3 Aralık 2019 Salı

АЛП КИТТЕР


Сууда жашаган эң чоң жаныбарлар – бул киттер. Өзгөчө «көк кит» деп аталган кит түрүнүн бою 30 метрден, салмагы 150 000 килограммдан ашат. Бул киттин боюнун узундугун түшүнүү үчүн 5 кабаттуу үйдү элестеткиле. Ошондой эле, анын салмагынын болжол менен 25-30 пилдин салмагына барабар экенин да унутпагыла.
Бирок ушунчалык чоң жана ушунчалык оор бир жаныбар кантип океандын 800-1000 метр тереңине чумкуп, кайра суунун бетине эч кыйналбай чыга алат? Мисалы, 150 тонналык, 30 метрлик чоң бир кемени элестеткиле. Бул чоң кеме океанда чөгүп, 1000 метр тереңдикке түшүп кетсе, аны кайра суунун бетине чыгаруу бир канча жылдык эмгекти талап кылат. Ал эми кит болсо Аллах ага берген күч менен 15-20 секунданын ичинде суунун бетине чыга алат. Анткени киттин сөөктөрү сүлгү (губка) сыяктуу бир заттан жаратылган жана ал сөөктөрдүн ичин май каптап турат, ошондуктан киттер суунун бетинде оңой калкып турушат.
Ошондой эле, киттер дасыккан суучулдар. Денелери океандын тереңиндеги күчтүү басымга чыдамкай жаратылган. Жаныбардын канындагы жана булчуңдарындагы кычкылтек суунун астында жүргөндө жана дем албаган учурларда аны азыктандыра турган химиялык заттар менен аралашат. Кан айлануу системасы болсо канды ички органдардан мээге жибере ала тургандай кылып жаратылган. Мындан улам кит дем алуу үчүн суунун бетине чыкканга чейин денесиндеги кычкылтекти кычкылтекке эң көп муктаж болгон органга, башкача айтканда, мээге жибере алат.
Илимпоздорду айран таң калтырган бул кереметтүү система Аллахтын чеберчилигинин бир чагылуусу, башкача айтканда, көрүнүшү. Мындан улам кит бир чумкуганда 15-20 мүнөттөн көбүрөөк убакыт суунун түбүндө дем албастан жүрө алат.
Мындан тышкары, киттер океандын тереңинен суунун бетине бат чыкканда, адамдардай болуп декомпрессиялык ооруларга чалдыгышпайт.
Балдар, декомпрессиялык оору деген эмне деп ойлонуп жатышыңар мүмкүн. Декомпрессия бийиктиктеги айырмалардан улам басымдын өзгөрүшүнөн келип чыгат. Суучулдар терең сууларга чумкуганда декомпрессияга чалдыкпоо, башкача айтканда, басымдагы айырмадан жабыркабоо үчүн белгилүү деңгээлдерде токтоп денелерин ошол басымга көндүрүшөт. Ошентип өтө тереңдерге акырындап түшүшөт. Ошондой эле, кайра жогору чыкканда да белгилүү аралыктарда кайрадан эс алуулары зарыл. Антпесе, суучулдун кан тамырлары басымдагы айырмадан улам жарылып, суучул каза болот. Киттерде мындай көйгөй жок. Анткени Аллах киттерди океанда, адамдарды болсо кургактыкта жашай ала турган өзгөчөлүктөр менен жараткан.
Киттин башынын үстүндөгү тешиктен суу чачып жатканын көргөн болушуңар керек. Ал тешиктин анын мурду экенин билчү белеңер? Киттер мурдун бир гана дем алып чыгаруу үчүн колдонушат. Кээ бир адамдар киттер ал тешиктен суу чачат деп ойлошот. Чындыгында болсо алар болгону өпкөлөрүндөгү абаны чыгарышат. Ал аба суу буусунан турганы жана сырттагы абадан жылуу болгону үчүн, алыстан караганда суу бүркүмүндөй көрүнөт.
Киттин денеси көбүнчө торпедо формасында болот жана сууда сүзүүгө ыңгайлуу. Балыктардын куйруктары көбүнчө сууга вертикалдуу жайгашса, киттердин куйругу сууга горизонталдуу жайгашкан. Кит бул куйругу менен денесин алдыга жылдырат.
Киттин терисинин астында калыңдыгы болжол менен 50 сантиметр болгон май катмары бар. Анын негизги милдети киттин дене температурасын 34-37 градуста кармоо.
Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске салуу керек. Киттер жана башка балыктар көп адамдар ойлогондой деңиздин же океандын суусун ичишпейт. Анткени туздуу суу ичүү жандык үчүн зыяндуу. Ошондуктан керектүү сууну жеген азыктарынын ичиндеги суудан алышат.
Жыл сайын Калифорнияда декабрь жана январь айларында боз киттер Түндүк Муз океанынан Түндүк Американын түштүк жээктерине өтүп Калифорнияны көздөй сүзүшөт. Туут үчүн жылуу сууларга багыт алышат. Бул саякат учурунда эң кызыгы бооз кит эч нерсе жебейт жана буга муктаждыгы да болбойт. Жайдын узун күндөрүндө түндүктүн азыкка бай сууларындагы азыктар менен тоюнат. Ошентип көпкө созула турган көчүү мезгилине керектүү энергиядан да көбүрөөк энергияны камтыган калың май катмары пайда болот. Энеликке талапкер, бооз кит Батыш Мексикага жетээр замат бала тууйт. Балдар энелеринин сүтү менен азыктанып, май топтошот, ошентип март айында түндүктү көздөй багытталган сапарга күч чогултушат.
Бардык сүт эмүүчүлөр сыяктуу кит да балдарын сүт менен тойгузат. Бирок киттин балдары сүттү эмишпейт, эгер эмсе ооздоруна сүт менен кошо океандын суусу да кирет. Жогоруда айтылгандай, туздуу суу ичүү кит үчүн зыяндуу. Ургаачы киттердин эмчек бездеринин айланасында бир булчуң катмары бар. Эне кит бул катмарды жыйрыганда басым пайда болот жана натыйжада, дельфиндер сыяктуу, сүттү түздөн-түз баласынын оозуна чача алат. Киттин сүтү кадимки сүткө окшобойт. Абдан коюу, майлуу бир зат. Ошондуктан сүт океандын суусуна аралашпайт. Киттин баласы ичкен, тагыраак айтканда, жеген бул зат ашказанда ээрийт. Ал азыкта балага керектүү суу да бар. Көрүнүп тургандай, киттин балдары азыктанышы үчүн Аллах аларга эң мыкты системаны жараткан.
Киттин көздөрүнүн үстүнөн бөлүп чыгарылган майлуу, тунук суюктук жаныбардын көздөрүн океандын суусунун зыяндуу таасирлеринен коргойт. Киттин сезүү (тийүү) жана угуу сезимдери абдан күчтүү. Суунун астында ар кандай үндөрдү чыгарат жана ал үндөрдүн жаңырыгын тыңшап багытын аныктай алат. Бул органдын иштөө принциби радарлардын иштөө принциби менен бирдей. Радарлар ансыз да киттердин ушул жөндөмүн туурап иштелип чыккан. Илимпоздор киттердин чыгарган добуштарын өтө татаал бир тил деп ишенишет. Бул тил киттердин ортосундагы байланышта да маанилүү рольду ойнойт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder