3 Aralık 2019 Salı

ЖАПАЙЫ МЫШЫКТАР: ЖОЛБОРСТОР


Жолборсторду мышыктай жоош деп ойлобогула! Алар өтө жырткыч жана күчтүү.
Жолборстор мышык сымалдуулардын эң күчтүүлөрүнүн бири.
Жаңы туулган балдарынын көзү эки күндөн кийин гана ачылат. Эне жолборс башка жаныбарларга карата абдан жырткыч болгону менен, балдарына өтө мээримдүү жана аяр мамиле кылат. Алты жума бою аларды сүт менен багат. Андан соң аларга акырындык менен аңчылык кылууну жана өзүнө азык тапканды үйрөтөт.
Бул таалимди алган соң жолборс абдан ыкчам кыймылдаган, күчтүү, бой жеткен бир жаныбарга айланат. Бир секирик менен 4 метр жерге жете алат. Колдоруңарды эки тарапка созгула, бир колуңардын манжаларынын учунан экинчи колуңардын манжаларынын учуна чейинки аралык болжол менен 1 метр. Жолборс бир секиргенде ушундан төрт эсе чоң аралыкка жетет.
Жолборстордун өздөрү да байкабаган камуфляж (айлана-чөйрөсүнө окшошуп жашырынуу) касиети бар. Жүндөрүнүн түсүнүн жашаган чөйрөсүнүн табигый түстөрүнө окшош болушу токойдо жакшы жашынууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада жолборстор олжолоруна байкатпастан жакындай алышат. Мындан тышкары, бул түстөр жолборско өтө кооз жана жагымдуу өзгөчөлүктөрдү тартуулайт. Жолборстордун терисиндеги жана беттериндеги сызыктар менен каштары ар биринде ар башка болот.
Жолборстор бири-биринин аңчылык кылган аймагына эч качан кирбейт. Жолборс өзүнүн аймагына бадалдардын үстүнө жыт калтырып белги койот. Башка жолборстор жытты сезгенде башка бирөөнүн аймагына кирип баратканын түшүнөт.
Жолборстордун өзгөчөлүктөрү муну менен эле чектелбейт. Бул жапайы мышыктар башка мышык түрлөрүнөн айырмаланып, сууну абдан жакшы көрүшөт. Ал тургай, ошондой алп денелери менен сууда эң сонун сүзүшөт.
Аллах бардык жандыктар сыяктуу жолборстордо да таң калыштуу өзгөчөлүктөрдү жараткан. Мисалы, жолборстун кичинекей балдары абдан сүйкүмдүү болуп, адамдардын боорукердик сезимин ойготот. Түпкүрүндө өтө жырткыч жаныбар деп эсептелген жолборсторду да Аллах өзүнүн балдарына өтө боорукер жана мээримдүү кылып жараткан.



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder