3 Aralık 2019 Salı

ДЕҢИЗДЕРДИН ТУРГУНДАРЫ: БАЛЫКТАР


Жашаган үйүбүз, окуган мектебибиз, баскан жолубуз, ойногон парктарыбыз, дем алган абабыз, бүт баары биздин дүйнөбүзгө тиешелүү нерселер. Бул дүйнөдө канаттуулар, адамдар, дарактар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар бар. Бирок биз көп көрбөгөн, көбүнчө телевизордон гана көрүп, бар экенин билген дагы бир дүйнө бар. Ал дүйнөнүн ичинде өзүнө тиешелүү жаныбарлар жана өсүмдүктөр жашайт. Алар да биздин дүйнөбүздүн кандай экенин билишпейт. Биз алардын дүйнөсүндө жашай албайбыз, алар биздин дүйнөбүздө жашай алышпайт. Ал тургай, ал дүйнөдө дем да ала албайбыз.
Ооба, сөз болуп жаткан дүйнө – балыктар жашаган суунун астындагы дүйнө. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек. Суунун астындагы дүйнөдө бир гана балыктар жашабайт. Сойлоочуларды, курт-кумурскаларды, өсүмдүктөрдү камтыган суунун астындагы дүйнөдө миллиондогон жандык түрлөрү жашашат. Ал дүйнөдөгү жандыктар да өздөрүнүн ыкмалары менен тамак жешет, дем алышат жана укташат.
Балыктардын дем алуу системасы бардык жандыктардан айырмаланат. Балыктарда биздин мурундарыбыздын ордуна, дем алуу үчүн бакалоорлор бар. Ал аркылуу суунун ичиндеги кычкылтекти колдоно алышат. Суу тынымсыз ооздон кирип, бакалоор торунан артты көздөй өтүп турат. Бакалоордогу капиллярлар суудагы ээриген кычкылтекти алып, денедеги көмүр кычкыл газын сууга чыгарышат. Балыктардын көпчүлүгүндө мурун тешиктери бар, бирок алар эч качан дем алуу үчүн колдонулбайт. Мурун тешиктери кичинекей баштыкчаларга туташат жана балык ага келген суудан жыт сезет. Мисалы, акулалар олжолорун жытынан табышат.


Мындан тышкары, балыктарда адамдардыкындай көздүн кабактары жок. Балыктар дүйнөнү көздөрүн ороп турган тунук бир тосмонун артынан көрүшөт. Бул тосмо суучулдардын (водолаз) суунун астында кийген көз айнегине окшошот. Көбүнчө абдан жакын жердеги заттарды көрүшү керек болгондуктан, балыктардын көздөрү да ошол муктаждыкка жараша жаратылган. Түзүлүшү тегерек жана катуу болуп, жакынкы планды көрүүгө ыңгайлашкан. Алысты көрүүнү каалаганда бардык линза (карек) системасы көздүн ичиндеги атайын бир булчуң механизми аркылуу артты көздөй тартылат.
Балыктар айланасындагы дүйнөнү жыттоо, угуу, тийүү, көрүү жана даамдоо сыяктуу беш сезүү органынан тышкары, «каптал» сызыктары аркылуу да кабылдашат. Бул сызыктарда жайгашкан нерв клеткалары жанынан өткөн нерсенин көлөмүн жана багытын сезет. Ошентип көзү сокур үңкүр балыктары караңгыда кыйналбай жолун таба алышат. Бул системаны кандайдыр бир мааниде суунун астындагы радар же башкача айтканда «гидролокатор» деп атоого болот.


Мындан тышкары, көптөгөн балык түрлөрүнүн курсак көңдөйүндө ичке узун, шарга окшогон, ичи абага толгон бир баштыкча бар. Бул баштыкчанын жардамы менен суунун ичинде тең салмагын сакташат.
Аллахтын каалоосу менен, түркүн түркүн жаратылган балыктар кооз түстөрү, көрүнүштөрү жана кыймыл-аракеттери менен адамдарды таң калтырат. Көп балыктарда кездешкен тунук жана жалтырак түстөрдү башка жаныбарлардан табуу кыйын.
Бул жерге чейин айтылгандарды балким билчүсүңөр. Бирок балыктар жөнүндө силерди таң калтыра турган дагы бир маалымат бар.
Балыктардын мителерден (паразиттерден) тазалануусуна көбүнчө алардан кичирээк тазалагыч балыктар жардам беришет. Тазалагыч балыктар эч коркпостон кээде чоң балыктын оозуна киришет. Анын тиштери менен бакалоорлорун тазалап, ал ортодо өздөрүнүн курсагын да тойгузушат. Чоң балыктар тазалануусуна жардам берген бул балыктарга эч зыян тийгизишпейт.


Бирок тазалагыч балыктар чоң балыктардын оозуна киргенде аларды жутуп жибербешине кантип ишенишет? Чоң балыктардын оозун тазалап жатканда аларга эч зыян тийгизбешин кайдан билишет? Өз ара келишим түзгөнсүп, аларга кантип ишене алышат? Келишимдери болгон күндө да, жумушу бүткөндө чоң балыктын келишимди бузуп, аларды жеп салбашына кандай кепилдиктери бар?
Ооба, тазалоочу балыктарга бул коркунучтарга карата эч кандай кепилдик жок. Бирок Раббибиз эки балыкка тең бири-биринен пайдаланууну илхам кылганы үчүн, чоң балык тазалагыч балыкка зыян тийгизбейт жана тазалагыч балык да чоң балыктан коркпойт. Чоң балык тазаланат, кичинекей балык болсо мителерди жеп курсагын тойгузат. Аллахтын илхамы менен экөө тең бири-бирине көмөктөшүп, ынтымактуу өмүр сүрүшөт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder