Арстан мышык
сымалдуулардын бир мүчөсү жана абдан жырткыч. Узун бою, кыска буттары, чоң
башы, күчтүү жана айбаттуу көрүнүшү менен токойлордун падышасы болууга
татыктуу.
Узундугу
куйругун кошкондо 3 метр. Бийиктиги болжол менен бир метр, салмагы болсо орточо
230 килограмм. Башкача айтканда, арстан силерден болжол менен 1,5-2 метрге
узунураак, чоң мышык.
Эркек
арстандардын жалы бар. Жалдын жүндөрү абдан жумшак жана арстандын бетин же
башынын арт жагын, моюнун жана ийинин каптап, көкүрөктөн белге чейин жетет. Жал
арстанды өтө айбаттуу көрсөтөт. Аллах арстанга берген жал ага күчтүүрөөк жана
сымбаттуураак бир көрүнүш тартуулайт.
Күндүз кечке
таштардын жана дарактардын көлөкөсүндө жатып же уктап өткөргөн арстан көбүнчө
түнкүсүн аңчылык кылат. Түнкүсүн көздөрү жакшы көргөндүктөн, олжолорун оңой эле
байкай алышат. Караңгыда нурду мүмкүн болушунча эң көп топтоо үчүн көздөрүндө
өзгөчө бир долбоор бар. Көзүнүн кареги менен чечекейинин башка жандыктарга
салыштырмалуу чоңураак болушу арстандардын мыкты аңчылык кылышына шарт түзөт. Аллах
бул жандыктарды жашаган чөйрөсүнө эң ыңгайлуу өзгөчөлүктөрү менен жараткан.
Арстандын ыркыраган
үнү көбүнчө кечинде аңчылыктын алдында жана күн чыгаардан мурда угулат. Арстан
ыркыраганда, токойдо жашоо токтоп калгандай болот. Улуп жаткан гиена улуганын,
ырылдап жаткан кабылан ырылдаганын токтотот. Баары унчукпай, падышаны угат.
Маймылдар дарактардын эң үстүңкү бутактарына качып, болушунча чыркырашат.



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder