Бул жандыктын
атын биринчи жолу угуп жатышыңар мүмкүн. Бирок азыр таанышканда абдан
жактырасыңар жана ырахат аласыңар.
Көп адамдар
пафиндерди пингвиндердин бир түрү деп эсептешет. Бирок пафиндер башка түрдөгү
канаттуулар. Эң чоң айырмасы, пингвиндердин тескерисинче, пафиндер уча алышат.
Пафиндер Түндүк уюлда, пингвиндер болсо Түштүк уюлда жашашат. Эң негизги
окшоштугу экөө тең суук шарттарга оңой эле көнүп кетишет.
Пафиндердин
жашоосу абдан кызыктуу. Пафин үй-бүлөсүндө эне менен ата пафин көбүнчө өмүр бою
бир болушат. Жыл сайын бир балапан чоңойтушат.
Жупталуу мезгили
келгенде, жыл бою күңүрт түстө болгон тумшуктарынын үстүндө жалтырак сызыктар
пайда болот. Бирок бул сызыктар кокусунан пайда болбойт. Алар белгилүү бир максатка
кызмат кылат жана Аллах пафиндерге аны атайын тартуулаган. Пафиндер бул
сызыктар аркылуу тумшуктарын желектей пайдаланып, бири-бирин алыстан түшүнүшөт.
Силер каалаганда
мурдуңардын үстүнө бир түстүү сызык чыгара аласыңарбы? Мисалы, төрөлгөндө бир
сызык бар болчу дейли. Каалаганда анын түсүн өчүрүп, жок кыла аласыңарбы? «Жок»
деген жообуңарды угуп жаткан сыяктуубуз. Мындан ары силер да билгендей, бул
чеберчиликти каалаган түстө жана каалаган көлөмдө жасай ала турган бир гана
күч-кудурет бар: Раббибиз Аллах.
Раббибиз үчүн ар
түрдүү канаттууларды жаратып, алардын өзгөчөлүктөрүн жашаган чөйрөсүнө
ыңгайлаштыруу канчалык оңой болсо, мындай сызыктарды жаратып, кайра жок кылуу
да ошончолук оңой.
Пафиндерди
ушунчалык кооз жана сүйкүмдүү кылып жараткан Аллах аларга башка кызыктуу
касиеттерди да берген. Аларды да карайлы:
Пафиндердин
балапандары 6 жумалык кезинде ата-энелерин таштап, деңиздердин үстүндө жалгыз
учушат. Ден-соолугу чың бир пафин 25 жылдай жашайт.
Пафиндер суунун
абдан тереңине чейин чумкуй алышат. Адамдар алардай тереңге чумкушу үчүн
канчалык эмгек талап кылынаарын билесиңерби? Эң биринчиден кычкылтек баллонун
тагышы керек. Мындан тышкары, тереңдеген сайын басым да жогорулагандыктан, өлүм
коркунучу келип чыгат. Ошондуктан сууга чумкуу жогорку чеберчиликти талап
кылат. Пафиндер ошончо тереңдикте демин сактап, суунун бетине кайра чыгуу
ыкмасын кантип жана кайдан үйрөнгөн болушу мүмкүн? Раббибиз бизге жаратуу
чеберчилигинин улуулугун жана теңдешсиздигин дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Силерге сансыз
кооздуктардан дагы бир мисал: ооздорунун түзүлүшүнөн улам бир канча балыкты бир
тиштей алган пафиндердин белгилүү болгон рекорду 62 балык. Бир жолуда ушунча
балыкты оозунда кармай алган эненин бир гана максаты бар: балапандарын
тойгузуу! Ошондуктан оозунда бир топ балыкты тиштеп бараткан бир пафинди
көрсөңөр, демек анын балапаны бар экен деп билгиле.

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder