3 Aralık 2019 Salı

ТӨӨ КУШТАР (УШУНЧАЛЫК ЧОҢ БОЛГОНДУКТАН УЧА АЛЫШПАЙТ!)


Төө куштар – дүйнөдөгү эң чоң канаттуулар. Бойлору биздин боюбуздан узунураак. Төө куштун бою болжол менен 2,5 метр жана салмагы орточо 120 килограмм.
Ортоңку Африкада топ-топ болуп жашашат жана уча алышпайт. Бирок Аллах аларга душмандарынан качуусу үчүн башка бир өзгөчөлүк берген. Узун буттары менен абдан ылдам чуркашат, аларга эч бир адам чуркап жете албайт. Төө куш жаныбарлар ааламындагы эң ылдам чуркаган эки буттуу жаныбар жана саатына болжол менен 70 километр ылдамдыкка жете алат. Силерге дагы бир өтө кызыктуу нерсени айтып берели:

Төө куштун буттарында экиден гана манжа бар, билчү белеңер? Ал манжалардын бири экинчисинен бир топ чоң. Жана төө куштар бир гана ошол чоң манжалардын үстүндө чуркашат.
Ошондой эле, төө куштар узун буттары менен жакшы урушушат. Буттары менен тээп, чеңгелдери менен душмандарынан жакшы коргонушат.
Дүйнөнүн эң чоң канаттуусунун жумурткасы да канаттуулардын жумурткаларынын эң чоңу. Жумурткалары үчүн кумда кенен чуңкур казып, бардык жумурткаларын ошол жерге жайгаштырат. Бирок 10-12 даана жумуртка тууганда чуңкурдун чоңдугун да ошого жараша ылайыкташы керек болот. Эгер төө куш чуңкурду кумга эмес, топуракка жасаганда, бул өтө көп убакытты талап кылмак жана канаттуунун өтө көп энергиясын коротмок. Кумду казуу топуракка караганда бир топ оңой. Кумду колубуз менен да каза алабыз, топурак үчүн жок дегенде бир күрөк керек. Ошондуктан Аллахтын илхамы менен төө куштар топуракты эмес, эң аз эмгек коротула турган кумду тандашат. Андан соң жумурткаларынын үстүн кайра эле кыйналбастан кум менен жабышат.

Төө куштар жөнүндөгү дагы бир кызыктуу маалымат, үйүрдөгү бардык жумурткаларды бир ургаачы карайт. Бирок уяга белгилүү санда гана жумуртка баткандыктан, ал ургаачы өзүнүн жумурткаларын биринчи орунга койот. Төө куштар өзүнүн жумурткаларын кабыктын бетиндеги аба тешиктери аркылуу айырмалашат.
Жумурткадан чыккан балапандар коргоого муктаж болушат. Күтүүсүз жырткыч канаттууларга жем болушу мүмкүн. Бирок балапандар кандайдыр бир коркунуч туулганда, коргонуу үчүн жерге жалпайып жатып, өлүп калгандай түр көрсөтүшөт. Мындан улам душмандары аларды өлүү экен деп ойлоп, аларга кол салышпайт. Бул ыкманы бардык балапандар колдонушат.
Дүйнөгө жаңы келген бир канаттуунун муну ойлоп табышы же бирөөдөн үйрөнүшү мүмкүн эмес! Анда кантип балапандар жумурткадан чыгаар замат актерлордой роль ойной алышат? Мунун жообу айдан ачык. Аллах «Рабби», б.а. таалим берүүчү, үйрөтүүчү деген сыпаты менен башка эч кандай коргонуу мүмкүнчүлүгү болбогон бул балапандарга ушундай натыйжалуу бир ыкманы үйрөткөн.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder