3 Aralık 2019 Salı

КЫЗГЫЛТ КАНАТТУУ: ФЛАМИНГО


Телевизордон кызгылт түстөгү, моюну жана буттары узун бир канаттууну көргөн белеңер? Ошол канаттуунун аты «фламинго». Фламинголор жумурткаларын ылай, кичинекей көлдөргө туушат. Эң кызыгы, ургаачы фламинго жумурткасын тез кургоочу ылайдан уя жасап, ошого тууйт.
Өзүңөрдү бул канаттуунун ордуна коюп көргүлө! Анын уясындай бир уя курууну чечтиңер дейли. Анда эң биринчиден кайсы ылайдын жакшыраак кургай турганын аныктап, андан соң балапандын жумурткадан каерде жакшыраак чыгаарын билишиңер керек болот. «Күндө турса жакшы болобу же көлөкөдөбү?» деген сыяктуу бир топ суроолорго жооп табышыңар шарт. Бирок бардык фламинголор мунун жолун билишет. Ошондой эле, буту узун болгонуна карабастан, бир ай бою эч кыйналбай жумуртканы басып, балапанынын жумурткадан чыгышын күтүшөт.
Силер болсоңор, ошондой чоң көлөмүңөр менен, жумуртканын үстүнө отурууга батынат белеңер? Отурсам жумуртка сынып калбайбы деп эсептей алат белеңер? Албетте, муну эсептешиңер абдан кыйын болот. Фламинго болсо булардын эч бирин пландап, ойлонуп отурбастан, табиятынан жасай алат. Анткени Раббибиз ага эмне кылаарын үйрөткөн.
Кооз түсү жана узун моюну менен жарашыктуу көрүнгөн фламинголор ошол эле учурда сууда мыкты сүзүшөт. Фламинголордун жаргактуу буттары сүзүүгө жардам берет. Жаргактуу буттары жалпак жана кең болгондуктан, жумшак ылайдын үстүндө да кирип кетпестен баса алышат. Ошондой эле, манжаларынын ортосундагы торлор фламинголордун сууну түртүшүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Көрүнүп тургандай, Аллах фламинголорго учууга керектүү бардык өзгөчөлүктөрдү тартуулаган.



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder