3 Aralık 2019 Salı

АСМАНДЫН КОЖОЮНДАРЫ: КАНАТТУУЛАР


Асман мейкиндигиндеги моюн сундурулган канаттууларды көрүшкөн жокпу? Аларды (бош мейкиндикте) Аллах гана кармап турат. Күмөнсүз, ыйман кылган бир коомго мында аяттар (далил белгилер) бар. (Нахл Сүрөсү, 79)

Сыягы, баарыңар куштай учууну кыялданган болушуңар керек. Канаттууларды карап учууну оңой деп ойлошуңар мүмкүн, бирок учуу эч оңой жумуш эмес! Балким канаттууларга оңойдур, бирок адамдарга абдан кыйын...
Канаттуулар абага жаңы көтөрүлгөндө көп энергия коротууга мажбур болушат, себеби денесинин болгон салмагын ичичке канаттары менен көтөрүшү керек. Бирок учуп баштаган соң эс алышы үчүн Аллах аларга жеңилдик түзгөн. Канаттуулар абада өздөрүн шамалга таштап көпкө чейин уча алгандыктан, аз энергия коротуп, оңойчулук менен чарчабайт. Шамалдын таасири азайганда кайрадан канат кагып башташат. Бул жөндөмүнөн улам канаттуулар абдан алыс жактарга көчө алышат. Аллах жараткан бул жеңилдиктин себебинен канаттуулар алыс аралыктарга уча алышат.
Канаттуулардын арасында 1000 километрден 40000 километрге чейинки аралыкка учкан түрлөр бар. Жердин айланасынын 40000 км экенин эстесеңер, канаттуулардын канчалык аралыкка уча алаарын жакшыраак түшүнөсүңөр. Деңиздердин үстүнөн өткөндө токтоп эс алууга эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт. Мындай алыс сапарда канаттуулардын багытын кантип аныктаары дагы деле белгисиз. Жыл сайын канаттуулар эч адашпастан көздөгөн жерине көчүп бара алышат. Балапаны да, улгайганы да ушундай.

Канаттуулардын денесине салыштырмалуу ипичке жана кичинекей болгон буттары кантип ошончо салмакты көтөрө алат деген суроо да кызыгуу жараткан жагдайлардын бири. Ойлоп көрсөңөр, ипичке буттун ичинде көптөгөн булчуңдар, кан-тамырлар жана нервдер бар! Бирок ошентсе да абдан ипичке... Эгер канаттуулардын буттары жоон жана эпсиз болгондо учуу абдан кыйын болмок.
Дээрлик бардык канаттуулар уктаганда бир буттап турушат. Салмагын ошол бутка салгандыктан, тең салмагын жоготушпайт. Анткени Аллах канаттууларды кереметтүү тең салмак жөндөмү менен жараткан.
Канаттуулардын эң күчтүү сезүү органдарынын бири – бул көздөрү. Аллах канаттууларга учуу жөндөмүнөн тышкары, күчтүү көрүү жөндөмүн да тартуулаган. Себеби учуу жөндөмүнүн өзү эле бир керемет, бирок учуу жөндөмү менен бирге күчтүү көрүү жөндөмү да болбосо, анда учуу абдан кооптуу болот. Канаттуулар алыстагы буюмдарды адамдардан алда канча тунук көрүшөт жана көрүү бурчу да чоң. Ошондуктан коркунучтарды алдын-ала байкап, учуу багытын жана ылдамдыгын ошого жараша өзгөртүшөт.
Канаттуулардын көздөрү чанагына кыймылсыз жайгашкан. Адамдардай көздөрүн кыймылдата алышпайт. Бирок канаттуулар баштары менен моюндарын абдан ылдам кыймылдатып, көрүү аймагын чоңойтушат.
Мындан тышкары, үкү сыяктуу түнкү канаттуулардын көздөрү өтө чоң болот. Көздөрүндөгү кээ бир өзгөчө клеткалар күңүрт жарыкты жакшы сезет. Мисалы, үкүлөрдүн бир түрүнүн көзү адамдарга салыштырмалуу 100 эсе курч. Бул өзгөчөлүгүнөн улам үкү түнкүсүн жакшы көрөт жана аңчылык кыла алат.
Суу канаттууларынын көздөрү суунун ичинде абдан тунук көрө тургандай жаратылган. Биз суунун астында 45 секунда да көзүбүздү ачып карай албайбыз, суу канаттуулары болсо баштарын сууга чумкуп чыгарып, суудагы курт-кумурска жана моллюскаларды кармашат. Курсактарын тойгузуунун башка жолу болбогондуктан, суунун ичин тунук көрүүлөрү зарыл. Ушул себептен Аллах бул канаттуулардын көздөрүн суунун астында көрүүгө ыңгайлуу түзүлүштө жараткан. Мындам улам канаттуулар суунун астын биздей бозомук эмес, тунук көрүшөт жана тездик менен олжолорун көздөй сүзүп жөнөшөт.


Угуу да канаттуулар үчүн абдан маанилүү. Кээ бир канаттууларда абдан төмөн үндөрдү уга ала турган кулак жаргакчасы бар. Суунун астында жана караңгыда жакшы көрүү, өтө төмөн үндөрдү угуу адамда жок жөндөмдөр. Ансыз да биз мындай жөндөмдөргө көп деле муктаж эмеспиз. Анткени мындай жөндөмдөрсүз да кыйналбай жашай алабыз. Канаттуулар бул жөндөмдөрү болбосо, азык таап, балапандарын багып, өмүр сүрө алышпайт жана урпагын уланта алышпайт.
Үкүнүн кулактары үндөрдү абдан жакшы сезет. Угуу органдары адамдардан көбүрөөк. Үкүлөрдүн бетинин эки жагында чачка окшогон жүндөр бар жана алар үн толкундарын топтоп кулактын ичине жиберет. Бул жүндөр, мындан тышкары, бир кулакты экинчисинен бөлүп турат, натыйжада оң тараптан келген үндү негизинен оң кулак угат. Ошондой эле, кулактар башта симметриялуу жайгашпайт. Бири экинчисинен жогорураакта болот. Ошондуктан үкү үндөрдү көп багыттан угат жана үн чыгарган жандыкты көрбөсө да, анын каерде экенин үндүн булагына карап так аныктай алат. Бул жерди кар басып, олжо табуу абдан татаалдашкан шарттарда үкүгө чоң артыкчылык берет.

Кээ бир канаттуулар душмандарын жаңылтуу үчүн үндөрүн өзгөртүшөт. Мисалы, дарактардын коңулдарына уя курган көп канаттуулар кооптуулук пайда болгондо жыландай ышкырат. Уяга кол салган жырткыч жаныбарлар тешикте жылан бар окшойт деп ойлоп, ал тешикти казышпайт.
Мындан тышкары, Раббибиз кээ бир канаттуулар сууда ылдам сүзүшү үчүн алардын манжаларынын ортосун жаргактуу кылып жараткан. Ласттын өзүндөй. Сүзгөндө бутуңарга сүзгүч жаргак (ласт) кийип алсаңар, абдан ылдам сүзөсүңөр. Кээ бир канаттууларда табиятынан ушундай жаргактар бар.
Кээ бир канаттуулар балапандарын душмандарынан коргоо үчүн жасалма уяларды курушат. Өзгөчө Африка менен Индияда канаттуулардын жумурткаларын жеген жаныбарлар көп. Ошондуктан Африка чымчыктарынын бир түрү (королёк) көп санда жасалма уяларды куруп, алардын арасына чыныгы уясын жашыруу аркылуу жумурткаларын коргойт. Тропикалык аймактардагы дарактарда жашаган жыландар абдан уулуу. Ошондуктан ал аймакта жашаган куркулдай топторунун уяларынын кире бериши жашыруун жана татаал болот. Ошондой эле, бул канаттуулар кошумча чара катары уяларын тикендүү акация дарактарына курушат жана көп санда бош, башкача айтканда, жасалма уяларды жасашат.
Күн сайын жаныбызда учуп жүргөн канаттуулардын тумшуктарына көңүл бурган белеңер? Канаттуулардын түрүнө жараша абдан маанилүү кызматтарды аткарышы үчүн тумшуктары да ар түрдүү жаратылган. Алардын тумшуктары жашаган чөйрөсүндө азыктануусуна эң ыңгайлуу. Мисалы, балык жеген канаттуулардын тумшуктары көбүнчө балыктарды оңой кармашы үчүн узун жана калак формасында болот. Өсүмдүк жегендердин тумшуктары жеген өсүмдүгүнүн түрүнө жараша ага эң оңой жете тургандай жаратылган. Раббибиз Аллах жер жүзүндө жашаган бардык жандыктарга керектүү өзгөчөлүктөрдү кемчиликсиз тартуулаган.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder