Мүйүздүү бир
жаныбарды кармап көрдүңөр беле? Эгер кармап көрсөңөр абдан таң калмаксыңар.
Анткени жаныбардын жүндүү жумшак терисинин ичинен чыккан мүйүздөр абдан катуу.
Мүйүздү бир аз тырмагыңарга окшотсоңор болот. Колубуздагы жумшак териден абдан
катуу тырмактардын чыгышы жана тырмактардын жарашыктуу өсүшү баарыңарды таң
калтырат болушу керек. Жаныбарлардын мүйүздөрү да тырмактардай өсүп узарат,
бирок алар бир топ жоон, катуу жана чоң болот.
Бугулардын бир
түрүнөн тышкары, калгандарынын бир гана эркектеринде мүйүз болот. Жупталуу
мезгилинен соң, мүйүздөр түшүп жаңыланат. Эски мүйүз түшөөр замат, жаңылары
өсүп баштайт.
Мүйүздөр өсүп
жатканда, бархат сымал жука тери катмары менен оролот. Толук өскөндө кан
тамырлар үзүлүп, тери кан менен азыктана албай калат жана жаныбар мүйүздөрүн
сүргүлөп терини кетирет да, сөөктөр сыртка чыгат. Бугулар 6 жашка чыкканда
мүйүздөрү толук жетилет. Андан соң бузулуп баштайт. Мүйүздөрдүн узундугу жана
формасы, бутактарынын саны ар биринде ар кандай болот.
Балким оюңарга «бугулардын
эмне үчүн мүйүзү бар?» деген суроо келгендир. Мүйүз бугунун негизги куралы. Аны
колдонуп өзүн душмандарынан коргойт. Ал тургай, кээде мүйүзүн көрсөтсө эле
маңдайындагы душманы качып жөнөйт.
Кызыл бугулардын
эркеги жыт безинен чыккан бир затты жашаган аймагынын бүт тарабына сүрүп, чек
ара чийет. Ал аймакта ургаачылардан турган бир үйүрдү түзөт. Үйүрүн мүйүзү
менен душмандарынан коргойт. Эгер аймакка башка бир жаныбар кирсе, аны
күркүрөгөн үнү менен же мүйүзү менен салгылашып, аймагынан кетирүүгө аракет
кылат.
Аллах бул
жаныбарлардын баштарына мүйүздөрдү жаратып, ал аркылуу душмандарынан өздөрүн
жана үйүрлөрүн коргоо мүмкүнчүлүгүн берген. Аллах аларга мындай күчтүү
мүйүздөрдү бербегенде, алар душмандарынан коргоосуз жана чарасыз абалда калмак.
Эркек бугулар ургаачыларып коргоп, үйүр түзө алмак эмес. Жырткыч жаныбарларга
каршы колдоноор куралы болмок эмес.
Балким дүйнөдөгү
эч бир адамдын акылына «кээ бир жаныбарлардын башынан сөөктөй катуу бир зат
чыгып, ал зат бутактап, жаныбарларды душмандарынан коргогондо кандай сонун
болмок» деген ой келмек эмес. Келсе да эч нерсе кыла алышмак эмес. Анткен
менен, бардык жандыктарды эң кооз келбетте жараткан жана алардын бардык
муктаждыктарын билген Аллах бугуларга жана дагы канчалаган жаныбарларга
өздөрүнө ыңгайлуу коргонуу системаларын тартуулаган.
Куранда
адамдарга бул акыйкатты Аллах төмөнкүчө эске салат:
Айткын: «Эгер
билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин кожоюндугу (мүлк жана башкаруусу) кимдин
колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт (коргоого муктаж эмес).»
(Мүминун Сүрөсү, 88)
Бүт жандыктардын
коргоочусу бир гана Аллах.
... Сени Раббиң бүт
нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Саба Сүрөсү, 21)
... Аллах баарынан
жогору коргоочу. (Ниса Сүрөсү, 85)



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder