Балким
дельфиндердей адамга жакын болуп, адамдар менен достошкон, жылмайыңкы жүздүү
бир жаныбар болбосо керек. Аллах тарабынан берилген тил алчаактыкты жана
адамгерчиликти жүздөрүнөн байкоого болот.
Дельфиндин
баласы туулганда, алгач куйругу, анан тулку бою жана эң аягында башы көрүнөт.
Эне дельфин аны тойгузуу үчүн сүт бездерин сыгып жумшартып, сүтүн баласынын
оозуна чачат. Эне дельфиндин бул кыймыл-аракетин төмөнкүгө салыштырууга болот:
колуңарда сүт куюлган пластикалык бөтөлкө бар жана аны колуңар менен
сыкканыңарда сүт чачырайт деп элестеткиле. Эне дельфиндин кылганы мына ушуга
окшошот.
Кургактыкта
жашаган сүт эмүүчүлөр балдарын тойгузуу үчүн сүтүн чачыратууга мажбур эмес.
Суунун ичинде болсо бул керек. Эне дельфин муну ойлонуп, өз алдынча ушундай
чечимге келе алабы? Муну түшүнүп, андан соң сүт бездерине булчуң кошкон болушу
мүмкүнбү? Силер да болжогондой, эч качан! Жогоруда да айтылгандай, Аллах
дельфиндин денесин баласынын муктаждыктарына эң ылайыктуу кылып жараткан.
Адамдар менен
ынак мамиле курган дельфиндердин дем алуулары да адамдарга окшош. Бирок алардын
мурун тешиги адамдыкындай жүзүнүн ортосунда эмес, башынын үстүндө. Дельфиндер
да адамдарга окшоп сууга кирээрден мурда сырттагы абаны ичине толтурат жана
демин чыгарбастан сууга чумкуйт. Кайра суунун бетине чыгаарда акыркы бир канча
метрде өпкөлөрүндөгү абаны суу менен бирге сыртка чачышат.
Дельфиндердин
деңизде кандай сүзөөрүн жана кемелер менен кантип жарышаарын баарыңар
билесиңер. Баары сууда мыкты сүзүшөт. Мунун эң негизги себеби – терилеринин
жылмакай жана сыйгалак болушу. Мындан улам суу бетинде оңой сыйгаланып, өтө
ылдам сүзө алышат. Ылдам сүзүшүнө шарт түзгөн дагы бир өзгөчөлүгү мурун
түзүлүшү менен байланыштуу. Дельфиндердин мурду сууда тез сүзүүгө эң ыңгайлуу.
Адамдар муну байкап, кемелердин суунун ичинде калган алдыңкы бөлүктөрүн
дельфиндердин мурдуна окшотуп жасап башташкан. Мындан улам бүгүнкү күндө
кемелер ылдам сүзө алышууда.
Дельфиндердин эч
жыт сезбей турганын жана көрүү органынын начар экенин билчү белеңер? Бирок
Аллах дельфиндерге өтө күчтүү угуу сезимин берген. Дельфиндер бир канча
километр алыстагы үндөрдү да уга алышат. Мындан тышкары, денелеринде жайгашкан
жана суу астындагы кемелердин «гидролокатор» аттуу аппаратына окшогон бир
системасы аркылуу жолдорун жана олжолорунун жүргөн жерин оңой гана аныктай алышат.
Бул төмөнкүчө ишке ашат:
Дельфиндер
чыгарган адамдын кулагы уга албай турган үндөр сууда толкун түрүндө тарайт. Ал
үн толкундары алдынан бир тоскоолдук чыкса, ага урунуп артка кайтат. Үн балыкка
же ташка тийип кайра кайтып келгенге чейинки убакыт олжонун же тоскоолдуктун
алыстыгын көрсөтөт. Суу астындагы кемелердин гидролокатор системасын да адамдар
дельфиндердин ушул жөндөмүн туурап иштеп чыгышкан.
Жыт сезбеген
жана көзү начар көргөн дельфиндерге Аллахтын күчтүү угуу сезимин бериши аларды
башка балыктарга жем болуудан коргойт.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder