Коала дегенде
оюңарга эвкалипт аттуу дарактын бооруна колдору жана буттары менен тырмышкан,
боз түстөгү, сүйкүмдүү бир жаныбар келет. Чындап эле коалалардын бул көрүнүшү
абдан сүйкүмдүү. Баса, коалаларды эмне үчүн уйкучу деп атаганыбызга кызыгып
жатсаңар керек. Дароо айталы, коалалар бир күндө 18 саат укташат!
Коалалардын
колдору менен буттары өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эвкалипт дарагынын үстүндө
өткөрүшүнө ыңгайлуу жаратылган.
Коала узун
ийилген колдору, курч тырмактары жана даракка бекем жабышкан чеңгелдеринин
жардамы менен жоон дарактарга абдан тез чыга алат. Алардын алдыңкы буттарынын
биринчи эки манжасы калган үчөөнөн бөлүнүп турат. Биздин колубузга салыштырсак,
эки даана баш бармагы бар деп айтууга болот. Арткы буттардагы баш бармактар да
калгандарынан бөлүнүп турат жана калган төрт манжа сыяктуу чеңгели курч эмес.
Башка манжалардан айырмаланып турган бул баш бармактар майда бутактарды
кармаганга ыңгайлуу. Коалалардын чеңгелдери дарактын жумшак жана жылма бооруна
илгичтей илинет. Төрт буту менен тең, биз бир таякты кармагандай, дарактын
бутактарын кармай алат жана дарактын бутактарына тырмышып чыга алат. Коаланын
дарактын үстүндө жашашына мына ушул өзгөчөлүгү шарт түзөт.
Коалалар жалкоо
деп эсептелгени менен, дарактын үстүндө бат кыймылдай алат жана, ал тургай, бир
бутактан экинчисине бир метрдей аралыкка секире алат. Ургаачы коала эки жылда
бир, жалгыз бала тууйт жана аны кенгуруга окшоп баштыгында чоңойтот. Коаланын
баласы биринчи айларда энесинин баштыгынан чыкпайт, андан соң 1 жашына чейин
энесинин жонунда жашайт. Албетте, энеси эвкалипт дарагынын үстүндө болот.
Коалалардын бул дарактын үстүндө жашашынын себеби – анын жалбырактарын жеп
азыктанышы. Ушул себептен коалалар бир гана материкте, эвкалипт дарагы жыш
өскөн Австралия материгинде гана кездешет.
Австралияда
эвкалипт дарагынын 600дөн ашуун түрү болгону менен, коалалар алардын 35тей
түрүн гана колдонушат. Эвкалипт дарагы коала үчүн бир гана башпаана эмес, ошол
эле учурда негизги азык булагы. Ал тургай, эвкалипт жалбырактары коаланын
бирден бир азыгы десек жаңылыштык болбойт.
Коалалардын
көптөгөн түрлөрү бар. Алардын ар бири ар кайсы эвкалипт жалбырагы менен азыктанат.
Эгер бир коаланы башка жерге алып барсаңар, жаныңарда ал жеген эвкалипт
жалбырагы да болушу керек. Жалбырактардын даамынан тышкары, бул жаныбарлардын
эвкалипт дарагынан жерге өтө аз түшүшүнүн бир себеби – жерде басканда абдан
кыйналышы.
Биз билген жалбыз
(мята) эвкалипт дарагынан жасалат. Жалбырагында өзгөчө химиялык заттар бар. Ал
заттар коаладан башка бардык жаныбарлар үчүн уулуу жана кооптуу. Башкаларды
ууландырган бул жалбырактарды коала жутаардан мурда тиштери менен майдалайт.
Жалбырактагы зыяндуу зат коаланын денесинде, боордо тазаланып, сыртка
чыгарылат. Башка жандыктар үчүн уулуу болгон бул азык, Аллахтын каалоосу менен,
коалага эч зыян тийгизбейт. Ошондуктан коала күн сайын болжол менен 1 кг уулуу
жалбыракты эч көйгөйсүз жей алат. Мындан тышкары, коалалар өздөрүнө керектүү
суунун көпчүлүк бөлүгүн эвкалипт жалбырактарынан алышат. Жылдын белгилүү
мезгилдеринде эвкалипт жалбырактарынын үчтөн эки бөлүгү суудан турат.
Ошондуктан коала бир канча ай бою эч суу ичпестен, бир гана жалбырактарды жеп
жашай алат. Эвкалипт дарактарынын учтары абдан шамалдуу болот. Ушул себептен
коалалар үшүбөшү үчүн жүндөрү абдан калың.
Бир уулуу
өсүмдүк менен бир жаныбардын ортосундагы бул шайкештик бизге коалалар менен
эвкалипттердин бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөтөт. Бүт баарын
кемчиликсиз жараткан бул Жаратуучу – эч күмөнсүз, бардык ааламдардын Рабби
Аллах.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder