Көпкөк суунун
үстүндө кооз жана узун моюндуу, чоң көлөмдүү аппак ак куулар сыймыктануу менен
жай сүзүшөт. Мартабалуу көрүнүшүнөн улам бардык адамдар аларга суктанышат.
Ушунчалык кооз жана сымбаттуу жаратылгандыктан, сулуулуктун символу катары
кабыл алынышат.
«Түрү суук
өрдөк» жомогун уккан болушуңар керек. Бул жомокто айтылгандай ак куулардын
жөжөлөрү жумурткадан чыкканда түрү суук болушат. Күрөң же крем түсүндө болушат.
Жумурткадан чыкканда моюну кыска жана жыш жүндүү болушуп, бир канча саатта
чуркап, сууда сүзүп башташат. Эне-аталары балапандарын бир канча ай бою
кастарлап багышат. Аягында түрү суук балапан сулуу ак кууга айланат.
Балапандардын ушунчалык кыска убакытта сүзүп башташы жана чоңойгондо келбеттүү
канаттууга айланышы Раббибиздин кемчиликсиз жаратуу чеберчилигинин бир мисалы.
Бир аятта айтылгандай, Аллах «жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган» (Сажда Сүрөсү, 7).
Ак куулардын «сурнайчы»
аттуу бир түрү өрчүп жаткан жумурткаларын жылуу кармоо үчүн жумурткалардын
үстүнө отурат. Кээ кээде ордунан туруп жумурткаларды айландырып турат.
Натыйжада жылуулук бүт тарапка бирдей тийет. Албетте, жумурткаларды кантип
кароо керек экенин ак кууларга илхам кылган Аллах.
Ак куулар Аллах
берген жөндөмдөн улам суу үстүндө да, абада да эң ылдам кыймылдаган суу
канаттуулары. Ак кууларга кургактыкка караганда сууда жашоо ыңгайлуураак жана
жаргактуу буттары менен абдан ылдам сүзүшөт.
Күн сууп
баштаганда башка жакка көчүшөт жана бийик асманда, кайчылаш сызыктай тизилип
учушат. Күчтүү шамал агымын жаруу үчүн «V» формасында сапар
тартышат. Мындан улам ылдамыраак учушат жана сапар учурунда чарчашпайт.
Албетте, терең физика билимин талап кылган бул формуланы ак куулар өз алдынча
ойлоп таба алышпайт. Бүт баарын билген Аллах аларга ошентип учууну илхам
кылганы үчүн ошондой учушат.
Алар үстүнөн тизилип
канат кагып, учкан куштарды көрбөй жатышабы? Аларды Рахман (Аллах) гана бош
абада кармап турат. Күмөнсүз, Ал бүт баарын толук көрүп турат. (Мүлк Сүрөсү,
19)
Ак куулар
саздардын, дарыялардын жана көлмөлөрдүн түбүндөгү өсүмдүктөрдү жешет. Узун
моюну азыгына жетүүсүнө жардам берет. Өрдөктөрдөй сууга чумкуй алышат жана
кыска чумкугандан эч кыйналышпайт. Ак куулардын өсүмдүктөрдү үзүшүнүн бир
пайдасы да бар: кээ бир өсүмдүктөр топурак көтөрүлгөн сайын чоңоюп, жетилет.
Ошондуктан ак куулар тамак издеп суунун түбүн чукуган сайын өсүмдүктөр көбөйөт.
Натыйжада алардан кийин жашай турган жаныбарлар үчүн өсүмдүктөрдүн жыш өсүшүнө
себеп болушат. Раббибиз ошентип ак кууларды себепчи кылып өсүмдүктөрдү
көбөйтөт.



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder