Мышыктар жалгыз
жашап, көз-карандысыз болууну жактырган жаныбарлар. Үй иттерине окшоп
кожоюндарынын каалоолоруна эч качан моюн сунушпайт. Силер да билгендей,
мышыктар ач калганда мыёолойт, эркелегиси келгенде сүйкөнөт, жүнүнөн сылаганда
ырахат алып мырылдайт, кыскасы ушул сыяктуу кыймыл-аракеттери менен эмне каалап
жатканын түшүндүрөт.
- Мышыктардын көзүнүн түнкүсүн абдан жакшы көрөөрүн билесиңерби?
Ооба, бул жүндүү
жандыктарга көрүү үчүн бир аз эле нур жетиштүү болот. Себеби мышыктардын көзү
биздин көзүбүздөн башкача жаратылган. Алардын кареги караңгыда мүмкүн болушунча
көп нурду киргизүү үчүн чоңоюп төгөрөк болуп калат. Бул алардын караңгыда жакшы
көрүшүнө шарт түзөт.
Мындан тышкары,
мышыктардын көзүндө адамдардын көзүндө жок бир катмар бар. Ал катмар тордомо
челдин артында жайгашкан. Тордомо челден өтүп бул жерге келген нур кайрадан
тордомо челге чагылат. Бул катмар нурду кайра чагылтканы үчүн тордомо челден
нур эки жолу өтөт. Ошондуктан мышыктар күңүрт жерлерде, ал тургай, адамдын көзү
көрө албай турганчалык караңгы жерлерде да бир топ жакшы көрүшөт.
- Мышыктардын көздөрү түнкүсүн эмне үчүн жылтырайт деп ойлонуп көрдүңөр беле?
Бул мышыктын
көзүндөгү бир аз мурда айтылган катмар менен байланыштуу. Эми силер да
билгендей, бул катмар келген жарыкты күзгүдөй артка чагылтат. Көздөрүндөгү
күзгүдөн чагылган ушул нур жылтыратып көрсөтөт.
- Чеңгелинин өзгөчөлүгүн билесиңерби?
Бул сүйкүмдүү
жандыктардын кичинекей тамандары коркунуч учурунда курч чеңгелге айланат.
Анткени ичинде жашырган учтуу жана курч тырмактары бар. Коркунуч учурунда бул
тырмактарды сыртка чыгаруу үчүн жасаган кыймылы ошол эле учурда чеңгелин ачып
кеңейтет.
- Эмне үчүн кулаганда ар дайым төрт буту менен түшүшөт?
Баарыңар
билсеңер керек, бир канча метр бийиктиктен куласа да, мышыктар ар дайым жерге
төрт буту менен түшүшөт. Төрт буту менен түшүшүнүн чыныгы себеби – бул алардын
кулаганда тең салмагын сактоо үчүн куйругун колдонушу жана тулку боюнун салмак
борборун өзгөртүп, таманы менен жерге түшө алышы.
Дарактардын
үстүндө, бийик жерлерде жүрүүдөн ырахат алган бул сүйкүмдүү жандыктарга
кулаганда коргонуу өзгөчөлүгүн чексиз боорукер жана мээримдүү улуу Раббибиз
берген.




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder