Балким байкаган
болушуңар керек, козулардын баары кичинекей, сүйкүмдүү жана боёо болушат. Жана ошолорго окшогон, бирок чоңураактары бар. Алар козулардын
энелери, башкача айтканда, койлор. Козу менен энесинин бири-бирине абдан жакын
болоорун билчү белеңер? Мындай жакындык кой козуну тойгузуп баштаганда пайда
болот.
Кой козуну
тууган соң, аны тили менен тазалап жатканда сезген даамы менен жытын эч качан
унутпайт. Ошондуктан даамы менен жыты башкача болгон козуну эч качан жанына
жолотпойт. Адам да төрөтканада башка бирөөнүн наристесин беришсе айырмалай
албайт, кой болсо өзүнүн баласын толтура козунун арасынан жаңылбай таба алат.
Бул таң калыштуу. Койдун баласын эстеп калууга көп убактысы болбойт, тууган
учурда таанып калышы керек. Антпесе толтура койдун арасынан козусун эч качан
таба албайт. Бирок мындай маселе чыкпайт. Себеби Аллах койго баласынын даамы
менен жытын таанып калуу үчүн, аны тубаар замат жалашы керек экенин илхам
кылган.
Жаан-чачында
козулар жамгырдан коргонуу үчүн эмнени колдоноорун билчү белеңер? Терилерин!..
Козунун териси абдан жумшак жана майлуу катмардан тургандыктан, козуну суу
болуудан коргойт. Ошентип жаан-чачында түктөрү тармал жана кургак бойдон
сакталат.
Мындан тышкары,
сүйкүмдүү козулардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул кепшөө. Силер
кепшеп жаткан бир жаныбарды көрдүңөр беле? Көрбөгөн болсоңор түшүндүрүп берели.
Чөп жечүү жаныбарлардын бир бөлүгү кепшөөчүлөргө кирет. Мындай жаныбарлардын 4
ашказаны бар. Жаныбар чөп жегенде ал алгач ашказанга барат, белгилүү убакыттан
кийин кайрадан оозго келет. Жаныбар кайра чайнаган соң, башка ашказанга барат.
Бул «кепшөө» деп аталат. Раббибиз кээ бир жаныбарларга сиңиши кыйын болгон
азыктарды оңой сиңирүү үчүн ушундай өзгөчөлүк берген.
Койлор менен
козулардын биз үчүн көптөгөн пайдалары бар. Бизге күн сайын сүт беришет. Сүттүн
ичиндеги кальций сөөктөрүбүз менен тиштерибиз өрчүшү үчүн абдан керек. Сүттөн
айран, сыр сыяктуу азыктар жасалат. Булар торт, пирог жана башка тамактарда
колдонулат. Кыскасы, сүт эң көп колдонулган жана биз үчүн эң пайдалуу
азыктардын бири. Мындан тышкары, койлордун жүнүнөн жасалган жиптерден
кездемелер даярдалып, андан кийим тигилет. Жиптер көп тарапта колдонулуп,
жашообузду абдан жеңилдетет. Аллах адамдарга түшүргөн ыйык китеп Куранда бул
жаныбарлардын адамдарга болгон пайдалары төмөнкүчө баяндалган:
... Силерге
жаныбарлардын терисинен көчкөнүңөрдө жана отурукташканыңарда кыйналбай ташыла
турган үйлөрдү; жүндөрүнөн, тыбыттарынан жана түктөрүнөн белгилүү убакытка
кийим-кечелерди, төшөктөрдү жана (соода үчүн) пайдаларды жаратты. (Нахл Сүрөсү,
80)
... Ичкендердин
тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)
Чындап эле бул
аяттарда айтылгандай, койлор менен козулардан көп пайдаларды алабыз. Аллахтын
биз үчүн жараткан бул жакшылыктары үчүн көп шүгүр кылышыбыз керек.

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder