Жаздын жылуу
күндөрүндө батпирек учуруп ойноп жатканыңарда асманда учкан миңдеген ак чоң
канаттуулар – бул аисттер. Аисттер бою 1-1,5 метр болгон, чоң ак канаттары жана
узун кара куйругу бар, чоң, келгин куштар. Тумшуктарынын жана узун буттарынын
кызыл болушу аисттерди табиятынан сүйкүмдүү кылып көрсөтөт.
Аисттердин эң
өзгөчө жөндөмү – бул учуу формасы. Тумшуктарын алдыга, буттарын артка созуп
учушат. Аисттердин мындай кооз учуу формасы аларга абаны жарып, ылдамыраак учуу
мүмкүнчүлүгүн берет.
Аисттер жыл
сайын жоон топ болуп көчүшөт. Себеби суук аймактарда жашай алышпайт. Жайында
көчүп келгенде ысык күндөрдүн жакындаганын сүйүнчүлөшөт. Аисттер жай мезгилинде
Европадан Түндүк Африкага, Түркиядан Японияга чейин созулган мелүүн аймакта
жашашат. Күн сууп баштай электе Түштүк жарым шарга, тропикалык Африкага жана
Индияга көчүшөт.
Аисттердин
Түштүк жарым шардын ошол мезгилде ысып баштаарын кайдан билээри таң калыштуу,
ал тургай, өзүнчө бир керемет. Бирок арадан бир жыл өтүп, кайрадан жаз келгенде
аисттердин миңдеген километр жолду басып өтүп, мурдакы уясын табышы андан да
таң калыштуу.
Ооба! Туура эмес
окуган жоксуңар...
Аисттер бир жыл
мурда курган уясын таап, кайра ошол жерге жайгашышат. Ушунча убакыттан кийин
кантип ошончо аралыкты басып өтүп, колунда компасы бардай, мурдакы уяларын эч
адашпастан, заматта таба алышат? Албетте, мындай күчтүү эс-тутумду жана
кереметтүү багыт табуу сезимин аисттерге бүт нерсенин жаратуучусу, Раббибиз
Аллах илхам кылууда.
Буту чыбыкка
окшогон аисттер деңиздин үстүнөн учушпайт. Анткени чарчаганда эс алганга
кургактык таба албайбыз деп коркушат. Ошондуктан Стамбул кысыгы, Гибралтар жана
Суэц каналы сыяктуу кургактыкка жакын деңиздердин үстүнөн саякат кылышат.
Аисттер
адамдардан качышпайт жана уяларын имараттардын, дарактардын, үйүлгөн
жыгачтардын жана морлордун үстүнө курушат. Көбүнчө аисттердин бардык үйүрлөрү
чогуу көчүшөт. Европага жеткенде белгилүү убакыт ал жерде жашашат. Белгилүү
убакыттан кийин, көбүнчө апрельдин биринчи жумасында эркек аист бутактардан
кооз уя жасайт. Жогоруда айтылгандай, жыл сайын ошол жерге келет. Уяны
кылдаттык менен коргоп, уядан азык издөө үчүн гана, кыска убакытка чыгат.
Аисттердин кээ бир түрлөрү саздак жерлерге, дарактардын үстүнө уя куруп, ал
жерде үйүр болуп жашашат. Бир кипарис дарагынан 12 аисттин уясын көрүүгө болот.
Канаттуулардын топ-топ болуп жашашына Куранда да көңүл бурулган:
Жер жүзүндөгү
айбанаттардын жана эки канаты менен учкан канаттуулардын баары силер сыяктуу
үммөттөр. Биз Китепте эч нерсени кем калтырган жокпуз. Андан соң алар
Раббилеринин алдында чогулушат. (Энъам Сүрөсү, 38)
Аисттер ар
түрдүү үндөрдү чыгаруу аркылуу эмес, тумшуктарын чыкылдатуу аркылуу бири-бири
менен түшүнүшөт. Бизге окшоштой угулган «тык тык» деген үндөрү аркылуу көп
нерсени түшүндүрө алышат.
Силерге дагы бир
суроо, аисттердин бийлээрин билчү белеңер?
Ооба, суроону
туура түшүндүңөр. Эркек аист менен түгөйү жолукканда, тумшуктарын чыкылдатып,
канат кагып бийлешет. Бул бийдин эң негизги өзгөчөлүгү, эркек аист ургаачынын
көңүлүн бурууга аракет кылат. Аисттердин боюнун дээрлик адамдын боюндай экенин
эстесеңер, алардын бийинин канчалык кызыктуу болоорун элестете аласыңар.
Албетте,
аисттердин баарынын бою бирдей эмес. Аисттердин эң кичинекей түрү Азияда жана
Африкада жашаган ачык тумшуктуу аисттер. Тумшугун жапканда анын бир гана башы
менен аягы жабылып, ортосу ачык калат. Мындан улам аист үлүлдөрдүн жана
моллюскалардын кабыктарын оңоюраак жей алат.
Аллахтын
жаныбарларды ушунчалык көп түрдүү, кооз жана сүйкүмдүү кылып жаратышы биздин
ыйманыбыздын бекемделишине, айланабыздын бүт тарабынан Аллахтын улуулугун жана
кемчиликсиз жаратуусун көрүп, аяттарын түшүнүп таанышыбызга көмөк болот.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder