Майпаңдап баскан
пингвиндер негизи канаттууларга кирет, бирок уча алышпайт. Чоң үйүр болуп
жашашат. Аллах аларды температура [-88] градуска чейин
төмөндөгөн тоңдуруучу шарттарда да жашай ала тургандай кемчиликсиз жараткан.
Бир ойлоп көргүлө, биз кышында жемпир, байпак, мээлей сыяктуу канча кийимдин
баарын кийебиз. Пингвиндер болсо эч нерсе кийишпейт. Ал тургай, алардын
буттарына кийе турган бут кийимдери да жок. Бирок муздун үстүндө сыйгаланбай,
кыйналбай баса алышат. Ошондой эле, пингвиндердин үйлөрү да жок жана муздун
үстүндө жашашат. Алар кантип жашашат? Эч үшүшпөйбү? Жок, үшүшпөйт. Себеби Аллах
пингвиндерди муздардын арасында жашаганга ыңгайлуу кылып жараткан.
Пингвиндердин
дене түзүлүшү адамдардан абдан айырмаланат. Бул кандай айырмалар экен, карап
көрөлүбү?
Кээде саны 400
миңге жеткен бир топтун арасында жашаган бул сүйкүмдүү жандыктар кыш келгенде
деңиздин жээгинен түштүгүрөөк тарапка көчүүнү чечишет. Алардын мындай бирдиктүү
чечимге келиши Аллахтын улуу керемети. Кыш мезгилинин келгенин түшүнүп, өз ара
бир келишимге келип, бара турган жерди чечиши жана бир күндү белгилеп, бирөөсү
да каршы чыкпастан, чогуу жолго чыгышы «бул сүйкүмдүү жандыктарды Аллахтын
чексиз кудурети башкарып турат» деген гана жыйынтыкка алып келет. Антпесе, бул
жаныбарлар бир келишимге келип, жашоого ыңгайлуу жерлерге тобу менен көчө
алышмак эмес.
Көч мезгили ошол
эле учурда пингвиндердин жупталуу мезгили. Муну түшүнгөн пингвин биринчи кадам
катары тезинен өзүнө бир түгөй тандайт. Экинчи кадам түгөйүн жоготпоо үчүн анын
ырын үйрөнүү, башкача айтканда, анын өзгөчө добушун айырмалоо болот.
Унутпагыла, акыл-эси жок бир пингвиндин 400 миң пингвиндин арасынан бирөөнү
аныктап, анын үнүн тааный алышы Аллахтын кудуретинин жана жаратуу
чеберчилигинин дагы бир көрсөткүчү.
Мындай үндөрдү
айырмалоо жөндөмү пингвиндердин балдарында да бар. Балдары да ата-энелерин бир
гана үнүнөн тааный алышат. Көрүнүшү бири-бирине абдан окшошкон бул жаныбарлар
бири-бирин үнүнөн айырмалай албаганда, жашоолору башаламан болмок. Аллахтын
теңдешсиз тартиби жана аларга берген жөндөмдөрүнөн улам гана эч кандай
башаламандык чыкпайт.
Жупталуудан соң,
ургаачы бир гана жумуртка тууйт. Эркек пингвиндин жоопкерчилиги – жумуртканы
басуу (инкубация). Орточо [-30] градуста, 65 күн бою эч кыймылдабай бул
жоопкерчиликти аткарууга аракет кылышат. Бул абдан оор период болот. Эркек
пингвин ордунан кыймылдай албаганы үчүн тамак жей албайт. Эне пингвин болсо
жумурткадан чыга турган балапанга алыстан азык издейт.
Силер [-30] градуста, 65 күн бою, эч тамак жебестен күтүп
отурганыңарды элестете аласыңарбы? Бул адамды өлүмгө алып барат. Ал эми
пингвиндер сабыры түгөнүп, тажап кетишпейт, Аллах илхам кылган жоопкерчиликти
таштабастан, аягына чейин аткарышат.
Эки ай
жумуртканы басып отурганда эркек пингвин салмагынын 1/3ин жоготот. Муну 60
килограммдык бир кишинин 40 килограммга түшүшүнө салыштырсак болот. Жумурткадан
чыккан пингвиндин балапаны алгачкы эки айын энеси менен атасынын буттарынын
ортосунда өткөрөт. Балапан бул коргоого абдан муктаж. Себеби жаңылыштык менен 2
мүнөттөй эле сыртта калса, тоңуп өлүп калат. Эне менен атага балапанын минтип
коргоону Аллах илхам кылат. Бул жерден да Аллахтын коргоочу, карап туруучу
сыпаттарын көрүүгө болот.
Мындан тышкары,
сууктан коргонуу максатында бир жерге тегеректешип, бири-бирине жабышкан 400
миң мүчөлүү пингвин үйүрү ынтымактын кемчиликсиз үлгүсүн көрсөтөт. Ошентип
сүйкүмдүү пингвиндер жылуулукту сактоо аркылуу жылуулуктун жоголушун эки эсеге
азайтышат жана тегеректин сыртында калгандарды кезек менен ортого киргизип,
аларды да жылытышат. Пингвиндер кылымдардан бери тартипти буза турган эч кандай
карама-каршылыктар чыкпастан, ынтымактуу жана биримдикте жашап келе жатышат.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder