27 килограммга жетет. Ал эми биз төрөлгөндөн кийин 27 килограммга жетүүбүз үчүн жок дегенде 6 жыл өтүшү керек.
Панданын дагы бир өзгөчөлүгү башкаларга кол салбайт. Болгону буттары менен дарактарды тырмалайт. Аны тырмактарын тазалап, өгөөлөө үчүн жасайт. Качуу үчүн чоң денеси менен дарактын үстүнө чыгат. Панда өтө бейкапар жаныбар, уктап жатканда адамдардын жакындаганын сезсе да, жайбаракат уктай берет. Башкача айтканда, бир күнү бир пандага жолугуп калсаңар, бул сүйкүмдүү жаныбарды тартынбастан эркелете берсеңер болот.

 



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder