Жаныбарлардын эң
көлөмдүүлөрүнүн бири болуп эсептелген ак аюуну көргөнүңөрдө, аны чоң кар кишиге
окшотушуңар мүмкүн. Бул кар кишинин эркегинин салмагы 800 килограммга, бою 2,5
метрге жетет. Бул салмак орточо 10 адамдын салмагына барабар.
Ак аюунун денеси
толугу менен жашаган чөйрөсүнө ыңгайлуу жаратылган. Тоңдура турган сууктарга,
айсбергдерге жана кар бороондоруна карабастан, Аллахтын керемети менен, ак
аюулардын терисинин астындагы калың май катмары аларды сууктан коргойт. Жүндөрү
калың, жыш, узун жана үрпөйгөн. Ушундай өзгөчөлүктөрү бар ак аюу эмне үчүн
Африкада чөлдө жашабайт деп ойлондуңар беле? Албетте, суроонун жообу Аллахтын
аны жашай турган климат шарттарына ыңгайлуу кылып жараткандыгында. Ойлоп
көргүлө! Чөлдө жашаганда чөлдүн ысыгына чыдабай өлүп калышмак.
Ак аюулардын
дагы бир өзгөчөлүгү, башка аюулардан айырмаланып алар үчүн кыш уйкусу абдан
маанилүү эмес. Ургаачылары гана, өзгөчө бооздору узак убакытка кыш уйкусуна
жатышат. Жаңы туулган балдары үчүн керектүү азыктар даяр турат. Анткени
Аллахтын «Раззак» (ырыскы берүүчү) деген сыпаты бар. Ак аюунун сүтү абдан
майлуу. Майлуу сүт мамалактар үчүн эң керектүү азык. Ошентип мамалактар абдан
тез чоңоюп, жазда чээндеринен чыгууга даяр болуп калышат.
Силерге дагы бир
суроо: ак аюулардын сууда мыкты сүзөөрүн жана мыкты чумкуй алаарын билчү
белеңер? Ооба, туура эмес уккан жоксуңар, ак аюулар бул экөөсүн тең мыкты жасашат.
Сүзгөндө алдыңкы буттарын колдонушат. Аллах аларга жеңилдик жаратканы үчүн,
аларды калактай пайдалана алышат. Дагы бир жеңилдик катары суунун ичинде
жүргөндө мурун тешиктерин жаап, көздөрүн ача алышат. Ошондой эле, манжаларынын
ортосунун өрдөктүн бутундай жаргактуу болушу да сүзгөнгө жардам берет.
Түндүк уюл,
Түндүк Канада, Түндүк Сибирь жана Антарктика сыяктуу дүйнөнүн эң суук
аймактарында жашаган бул жаныбарлардын буттары үшүбөйт. Бутуңарды же колуңарды
муздун үстүнө коюп турсаңар, бир канча мүнөттөн кийин суукка чыдабай артка
тартканга мажбур болосуңар. Ак аюулар болсо бул суукту сезип да коюшпайт. Анткени
буттары суукту сезбей тургандай калың жүн менен оролуп жаратылган. Эгер адамдын
терисиндей тери менен капталганда, эч качан андай жерде жашай алышмак эмес.
Мындан тышкары, ак аюулардын терисинин астындагы 10 сантиметрлик май катмары
жылуулукту өткөрбөйт. Ошентип муздуу сууларда саатына 10-11 км ылдамдык менен,
2000 км аралыкка чейин сүзө алышат.
Ак аюулардын
түсүнүн эмне үчүн ак же саргыч өңдө экенин билесиңерби? Ак түс аларды суук
муздуу шартта коргойт. Ак аюунун жүздөгөн километрлик аппак айсбергдердин
арасында жашынуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Эгер анын түсү каргадай кара же
тропикалык токойлордо жашаган тоту куштай кызыл-тазыл болгондо, жашынуунун
канчалык кыйын болоорун элестете алсаңар керек.
Ак аюулардын жыт
сезүүсү абдан күчтүү болгондуктан, калыңдыгы 1,5 метр болгон кардын астына
жашынган тюленьдин жытын да сезе алышат. Ак аюулардын жайы-кышы колдонгон
тактикалары да бар. Ак аюунун аппак жүндөрү менен кар кишиге окшогон кебетесин
элестетип көргүлө. Силердин оюңарча, аппак кардын ичине жатып алса, байкалабы?
Ооба, байкалат. Албетте, силер бул суроого бир гана жүндөрүн ойлоп жооп
берсеңер, «жок байкалбайт» деген болушуңар мүмкүн. Бирок ак аюулардын кара
түстөгү мурдун унутпагыла. Ал аюунун кардын ичине толугу менен жашынышына
тоскоол болот. Ошондуктан ал кандай кылат, билесиңерби? Абдан акылдуу ыкманы
колдонот. Ак түстөгү алдыңкы тамандары менен мурдун жабат. Ошентип түстөгү
айырмачылык жоюлат. Кардын ичине толук жашынып олжосунун жакын келишин күтөт.
Бул жерде
баарыңар абдан маанилүү бир нерсеге көңүл бурушуңар керек. Ак аюу аңчылык
кылууда тактика колдонуу үчүн абдан акыл-эстүү болушу шарт. Ойлоп көргүлө, ак
аюу өзүнүн ак түстө экенин жана айланасы да ак түстөгү айсбергдер менен
курчалып турганы үчүн өзүн жашыра алаарын билет. Ал тургай, буга жалгыз жолтоо
болгон кара түстөгү мурдун жабышы керек экенине акылы жетет. Албетте, силер да
болжогондой, ак аюу бир канча жолу аңчылыктан олжосуз кайткан соң, эмне кылсам
деп ойлонуп отуруп мурдун жабышы керек экенин түшүнүшү мүмкүн эмес! Аюулар бир
гана Аллахтын вахийин (айтканын) тыңдап ошону жасашат. Аларды Аллах ушинтип
аңчылык кылууга программалаган. Анткени башка жандыктарды коргогондой, аларды
да Аллах коргойт.



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder