2 Aralık 2019 Pazartesi

ЭВОЛЮЦИЯ КАЛПЫ

Чарльз Дарвин

Бул бөлүмдө Аллахтын бар экенин кабыл албаган жана «бүт баары өзүнөн-өзү пайда болгон» деп, акылга сыйбас көз-караштарды чыгарган эволюционисттер жөнүндө сөз кылабыз. Бул кишилер калптарды айтып, адамдарды жаңылтууга аракет кылышат.
Бирок бир адам калп айтканда белгилүү убакыттан кийин ал билинип калат. Акылман адам болсо анын калп айтканын ошол замат түшүнөт. Эволюционисттер да калп айтканы үчүн бир топ кемчиликтерди кетиришкен. Алдыда алардын айткандарынын канчалык логикасыз экенин жана калптарынын кантип айгинеленгенин чогуу көрөбүз...

Эволюция теориясы деген эмне?

Аллахтын бар экенине ишенбеген адамдардын чыгарган негизсиз көз-караштарынын бири – бул «эволюция теориясы». Эволюция теориясын мындан болжол менен 150 жыл мурда жашаган Чарльз Дарвин аттуу киши чыгарган. Дарвиндин логикасыз теориясы боюнча, бүт баары өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон. Дарвин жаныбарлардын түрлөрү өзгөрүп отуруп, бири-бирине айланган, ошентип түрлөр пайда болгон деп ойлогон. Мисалы, Дарвиндин ою боюнча, балыктар бир күнү кокусунан сойлоочуга айланган. Бир күнү дагы бир кокустук болуп, ал сойлоочу учуп баштаган жана ошентип канаттуулар пайда болгон. Адамдар болсо маймылдардан пайда болушкан. Башкача айтканда, Дарвиндин ою боюнча, адамдын түпкү атасы маймыл болгон. Албетте, булардын бирөөсү да туура эмес. Акыйкатта ааламды, жерди, бүт жандыктарды жана бизди Аллах жараткан. Дарвин баш болгон анын жолдоочулары болсо калп айтышууда. Келгиле, Дарвин чыгарган калптын канчалык келесоолук экенин тереңирээк карайлы.
Жандуу жана жансыз бүт заттарды түзгөн эң кичинекей бөлүкчөлөр – бул атомдор. Бул айланаңардагы бардык заттар сыяктуу силер да негизи миллиондогон атомдордун жыйындысынан турасыңар деген мааниге келет.
Эволюционисттер, башкача айтканда, Дарвинге ишенгендер болсо атомдор өз алдынча бир чечимге келип, бири-бири менен биригишкен жана ошентип жандыктарды пайда кылышкан дешет. Бул акылга сыйбас ишеним боюнча, бир күнү күчтүү шамал же бороон чыккан жана атомдор бири-бирине жакындап биригишкен. Дарвиндин калпы боюнча, ал атомдор биригип, клеткаларды пайда кылышкан. Силер билгендей, бардык жандыктар клеткалардан турат. Клеткалар биригип, биздин көздөрүбүздү, кулактарыбызды, каныбызды, жүрөгүбүздү, кыскасы, бүт денебизди түзүшөт.
Бирок бир нерсени унутпаш керек: клеткалар абдан татаал. Бир клетканын ичинде жүздөгөн ар түрдүү, кичинекей органоиддер (органеллдер) бар. Клетканы өтө чоң бир заводго салыштыра алабыз. Буюмдарды өндүрүүчүлөр, өндүрүлгөн буюмдарды ташуучу унаалар, кирүү жана чыгуу дарбазалары, өндүрүш борборлору, билдирүүлөрдү жеткирүүчүлөр, энергия борборлору жана башкалар... Бир завод таштардын, топурактын, суунун кокусунан бир жерге чогулушунун натыйжасында, мисалы, бир бороондон соң, өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Мындай сөздөргө элдин баары күлөт. Бирок эволюционисттер «клетка өзүнөн-өзү пайда болгон» деп, мындан да сандырак сөздөрдү айтышат.

Анда эволюционисттерге бир эксперимент жасаталы!

Эволюционисттер чоң идиш (бочка) алышсын. Ал идиштин ичине каалаган атомдорунун баарын салышсын. Мындан тышкары дагы эмнени кошкулары келсе бүт баарын кошушсун. Бир жандык пайда болушу үчүн кандай материал керек болсо бүт баарын салышсын. Андан соң ал идишти кааласа жылытышсын, кааласа ток менен урдурушсун. Каалаган нерселерин жасашсын. Миллиарддаган жыл бою идиштин жанында күзөттө турушсун. (Өмүрлөрү жетпегени үчүн урпактан урпакка өткөрүп беришсе болот.)
Аягында эмне болот?
Силердин оюңар боюнча, бул идиштин ичинен козулар, фиалкалар, алчалар, коёндор, аарылар, дарбыздар, мышыктар, иттер, тыйын чычкандар, розалар, өрүктөр, гүлдөр, балыктар, пилдер, жирафтар, арстандар чыгабы? Бул идиштин ичинен силердей ойлонгон, сүйүнгөн, толкунданган, музыка укканда ырахат алган, китеп окуй алган, үй-бүлөсүн, досторун жакшы көргөн бир адам чыгышы мүмкүнбү? Албетте, чыкпайт. Ал идиштин ичинен анын жанында күзөттө турган эволюционист профессорлордун бирөөсү да чыкпайт. Ал тургай, профессор мындай турсун, ал профессордун триллиондогон клеткасынын бир даанасы да чыкпайт.


Атомдор жансыз. Жансыз заттар биригип, жандуу, күлгөн, кубанган, ойлонгон бир жандыкты пайда кыла алышпайт. Ал идиштин (бочканын) ичинен бир дагы жандык чыкпайт. Бул эч мүмкүн эмес. Анткени жандыктар жансыз заттардын туш келди биригишинен пайда болбойт. Жандыктарды Аллах жараткан. Эч нерсе жок кезде Аллах адамды, тоолорду, көлдөрдү, козуларды, арстандарды, гүлдөрдү, айланабыздагы көзүбүзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселерди жоктон жараткан.

Эволюционисттердин ою боюнча жандыктар кантип эволюция болгон?

Жандыктардын бардык түрлөрүн Аллах жараткан жана эч бир жандык түрү башка бир түрдөн келип чыкпайт. Себеби ар бир түрдүн ар кандай өзгөчөлүктөрү бар. Канаттуулар менен мышыктар бири-бирине окшобойт, аттар менен балыктар да, жолборстор менен көпөлөктөр да...
Эволюция теориясынын жалгандары боюнча, жандыктар акырындап эволюция болушкан, башкача айтканда, өзгөрүп башка өзгөчөлүктөргө ээ болуп, башка бир жандыкка айланышкан. Мисал катары эволюционисттердин канаттуулар жөнүндөгү жомогун карайлы. Ташбакаларды, кескелдириктерди, жыландарды, кыскасы, сойлоочуларды баарыңар билесиңер. Бул түрлөр эволюционисттердин ою боюнча, кокусунан өзгөрүп, канаттууларга айланган. Эволюционисттер мына ушундай сандырак нерсеге ишенишет. Андай болсо, сойлоочуларга таасир берип, аларды өзгөрткөн кубулуштар эмне?
Эволюционисттер «мутация» жана «табигый тандалуу» деп аталган эки өз-өзүнчө кубулуштун биргелешкен таасири менен эволюция ишке ашкан деп ишенишет. Бирок бул ишеним эч акылга сыйбайт жана илимий бир дагы далили жок. Эмне үчүн десеңер, келгиле чогуу карайлы.

Аллах абдан көп жандык түрлөрүн жараткан.

Табигый тандалуу деген эмне?

Табигый тандалуунун жөнөкөй мааниси мындай: жандыктардын арасынан күчтүүлөрү жашап, алсыздары бат эле өлүп жок болушат. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрөлү: жырткыч жаныбарлар бат бат кол салып турган бир кийик үйүрүн элестеткиле. Кол салуу учурунда кийиктер болгон күчү менен качып, эң ылдам чуркаган, эң күчтүү кийиктер кутулушат. Бара бара алсыз жана арык кийиктердин баары жырткыч жаныбарларга жем болуп, жок болушат. Аягында бир гана ден-соолугу чың, күчтүү кийиктер калат. Ошентип белгилүү убакыттан соң кийик үйүрүндө күчтүү кийиктер гана калышат.
Бул жерге чейин айтылгандар туура. Бирок мунун эволюция менен эч кандай байланышы жок. Анткен менен эволюционисттер «бул кийик үйүрү өрчүп отуруп, аягында башка бир жандыкка айланат, мисалы кийиктер жираф болуп калышат» дешет. Мына ушул туура эмес. Себеби эч бир кийик ылдамыраак чуркаганы үчүн, башка бир жандыкка, мисалы арстанга же жирафка айлана албайт. Мындай нерсе жомоктордо гана болот.
Баарыңар бака канзаада (принц) жөнүндөгү жомокту билесиңер. Ал жомокто бака канзаадага айлана алат. Бирок чыныгы жашоодо бир кийиктин арстанга же башка бир жандыкка айланышы, албетте, мүмкүн эмес. Бирок эволюционисттер ушундай жомокко ишенишет.

Мутация деген эмне?

Мутацияга туш болгон майып бала жана үч буттуу козу
Мутация – бул бир жандыктын денесиндеги зыяндуу өзгөрүүлөр. Мутациялар радиация, химиялык заттар сыяктуу себептерден келип чыгат. Радиация же химиялык заттар жандыктарга ар дайым зыян алып келет. Мисалы, мындан болжол менен 55 жыл мурда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япониянын Хиросима шаарына атом бомбасы ташталган. Атом бомбасы ал шаардын айланасына радиация тараткан жана бул адамдарга өтө чоң зыян тийгизген. Адамдардын көпчүлүгүнүн өлүмүнө же олуттуу ооруларга чалдыгышына себеп болгон. Ал тургай, адамдардын денесиндеги кээ бир системаларды бузганы үчүн, алардын кийин төрөлгөн балдары да оорулуу же майып болуп төрөлүштү.
Ушул сыяктуу дагы бир окуя 1986-жылы Орусиянын Чернобыль шаарында болгон. Чернобыльда бир атомдук станция жарылып, андан улам бүт шаарга жана анын айланасына радиация тараган. Дал Япониядагы сыяктуу, ал жерде жашаган адамдар менен алардын кийин төрөлгөн балдары да радиациядан келип чыккан мутациялардан улам майып болушту же көз жумушту.
Эволюционисттер ушундай зыяндуу кубулуш жөнүндө мындай дешет: мисалы бир балык бир күнү мутацияга кабылат, башкача айтканда, Япониядагы адамдардай радиация сыяктуу бир окуяга туш болот. Бул мутациянын натыйжасында балыктын денесинде кээ бир өзгөрүүлөр болот жана балык бир күнү крокодилге айланат. Албетте, бул өтө сандырак көз-караш. Анткени, жогоруда да айтылгандай, мутациялар жандыктарга дээрлик ар дайым зыян тийгизет. Жандыктарды же майып кылат же ооруга чалдыктырат. Эгер мутация пайдалуу болгондо, Чернобыльда радиация жайылганда эволюция болуп өнүккөн жандыкка айлануу үчүн элдин баары ошол жерге барышмак. Иш жүзүндө бүт баары Чернобыльдан качышкан. Болгондо да, Чернобыльдын зыяндуу таасирлери дагы деле уланууда.
Эволюционисттердин бул сөздөрүн төмөнкүдөй мисалга салыштырууга болот. Колуңарга бир балта алып, бир телевизорду уруп баштасаңар, ал телевизор андан да жакшы телевизорго айланышы мүмкүнбү? Албетте, жок. Балта менен телевизорду урсаңар, талкаланган телевизорлуу болосуңар. Балта менен туш келди уруу сыяктуу, мутациялар да жандыктарга бир гана зыян тийгизет. Башкача айтканда, эволюционисттер айткандай бир жандыкты жакшыраак жандыкка айлантпайт.

Эволюционисттер эч таба албаган калдыктар (фоссилдер)

Кээ бир жандыктардын өлгөндө артында изи калат жана ал издери, тагыраак айтканда, калдыктары миллиондогон жыл бою эч бузулбай сакталат. Бирок ал үчүн ал жандыкка аба такыр барбай калышы керек. Мисалы, бир канаттуу бир жерде турганда кокусунан үстүнө кум төгүлүп, канаттуу ал жерде өлсө, анын калдыктары бүгүнкү күнгө чейин сакталышы мүмкүн. Же дарактардан аккан янтарь аттуу суюктуктар бар. Кээде ал суюктук бир чымын-чиркей же курт-кумурсканын үстүнө агып, ал янтарьдын ичинде өлөт. Натыйжада катуу затка айланып, миллиондогон жыл эч өзгөрбөстөн бүгүнкү күнгө чейин сакталат. Ошентип биз байыркы доорлордо жашаган жандыктар жөнүндө маалымат алабыз. Жандыктардын ушундай калдыктары «фоссил» (фоссилии) деп аталат.

«Өткөөл түрлөрдүн» фоссилдери деген эмне?

Эволюционисттер чыгарган калптардын эң негизгилеринин бири – бул өткөөл түрлөр. Кээ бир эволюция китептеринде өткөөл түрлөр «өткөөл (ортоңку) формалар» деп да айтылат. Эволюционисттер силер билгендей жандыктар бири-биринен келип чыккан дешет. Алардын сандырак көз-карашы боюнча, алгачкы жандык кокусунан пайда болгон. Анан акырындап ал жандык башка бир жандыкка, ал андан да башка жандыкка айланып, бул процесс улана берген. Мисалы, эволюционисттердин ою боюнча, балыктар деңиз жылдыздары сыяктуу жандыктардан пайда болгон. Башкача айтканда, бир деңиз жылдызы бир күнү мутациядан улам алгач бир колунан ажырап, анан миллиондогон жыл аралыгында башка колдорунан айрылган жана колдорунун кээ бирлери өзүнөн-өзү сүзгүч канатка айланган. Ал ортодо деңиз жылдызы балыкка айланышы үчүн керектүү башка өзгөрүүлөр да келип чыккан. (Мындай нерсе эч качан болбойт, биз бул көз-караштын канчалык абсурд экенин көрсөтүү үчүн ушинтип сүрөттөп жатабыз.) Ошондуктан эволюционисттик жомок боюнча, бир деңиз жылдызы балыкка айланып жатканда көптөгөн өткөөл баскычтардан өтүшү керек.

Эволюция теориясы боюнча, балыктар менен деңиз жылдыздарынын ортосунда
көптөгөн "өткөөл формалар" болушу керек.
Бирок табылган фоссилдерде деңиз жылдыздары бар, балыктар бар, "өткөөл
формалар" жок.

Болжол менен 500 миллион жылдык деңиз жылдызы фоссили жана
азыр жашаган деңиз жылдызы.

Өткөөл баскычтардан өтүп жаткан ушундай ойдон чыгарылган жандыктар палеонтологияда «өткөөл түрлөр» деп аталат. Эволюциянын акылга сыйбас көз-караштары боюнча, булардын баары жарым органдуу жандыктар болушу шарт. Мисалы, бир балык бир сойлоочуга айланып жатканда, ортодо пайда болгон түрлөрдө жарым буттар, жарым сүзгүч канаттар, жарым өпкөлөр, жарым бакалоорлор болушу керек. Өткөн замандарда ушундай кызыктай жандыктар жашаган болсо, анда алардын калдыктары, башкача айтканда, фоссилдери сөзсүз табылышы зарыл. Бирок кызыгы бүгүнкү күнгө чейин эволюционисттер бар деп айткан мындай өткөөл түрлөрдүн калдыктарынан бир даана да табылган жок.
Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзүнөн 300 миллиондон ашуун фоссил табылды, бирок алардын бирөөсү да эволюционисттер айткан «өткөөл түрлөрдөн» эмес. Мунун мааниси мындай: жандыктар бири-биринен келип чыккан эмес. Бүт баары кемчиликсиз көрүнүштө, азыр жашап жаткан үлгүлөрүнөн эч айырмаланбастан, эч бир жери кем болбостон бир заматта пайда болушкан. Башкача айтканда, баарын Аллах жараткан.

Кембрий доорунда кандай окуялар болгон?

Кембрий доорунда жашаган триболит аттуу жандыктар
Эң байыркы жандыктардын калдыктары Кембрий доору деп аталган жана мындан 500 миллион жыл мурда болуп өткөн бир доордон калган. Алар үлүл, сөөлжан жана деңиз жылдызы сыяктуу жандыктарга тиешелүү. Кембрий доорунда жашаган жандыктар да бизге эволюция теориясынын туура эместигин көрсөткөн далилдердин бири. Кандайча дейсиңерби?
Кембрий доорундагы бул жандыктар да бардык башка жандыктардай бир заматта пайда болушкан. Бул жандыктардын бир заматта пайда болушу Аллахтын аларды бир заматта жаратканын көрсөтөт. Эгер эволюционисттер айткандай болгондо, бул жандыктар да өздөрүнөн жөнөкөйүрөөк (примитивдүү) жандыктардан акырындап эволюция болуп, ошол абалга келиши керек эле. Бирок бул жандыктардын алардан мурда жашаган эч кандай түпкү аталары, өткөөл түрлөрү жок. Фоссилдерден мындай жандыктар такыр табылган жок. Фоссилдер бизге Кембрий доорунда пайда болгон бул жандыктардын бардык башка жандыктар сыяктуу кемчиликсиз дене түзүлүшү менен, бир заматта пайда болгонун көрсөтүүдө. Бул аларды Аллахтын жараткандыгынын эң ачык далили.
Мындан тышкары, Кембрий доорунда жашаган бул жандыктардын өтө маанилүү өзгөчөлүктөрү болгон. Мисалы, ошол доордо жашап, бирок кийин тукум курут болгону үчүн бүгүн кездешпеген трилобит аттуу жандыктын өтө татаал жана кемчиликсиз түзүлүштөгү көздөрү болгон. Трилобиттин көздөрү жүздөгөн уюк сыяктуу көзчөлөрдөн турган жана мындан улам көрүү органы абдан күчтүү болгон. Ушундай кемчиликсиз органдары бар жандыктар кокусунан, өзүнөн-өзү эч качан пайда болбойт.

Балыктардын сойлоочуларга айланганы жөнүндөгү калптар

ОЙЛОП ЧЫГАРЫЛГАН
Эволюционисттер сойлоочулар балыктардан келип чыккан дешет. Алардын ою боюнча, балыктар бир күнү океандарда азык азайганда кургактыкка чыгууну чечишкен, андан соң кургактыкта жашай алуу үчүн сойлоочуларга айланышкан. Көрүнүп тургандай, бул абдан күлкүмүштүү. Себеби кургактыкка чыккан балыктын эмне болоорун элдин баары билет: балык өлөт!
Силер балык кармоого барган белеңер? Элестетип көргүлө! Бир балык кайырмагыңарга илинсе, анан аны кайырмактан чыгарып, үйүңөрдүн бакчасына коюп койсоңор эмне болот? Бир аз мурда айтылгандай, ал балык кыска убакытта өлөт. Бир күнү абдан көп балык кармап, алардын баарын бакчаңарга алып барып койсоңор эмне болот? Эчтеке өзгөрбөйт, балыктардын баары өлөт.
Эволюционисттер муну кабыл алышпайт. Алар мындай дешет: ал балыктардын бири бакчада өлүмдү күтүп жатып кокусунан өзгөрүүгө туш болуп, бир сойлоочуга айланды, ошентип жашап калды! Мындай нерсе эч качан болбойт!
Анткени балык менен кургактыкта жашаган жаныбарлардын ортосунда өтө чоң айырма бар жана алардын эч бири кокусунан, бир заматта пайда боло албайт. Бир балык кургактыкта жашашы үчүн талап кылынган шарттардын бир канчасы төмөнкүлөр:
1. Балыктар сууда жашагандыктан бакалоорлору менен дем алышат. Бирок кургактыкта бакалоорлору менен жашай албай, өлүп калышат. Кургактыкта жашоо үчүн аларга өпкө керек. Бир балык кургактыкка чыгууну чечти дейли. Өзүнө өпкөнү кайдан табат? Болгондо да, өпкө деген бир органдын болоорунан да кабары жок.
2. Балыктардын биз сыяктуу бөйрөк системасы жок. Бирок кургактыкта жашоо үчүн бул система керек. Кургактыкка чыгууну чечкенде, балыктын бир жерден өзүнө бир бөйрөк таба албашы анык.
3. Балыктардын буттары жок. Ошондуктан кургактыкка чыкканда баса алышпайт. Кургактыкка биринчи болуп чыккан балык өзүнө бутту кайдан тапкан? Бул эч мүмкүн эмес, демек эволюционисттердин бул жерде да калп айтканы көрүнүп турат.
Булар бир балыктын кургактыкта жашай алышына керектүү болгон жүздөгөн өзгөчөлүктүн үчөөсү гана.

Целакант аттуу балык жөнүндө

Эволюционисттер көптөгөн жылдар бою целакант (латимерия) аттуу бир балыкты кургактыкка чыкканы калган бир өткөөл түр деп айтып келишти. Бардык китептеринде, журналдарында бул балыкты эволюциянын бир далилиндей көрсөтүштү. Целакантты тукум курут болгон, башкача айтканда, азыр жашабаган бир балык деп ойлошкон. Ошондуктан бул балыктын фоссилин (калдыгын) карап бир топ калптарды ойлоп чыгарышкан.

Целаканттын чыныгы бир балык экени аныкталды.
Бирок бир күнү бир балыкчы океанда аңчылык учурунда бул балыктан бирөөнү кармап алды. Андан соң бул балык дагы бир канча жолу кармалды. Жана целаканттын кадимки бир балык экени аныкталды. Эволюционисттердин жомокторунда айтылгандай кургактыкка чыгууга даярданып жаткан эмес эле. Эволюционисттер целаканттын фоссилин карап, «бул балык тайыз сууларда жашаган, башкача айтканда, кургактыкка абдан жакын болгон» деп айтышкан. Бирок целаканттын тайыз сууларда эмес, өтө терең сууларда жашай турганы аныкталды. Башкача айтканда, целакант эволюционисттер ойлогондой өткөөл түр эмес. Азыр да жашап жаткан нагыз бир балык. Эволюционисттердин буга окшогон дагы толтура калптары ачыкка чыкты.

Канаттуулардын эволюциясы жалган

Эволюционисттердин абдан сандырак сөздөрүнүн бири – канаттуулардын кантип пайда болгону жөнүндө. Алардын бир жомогу боюнча, дарактарда жашаган сойлоочулар кийинчерээк бутактан бутакка секирип башташкан жана аягында канаттууга айланышкан. Дагы бир жомогу боюнча, кээ бир сойлоочулар чымын кармоо үчүн алдыңкы колдорун чапкылап чуркаганда алдыңкы колдору канаттарга айланган.
Бир динозаврга чуркап баратканда канат өсүп чыкканына ишенүү абдан күлкүмүштүү туурабы? Мындай нерселер жомоктордо же мультфильмдерде гана болушу мүмкүн.


Болгондо да, абдан маанилүү дагы бир жагдай бар. Эволюционисттер килейген динозавр чымын кармаганга аракет кылып жатканда, ага канат өсүп чыккан дешет. Анда алардын ою боюнча чымын кантип учат? Анын канаттары кайдан келген? Килейген динозаврдын кантип учканын түшүндүрүүнүн ордуна, чымындын кантип учканын түшүндүрүүлөрү керек эмес беле? Албетте, керек болчу...
Археоптерикстин фоссили эволюция теориясын жокко
чыгарат. Анткени ал чыныгы бир канаттуу болгон.
Бирок эволюционисттер муну эч түшүндүрө алышпайт. Анткени чымын учуу боюнча дүйнөдөгү эң мыкты жандыктардын бири. Секундасына 500-1000 жолу канат кагат жана абдан шамдагайлык менен каалаган жагына бурула алат. Эволюционисттер канча жалган айтса да, баары бир канаттуулардын канаттарынын кантип пайда болгонун түшүндүрө алышпайт. Себеби акыйкатта канаттууларды да, чымындарды да канаттары жана учуу жөндөмдөрү менен бирге Аллах жараткан.
Эволюционисттер өткөөл түр деп атаган археоптерикс негизи толук кандуу канаттуу болгон!
Сойлоочулар менен канаттуулардын ортосундагы жүздөгөн айырманын кээ бирлери төмөнкүдөй:
1. Канаттуулардын канаттары бар, сойлоочулардын буттары бар.
2. Канаттуулардын жүндөрү бар, сойлоочулардын кабырчыктары бар.
3. Канаттуулардын сөөк түзүлүшү өзгөчө. Сөөктөрүнүн ичи бош жана жеңил болгондуктан, учууга ыңгайлуу.
Булар биринчи эле оюбузга келген кээ бир өзгөчөлүктөр. Бул жандыктардын ортосунда дагы канчалаган айырмалар бар. Силерге жогоруда да айтканыбыздай, эгер бир сойлоочу канаттууга айланганда, ортодо сансыз өткөөл жандыктар жашап өткөн болушу керек эле. Жана фоссилдердин арасынан алардын да калдыктары чыгышы керек эле. Башкача айтканда, жарым канаттуу, жарым жүндүү-жарым кабырчыктуу, жарым тумшуктуу, жарым ооздуу кызыктай жандыктардын калдыктары табылышы керек эле. Бирок жер жүзүндөгү фоссилдердин арасында мындай калдыктар жок. Табылган фоссилдер же толук кандуу сойлоочуга же толук кандуу канаттууга тиешелүү. Демек, канаттуулар сойлоочулардан эволюция болгон эмес. Бардык жандыктар сыяктуу канаттууларды да Аллах жараткан.
Бирок эволюционисттер муну кабыл алгылары келбегени үчүн, калп айтып адамдарды ишендирүүгө аракет кылышкан. Азыр кездешпеген, болжол менен 150 миллион жыл мурда жашаган археоптерикс аттуу бир канаттуунун фоссилин таап, аны жарым канаттуу-жарым динозавр болгон өткөөл форма деп аташкан. Жана «археоптерикс – канаттуулардын түпкү теги» деген акылга сыйбаган бир пикирди чыгарышкан.
Бирок бул нагыз калп: археоптерикс толук кандуу канаттуу! Себеби;
1. Археоптерикстин азыркы канаттуулар сыяктуу жүндөрү болгон.
2. Канаттуулардын канаттары туташкан көкүрөк сөөгүнүн дал өзүндөй сөөк археоптериксте да бар.
3. Археоптерикс канаттуулардын түпкү теги боло албайт. Анткени андан да мурда жашаган канаттуулардын фоссилдери табылган. Башкача айтканда, археоптерикс жок кезде эле башка канаттуулар болгон.

Адамдын эволюциясы жомогу

Эволюционисттер адамдар маймылдан келип чыккан, башкача айтканда, адамдардын түпкү теги маймыл болгон дешет. Бирок Дарвиндин да, башка эволюционисттердин да муну тастыктай турган бир дагы далили жок. Бул дагы толугу менен ойдон чыгарылган бир калп.
Негизи эволюция теориясынын пайда болуу себептеринин бири адамдарга аларды Аллахтын жаратканын унуттуруу аракети болгон. Адамдар эгер кокусунан пайда болгонуна жана түпкү тегинин бир айбан экенине ишенишсе, Аллахтын алдында жоопкерчиликсиз болуп башташат. Натыйжада адамдар бардык руханий баалуулуктарын унутуп, бир гана өз кызыкчылыгын ойлогон кишилерге айланышат. Бир гана өз кызыкчылыгын ойлогон адамдар мекенди сүйүү, желекти сүйүү, үй-бүлөнү сүйүү, жан аябастык, боорукердик, мээримдүүлүк сыяктуу өтө баалуу сезимдерин да жоготушат. Эволюционисттер ушундай руханий баалуулуктарга маани бербеген адамдарды пайда кылуу үчүн эволюция теориясын жакташат. Алардын максаты адамдарга Аллахтын бар экенин унуттуруу. Ошондуктан адамдарга «силерди Аллах жараткан жок, силер маймылдардан пайда болгонсуңар, башкача айтканда, силер өнүккөн айбансыңар» дешет.
Чындыгында болсо адамды Аллах жараткан. Жана адам башка бардык жандыктардан айырмаланып, сүйлөй алган, ойлоно алган, сүйүнө алган, чечим чыгара алган, цивилизацияларды курган, байланыш түзө алган, акылы бар жалгыз жандык. Адамга бул өзгөчөлүктөрдүн баарын Аллах берген.

Эволюционисттер адамдын маймылдан пайда болгонуна бир дагы далил көрсөтө алышпайт

Илим тармагында «далил» көрсөтүү абдан маанилүү. Эгер бир нерсени айтып, адамдардын ага ишенишин кааласаңар, сөзсүз далил көрсөтүшүңөр керек болот. Мисалы, бирөөлөр менен жаңы эле таанышып, «менин атым Айша» дедиңиз. Бирок алардын арасынан бирөө чыгып: «мен сенин атыңдын Айша экенине ишенбейм» десе, анда ага далил көрсөтүп атыңыздын Айша экенин далилдей аласыз. Кандай далил көрсөтүшүңүз мүмкүн? Паспортуңуз же күбөлүгүңүз далил боло алат. Аны көрсөтсөңүз, ал адам эчтеке дей албайт.
Бир илимий мисал да келтирели. Мындан бир канча кылым мурда Ньютон аттуу белгилүү бир илимпоз чыгып, «жердин тартылуу күчү бар» деп айткан. Муну кайдан билээрин сурагандарга болсо бир далил көрсөткөн. «Бир алма бутагынан үзүлгөндө жерге түшөт, абада туруп калбайт. Демек жерде аны тартуучу бир күч бар жана ал күчтүн аты тартылуу күчү, башкача айтканда, гравитация» деп айткан.
Демек эволюция теориясынын да илимий жактан ынанымдуу болушу үчүн далили болушу керек. Мисалы, эволюция теориясы «адамдын түпкү теги маймыл» дейт. Анда биз да эволюционисттерге суроо узатабыз: муну кайдан билесиңер? Далилиңер барбы?
Адамдын түпкү теги эгер маймыл болгондо, далил катары жарым адам-жарым маймыл болгон жандыктардын фоссилдерин табышыбыз керек эле. Бирок ушул күнгө чейин мындай фоссил табылган жок. Колубузда же маймылдын фоссилдери же адамдын фоссилдери бар. Башкача айтканда, эволюционисттердин адамдын түпкү тегинин маймыл экенин көрсөткөн бир дагы далили жок!
Бирок эволюционисттер көз бойомочулуктарды колдонуп адамдарды жаңылтууга аракет кылышат.

Эволюционисттердин кээ бир калптары:

1. Эволюционисттер «жарым адам-жарым маймыл бир жандыкты таптык» деп тукум курут болгон маймылдардын фоссилдерин көрсөтүшөт.
Буга окшогон сүрөттөрдү сөзсүз бир жерлерден көргөн болушуңар керек. Эволюционисттер ушул сыяктуу сүрөттөрдү тартып, адамдарды жаңылтууга аракет кылышат. Чындыгында болсо мындай жандыктар эч качан болгон эмес. Байыркы замандарда да азыркыдай эле толук кандуу адамдар жана толук кандуу маймылдар жашаган. Эч качан бул сүрөттөрдөгүдөй жарым маймыл-жарым адам кейпиндеги жандыктар болгон эмес. Мындай нерсе эч качан болбойт. Ансыз да, жогоруда айтылгандай, муну далилдеген бир дагы фоссил таба алышкан жок.
Бирок эволюционисттер бул жөнүндө ар кандай көз бойомочулуктарды жасашат. Мисалы, тукум курут болгон, азыр кездешпеген бир маймыл түрүнүн фоссилин алып, ага адамдын сөөктөрүнөн улашат жана аны жарым адам-жарым маймыл кейпиндеги бир жандыктай көрсөтүшөт. Бул жөнүндө көп маалыматы жок кээ бир адамдар эволюционисттердин бул калпына ишенишет.

2. Эволюционисттер ар кайсы адам расаларына тиешелүү фоссилдерди адамдын түпкү теги болгон жарым адам-жарым маймыл жандыктардай көрсөтүшөт.
Баарыңар билгендей, жер жүзүндө көптөгөн адам расалары бар. Негрлер, кытайлар, индеецтер, африкалыктар, эскимостор жана дагы көптөгөн расаларга тиешелүү адамдар бар. Жана, албетте, расасына жараша адамдардын кээ бир өзгөчөлүктөрү да бири-биринен айырмаланат. Мисалы, кытайлардын көздөрү кууш, негрлердин терилери кара түстө жана чачтары тармал. Бир индеецти же эскимосту көрсөңөр, ошол замат анын башка расадан экенин түшүнөсүңөр.
Тарыхта да ушул сыяктуу көптөгөн расалар жашаган жана алардын кээ бир өзгөчөлүктөрү азыркы расалардан айырмаланат. Мисалы, неандерталь расасына тиешелүү адамдардын баш сөөктөрү азыркы адамдардыкына караганда бир топ чоң болгон. Булчуңдары болсо биздикине салыштырмалуу абдан өрчүгөн жана күчтүү болгон. Бирок эволюционисттер расалардын ортосундагы бул айырмачылыктарды адамдарды жаңылтуу үчүн пайдаланышат. Мисалы, неандерталь адамынын баш сөөгүнүн калдыгын тапканда «бул адамдардын он миңдеген жыл мурда жашаган жарым маймыл-жарым адам атасы» дешет. Же кээ бир расалардын баш сөөгү кичирээк болот. Эволюционисттер мындай баш сөөктөрүн тапканда болсо «бул баш сөөгүнүн ээси маймылдыктан жаңы чыккан, жаңы эле адамга айланып баштаган» дешет.
Чындыгында болсо баш сөөгүнүн көлөмү башка расаларга караганда бир топ кичинекей болгон адам расалары азыр да жашайт. Мисалы, жергиликтүү аборигендердин баш сөөгүнүн көлөмү абдан кичинекей. Бирок бул алардын жарым маймыл-жарым адам экенин көрсөтпөйт. Алар да силер сыяктуу жана бүт адамдар сыяктуу кадимки адамдар.
Кыскасы, эволюционисттердин «адамдар маймылдан пайда болгон» деген көз-карашына далил катары көрсөткөн фоссилдери же мурда жашап, тукум курут болгон маймылдарга, же болбосо тукум курут болгон адам расаларына тиешелүү. Башкача айтканда, жарым адам-жарым маймыл жандыктар эч качан жашаган эмес!

Эволюционисттердин чоң көз бойомочулуктарынын кээ бирлери:

1. Пилтдаун адамы тууралуу көз бойомочулук

Жасалма пилтдаун адамы
1912-жылы эволюционист илимпоздор тарабынан жаак сөөгүнүн жана баш сөөгүнүн бир бөлүгүнүн фоссили табылган. Жаак сөөгү маймылдын жаагына, баш сөөгүнүн сыныгы болсо адамдыкына окшош болгон. Башкача айтканда, эволюционисттердин ою боюнча, бул жандык жарым адам-жарым маймыл болгон. Ал сөөктөр 500 миң жылдык сөөктөр жана адамдын маймылдан пайда болгондугунун далили деп айтылган. Жана ал сөөктөр болжол менен 40 жыл бою көптөгөн музейлерде эволюциянын далили катары көргөзмөлөрдө турган.
Бирок 1949-жылы ал сөөктөр кээ бир илимий ыкмалар менен текшерилгенде, таң калыштуу жыйынтык алынган: жаак сөөгү 500 миң жыл эмес, болгону 2-3 жылдык болгон. Баш сөөгүнүн бөлүктөрү бир адамга тиешелүү болуп, болгону бир канча миң жылдык болуп чыккан.
Чындык кийин белгилүү болду: эволюционисттер адамдын баш сөөгүнө маймылдын жаагын жабыштырып, үстүнө химиялык заттарды сүйкөп, эски көрсөтүүгө аракет кылышкан. Башкача айтканда, эволюционисттер жарым адам-жарым маймыл болгон бир жандыктын фоссилин таба албаган соң, анын жасалмасын жасоого киришишкен. Бул окуя тарыхка илимдеги эң чоң көз бойомочулуктардын бири катары жазылды...

2. Небраска адамы тууралуу көз бойомочулук

1922-жылы бир азуу тиштин фоссили табылган. Эволюционисттер ал тиште адамга да, маймылга да тиешелүү өзгөчөлүктөр бар деп чыгышкан. Андан соң ошол тишке таянып, ойдон чыгарылып адам менен маймылдын ортосундагы бир жандыктын сүрөтү тартылган.
Ал тургай, ал жандыктын үй-бүлөсүнүн сүрөтү да тартылган. Ал сүрөттөрдүн баары бир тиштен келип чыккан... Элестетип көргүлө. Бир тишиңер түшүп калса, ал тишти силерди эч көрбөгөн бирөө алып, «ушул тишти карап, сенин келбетиңди өзүндөй кылып тарта алам» десе, ага ишенесиңерби? Ал тургай, ал тишти карап, «бир эле сени эмес, үй-бүлөңдү да тартам» десе, бул абдан сандырак сунуш болмок, туурабы? Албетте, бир тишти карап бир жандыктын жана анын үй-бүлөсүнүн сүрөтүн тартуу эч акылга сыйбайт.
1927-жылы өтө кызыктуу бир окуя болгон. Ал тиштин ээсинин башка сөөктөрү да табылган. Тиш маймылга да, адамга да тиешесиз болуп чыккан.
Көрсө, ал камандын тиши экен...
Бул окуя эволюция көз бойомочуларынын үмүтүн таш каптырган.

Эволюционисттердин ойдон чыгарган сүрөттөрү. Бир баш сөөгүнөн үч башка сүрөт тартышкан:
1. 1964-жылы 5-апрельде Sunday Times гезитинде чыккан сүрөт;
2. Уилсон Морис тарткан сүрөт;
3. Н. Паркер тарткан сүрөт - (N. Geographic, 1960-ж. сентябрь). 

Бул сүрөттөрдү көрдүңөрбү? Бир баш сөөгүнөн ар бир эволюционист ар башка сүрөт тарткан. Алар да эмнени тартаарын билишкен эмес. Анткени мындай жандыктар эч качан болгон эмес. Булардын баары эволюционисттердин ойлоп чыгаргандары. Силер көчөдөн бир сөөктүн сыныгын таап алып, анан ушуга окшогон бир сүрөт тартып, досторуңарга алпарып «бул жандыктар мурда жашаган» десеңер, кандай жооп аласыңар?
Албетте, силер мындай кылбайсыңар, себеби мунун канчалык акылсыздык экенин билесиңер. Эволюционисттердин ушунчалык апачык чындыкты түшүнбөгөнү таң калыштуу эмеспи?

Адамдын маймылдан пайда болбогондугунун далилдери:

Бул баш сөөгү 800 миң жылдык
бир адамга тиешелүү жана
эволюционисттердин калп
айтканын көрсөтүүдө.
1. Илимпоздор абдан байыркы доорлордо жашаган адамдардын фоссилдерин табышкан. Ал калдыктар менен азыркы адамдардын ортосунда эч кандай айырма жок. Мындан тышкары, бул фоссилдер жашаган доордо эволюционисттердин ою боюнча, адам пайда боло элек эле. Адамдын түпкү теги болгон маймылдар гана жашашы керек эле.
Мисалы, Испаниядагы бир үңкүрдө жүргүзүлгөн казууларда мындан 800 миң жыл мурда жашаган бир жаш баланын фоссилдери табылган. Ал баланын жүзүнүн өзгөчөлүктөрү азыркы жаш балдарга окшош болгон. Бирок эволюционисттердин ою боюнча, 800 миң жыл мурда адамдар жашабашы керек эле. Алардын ою боюнча, 800 миң жыл мурда жарым адам-жарым маймыл жандыктар болушу зарыл эле. Бирок Испаниядан табылган фоссил адамдын биринчи жаралганда эле адам болуп жаралганын көрсөттү. Эч качан жарым маймыл-жарым адам жандыктар болгон эмес.
2. Илимпоздор таштан жасалган бир алачыктын (кепенин) калдыктарын табышкан. Анын жашын эсептегенде 1,5 миллион жылдан да эски экенин аныкташкан. Демек мындан 1,5 миллион жыл мурдакы адамдар примитивдүү болгон эмес. Азыркы адамдардай кадимки адамдар болушкан. Бул да эволюционисттердин «адам маймылдан пайда болгон, алгач примитивдүү адамдар (жарым маймыл-жарым адамдар) жашаган, анан эволюция болуп, азыркы көрүнүшүнө айланган» деген көз-карашын четке кагат.
ЖАСАЛМА
3. Ушул күнгө чейин табылган эң байыркы адам калдыктарынын бири - 1,6 миллион жылдык Туркана баласынын фоссили. Изилдөөлөрдүн натыйжасында бул фоссилдин 12 жаштагы бир адамга тиешелүү экендиги жана бойго жетсе боюнун 1,80 метрге жетээри аныкталган. Бул фоссилдин скелет түзүлүшү азыркы адамдыкына толук дал келгендиктен, «адам маймылдан пайда болгон» деген ишенимди четке какканга өзү эле жетиштүү болгон.
4. Адам жандыктардын арасында 2 буту менен баскан жалгыз жандык. Ат, ит, маймыл сыяктуу жаныбарлар төрт буттуу; жылан, крокодил, кескелдирик сыяктуу жандыктар болсо сойлоочулар.
Төрт буттап баскан маймыл эч качан
эки буттап баскан адамга айланбайт.
Эволюция теориясы боюнча, миллиондогон жыл мурда төрт буттуу жаныбарлардын арасынан маймылдар басканын өзгөртүп, эңкейип басып башташкан. Миңдеген жыл эңкейип баскан соң, бир күнү толук тик туруп басып башташкан. Ошентип адам пайда болгон. Эволюция теориясынын бул көз-карашы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгынан эмес, толугу менен кыялдануудан келип чыккан. Акыркы жылдардагы илимпоздордун жасаган изилдөөлөрү бул көз-караштын илимий жактан туура эместигин көрсөттү.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, жандыктар 2 буттап же 4 буттап басканда энергиясын эң жакшы колдонушат. Жандык экөөнүн ортосунда, башкача айтканда, эңкейип басканда 2 эсе көп энергия коротот.
Анда маймылдар абдан көп энергия коротконуна карабастан, эмне үчүн миллиондогон жылдар бою эңкейип басышсын? Бул бир адамдын жөн басуунун ордуна, жонуна оор жүктү асынып алып басууну тандашына окшошот. Же силер эки буттап кыйналбай баскандын ордуна, эки колуңар менен басууну тандайсыңарбы? Албетте, эч бир жандык эң оңой басуу ыкмасын өзгөртпөйт. Аллах бардык жандыктарга оңой кыймылдоо ыкмаларын тартуулаган.
Кыскасы, эволюция теориясы «төрт буттап баскан маймыл эмне үчүн бир күнү эки буттап басууну чечти?» деген суроого жооп бере албайт.

Эң чоң айырма

Адам менен маймылдын ортосундагы эң чоң айырмачылык болсо, адамдын руху бар, маймылдын руху жок. Адам аң-сезимдүү, ойлоно алган, сүйлөй алган, туура сүйлөм түзүп, ойлорун башка адамдарга жеткире алган, чечим чыгара алган, сезген, ырахат алган, искусствону түшүнгөн, сүрөт тарта алган, обон чыгара алган, ырдай алган, үй-бүлөсүн, мекенин, элин сүйүү сыяктуу руханий баалуулуктарды билген, илим-билимдүү бир жандык. Булардын баары адамдын рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөр. Жаныбарлардын болсо руху жок. Адамдан башка эч бир жандыкта мындай өзгөчөлүктөр болбойт.
Эволюционисттер жооп бере албаган суроолордун бири ушул. Бир маймыл адамга айланышы үчүн бир жагынан дене түзүлүшү өзгөрүп, экинчи жагынан адамга тиешелүү өзгөчөлүктөрү пайда болушу керек. Бир маймылда өзүнөн-өзү сүйлөө, сүрөт тартуу, ойлонуу, обон чыгаруу сыяктуу жөндөмдөрдүн пайда болбошу анык. Бул, албетте, мүмкүн эмес.
Аллах адамды теңдешсиз өзгөчөлүктөр менен жараткан жана жаныбарларга адамдардагы көптөгөн жөндөмдөрдү берген эмес.
Көрүнүп тургандай, маймыл эч качан адамга айлана албайт. Адам биринчи жаралган күндөн бери адам бойдон келе жатат. Балыктар балык бойдон, канаттуулар канаттуу бойдон өзгөрбөй келе жатат. Эч бир жандык түрү башка бир түрдүн түпкү теги эмес. Адамды жана бардык жандыктарды Аллах жараткан.
Эволюционисттердин «адам маймылдан пайда болгон» деп айтышынын себеби – дене түзүлүшүнүн бири-бирине окшошуп кетиши. Бирок жер жүзүндө адамга өзгөчөлүктөрү жагынан маймылдан көбүрөөк окшошкон жандыктар да бар. Мисалы, бул сүрөттөрдөгү тоту куштар сүйлөй алышат. Же осьминогдордун көзү адамдын көзүнө абдан окшош. Мышыктар менен иттер, силер да билгендей, сөз угушат, адамдын айтканын жасашат. Бирөө чыгып «адамдар мурда ит болчу» же «тоту куш болчу» же болбосо «осьминог болчу» десе, силер кандай ойго келесиңер? Эволюционисттердин «адамдын түпкү атасы маймыл» деген жалганынын да мындан эч бир айырмасы жок.

Дарвиндин жана эволюционисттердин эң көп корккон нерселеринин кээ бирлери

Көз иштеши үчүн бардык тетиктери болушу шарт.
Көз абдан татаал жана кемчиликсиз долбоорлонгон бир орган. Көз 40 тетиктен турат жана алардын бирөө эле болбосо, көз көрө албайт.
Бул кичинекей тетиктердин баары өтө кылдат пландалган түзүлүшкө ээ жана кокусунан пайда болушу мүмкүн эмес. Алардын бирөөсү эле болбосо, мисалы карек болбосо, көз эч нерсеге жарабайт. Ал тургай, карек менен чечекейдин орду алмашып калса, көз өзүнүн милдетин аткара албайт. Көздөн жаш бөлүнүп чыкпаса, ал кыска убакытта кургап, сокур болуп калат.
Көздү түзүлүшү жагынан машинага салыштырсак болот. Машина жүздөгөн тетиктен турат. Жана ал тетиктердин баары болуп, бир гана газ педалы болбосо, машинаны ордунан жылдыра албайсыз. Же моторундагы кичинекей бир зымы үзүлүп калса, машина иштебейт. Көз да машина сыяктуу бир байламтасы кем болсо же бир эле тетиги болбосо, көрө албайт.
Ошондуктан эволюционисттер көздүн кантип пайда болгонун түшүндүрө алышпайт. Себеби көздүн кокусунан пайда болушу мүмкүн эмес. Элестетсеңер, 40 башка тетик бир учурда, бир жерде кокусунан пайда болуп, биригип калышы мүмкүнбү? Башкача айтканда, көздүн чечекейи, кареги, тордомо чели, кабактары, жаш бездери жана башка бөлүктөрү кокусунан пайда болуп, баары орду-ордуна жайгашышы керек. Мындай болушу мүмкүн эмес.
Токойдо баратып, бир машина көрсөңөр жана «бул машина бул жакка кантип келди» деп сурасаңар. Силерге «токойдогу кээ бир заттар кокусунан биригип, бул машинаны пайда кылышты» дешсе, буга ишенесиңерби? Машинанын моторун, кошкучун, рулун, тормозун, газ педалын, кол тормозун, айнектерин, капотун, багажын жана дагы жүздөгөн тетигин кокусунан пайда болуп, андан соң баары орду-ордуна жайгашып калган деген адамдын акылынан күмөн саноо керек.
Көздүн түзүлүшү болсо машинадан да татаал жана кемчиликсиз. Демек көздү кокусунан пайда болгон деп айткандардын да акылынан күмөн саноо керек. Дарвин да көздүн кантип пайда болгонун түшүндүрө алган эмес. Жана мындай деген: «көздөрдү ойлонуу мени бул теориядан суутту    (Norman Macbeth, Darwin Retried: An oppcal to reason, Boston; Gambit, 1971, p.101). Теориянын негиздөөчүсү Дарвин да көздөрдүн кемчиликсиз түзүлүшү жөнүндө эчтеке айта алган эмес.

Денебиздеги маалымат базасы: ДНК

ДНКдагы маалымат
Адамдын денесинде триллиондогон клетка бар. Жана ал клеткалардын ар биринин ичинде ал адамдын бардык өзгөчөлүктөрү жазылган. Бул маалыматтар клетканын кайсы жеринде сакталган?
Клеткалардын ар биринин ядросунда ДНК аттуу бир молекула болот. ДНК адамдын денесине тиешелүү бардык маалыматтарды камтыйт. Силердин чачыңардын же көзүңөрдүн өңү, ички органдарыңар, сырткы көрүнүшүңөр, моюнуңардын узундугу сыяктуу бардык маалыматтар ДНКңарда коддор менен жазылган. Бул маалыматтар 4 тамга менен коддолгон: A, T, G, C. Бул тамгалар молекулалардын аттарынын биринчи тамгалары. Бул төрт тамга ар кандай формада тизилүү аркылуу маалыматтарды пайда кылат.
Муну бир алфавитке салыштырууга болот. Мисалы, биздин алфавитибизде 36 тамга бар жана алардын ар кандай формада тизилишинен ар кандай сөздөр келип чыгат. Ошол сыяктуу эле, ДНКдагы 4 тамганын ар кандай формада тизилишинен ар кандай маалыматтар пайда болот.
ДНКдагы маалыматтын көлөмү абдан чоң. Анын көлөмүн түшүнүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасасак болот: эгер ДНКдагы маалыматтарды кагазга жазуу керек болгондо, ар бири 500 беттен турган 900 томдук чоң бир китепкана пайда болмок. Бул китептерди батыруу үчүн бир футбол аянтчасындай узундуктагы китепкана талап кылынмак. Бирок ушундай көлөмдүү маалымат көзүбүзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей бир молекулага батырылган.

1. Ткань; 2. Клетка ядросу; 3. Хромосомалар; 4. ДНК спиралы.
Гүлдүн, жөжөнүн, баланын, кыскасы, бардык жандыктардын
ар бир клеткасында бүт дененин маалыматтары ДНКга жазылган.
Мынча маалыматты ал жерге ким жазган? Жана ушунча чоң маалыматты ошончолук кичинекей жерге ким батыра алган? Эволюционисттер булардын баарын кокусунан пайда болгон дешет. Бирок мындай нерсе аң-сезимсиз, сокур кокустуктардын натыйжасында эч качан пайда болбойт. ДНКны да, ДНКнын ичиндеги бардык маалыматтарды да Аллах жараткан.
Ойлоп көргүлө: силер бир китепкананын ичинде толтура энциклопедия көрсөңөр, ал энциклопедиялардагы маалыматтарды кокусунан жазылып калган деп ойлойсуңарбы? Же көптөгөн билимдүү мугалимдер, профессорлор ал энциклопедияларды даярдап, андан соң ал китептер бир басмаканада басылган деп ойлойсуңарбы? Албетте, туурасы жана акылга туура келгени экинчи вариант. Эволюционисттердин «ДНК кокусунан пайда болгон» дегени эмнеге окшошот, билесиңерби?
Бир күнү бирөө келип, «басмаканада бир жарылуу болду жана ал жарылуунун натыйжасында өзүнөн-өзү бир китепкана пайда болду» дегенге окшошот. Же бир күнү класстагы партаңарга отурсаңар, анын үстүндө «Кыргызстандын географиялык шарттары» жазылган бир барак турат дейли. Муну ким жазды деп сурасаңар, жаныңардагы досуңар: «бир аз мурда бул кагаздын үстүндө бир шише сыя турган. Мен кокусунан партаны түртүп кетсем, сыя кагаздын бетине төгүлдү, ошентип бул жазуу пайда болду» десе. Досуңардын акылынан күмөн санамак болушуңар керек.
Эволюционисттер мындан да сандырак нерселерди айтышат.
Бир барак жазуу да кокусунан, өзүнөн-өзү пайда болбойт, аны сөзсүз бирөө жазат. Ошол сыяктуу эле, ДНКдай кемчиликсиз маалымат базасы да өзүнөн-өзү, кокусунан пайда боло албайт. ДНКны улуу жана кудуреттүү, бүт нерсени жасаганга кудурети жеткен, жердин, асмандын жана ал экөөнүн ортосундагылардын Рабби Аллах жараткан.

Бүт баарын Аллах жараткан

Миллиарддаган маалыматты көзүбүз менен көрө албай турганчалык кичинекей жерге Раббибиз батырган.
Бизди, колдорубузду, көздөрүбүздү, чачтарыбызды, буттарыбызды Аллах жараткан.
Үй-бүлөбүздү, ата-энебизди, бир туугандарыбызды, досторубузду, мугалимдерибизди да Аллах жараткан.
Көңүлүбүзгө эң жаккан тамактарды, шоколаддарды, тортторду, момпосуйларды, бизге ден-соолук жана күч берген мөмө-жемиштерди, жашылчаларды биз үчүн жараткан Аллах. Эгер Аллах биз үчүн буларды жаратпаганда, биз эч качан шоколаддын даамын да билмек эмеспиз.
Бизге даам жана жыт сезүү сезимдерин Аллах берген. Эгер Аллах бизге буларды бербегенде, биз жакшы көргөн бир нерсебизди жегенде анын даамын сезмек эмеспиз. Картошка жесек да, торт жесек да биз үчүн бирдей болмок. Бирок Аллах бизди жакшы көрсүн, ырахат алсын деп даамдуу, жыттуу тамактарды да жараткан жана бизге алардын даамы менен жытын сезе турган сезимдерди да берген.
Өмүрүңөрдө көңүлүңөргө жаккан, ырахат тартуулап, маанайыңарды көтөргөн көп эле нерселерди көрдүңөр болуш керек. Бул бир тамак, оюн же оюнчук болушу мүмкүн, же болбосо жакшы көргөн адамдарыңар менен бир жерге барган болушуңар мүмкүн. Эч качан унутпагыла, булардан ырахат алдырган Раббибиз Аллах. Аллах адамдарга көптөгөн сый-жакшылыктарды берет.
Баарынан мурда, силер жок элеңер. Ойлоп көрсөңөр, төрөлөөрдөн мурда эч жерде эмес болчусуңар. Башкача айтканда, эч ким эмес элеңер. Силерди Аллах жаратты. Силер жок элеңер, анан силерди жаратты.
Демек, жашообуздун ар бир көз ирмеми үчүн Аллахка шүгүр кылышыбыз керек. Кубанганда жана көңүлүбүзгө жаккан бир нерсе болгондо Аллахты эстеп, бизге ошону бергени үчүн «Аллахым буларды мага бергениң үчүн сага шүгүр кылам» дешибиз зарыл. Эгер көңүлүбүзгө жакпаган бир нерсеге туш болсок, ошол замат Аллахка дуба кылышыбыз керек. Анткени бизди андай абалдардан да бир гана Раббибиз куткарат.
Аллах ар бир дубабызды сөзсүз угат жана жооп берет. Себеби Аллах биздин ичибиздеги ойлорубузду билет, ар бир дубабызды угат жана жооп берет.
Биздин милдетибиз болсо, бизди жараткан, дүйнөнүн бардык сый-жакшылыктарын бизге берген Раббибизге чын жүрөктөн шүгүр кылуу. Аллахтын ар дайым жаныбызда экенин, ар дайым бизди көрүп, угуп тураарын билип, дайыма жакшы иштерди жасоо.
  
... Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың. (Бакара Сүрөсү, 32)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder