Ооба, көпөлөктөр
канатсыз туулат. Кырларда, бакчаларда учуп жүргөн келбетке келиши үчүн төрт
баскычтан өтүүлөрү зарыл. Кээ бирлери 24 саат, кээ бирлери 1-2 ай өмүр сүргөн
көпөлөктөр жумурткадан курт кейпинде чыгышат. Курт чоңойгондо көпөлөктүн экинчи
баскычы башталат.
Курттун
денесинде жалпысынан 14-15 шакек болот. Башында кичинекей көздөрү, ооз
бөлүгүндө биздин тиштерибиз сыяктуу чайнап майдалай турган жаактары жайгашат.
Тулку боюнун алды жагында, курсагына чейинки бөлүгүндө 8 буту бар. Көпөлөктүн
курт кезинде канаттары болбойт жана антенналары өтө кыска болот. Шилекей
бездери болсо жибектин бир түрүн бөлүп чыгарат.
Көпөлөк курттары
чоңойгондо башка жандыктардай болуп бойлору узарбайт. Алар чоңойгондо
терилерине батпай калганча семиришет. Аягында курттардын акырындап терилери
айрылып, андан кутулушат. Ордуна семирген денесине ылайыктуу жаңы бир тери
чыгат. Көпөлөк курту курт-кумурска жечү канаттуулар үчүн абдан даамдуу бир
жандык. Ошондуктан Раббибиз курттар өздөрүн коргошу үчүн аларга ар түркүн
жашынуу ыкмаларын үйрөткөн.
Кээ бирлери
бутуна тик туруп бутакка окшошуп алса, кээ бирлери өзүнүн түсүнө окшош бир
жалбырактын үстүнө чыгып өзүн жашырат, кээ бирлери болсо өзүн өлүктөй
көрсөтүшөт. Бул ыкмалардын көпөлөк курттарынын өмүрүн улантып, кийин көпөлөккө
айланышында ролу абдан чоң.
Көпөлөк курту
камуфляж ыкмаларын көпөлөккө айлангандан кийин да колдонот. Көпөлөктөр
өздөрүнүн түсүнө туура келген аймактарда жашашат. Ошентип оңой жашына алышат.
Бирок көпөлөк өзүн сырттан көрө албагандыктан, түсүнүн айланасына туура келип
келбешин кантип текшере алат? Ошол жердин коопсуз болоорун кантип биле алат?
Албетте, булардын эч бирин өзү билип, өзү аныктай албайт. Көпөлөктү
коопсуздугуна эң ылайыктуу жерге жайгаштырган, аны ошол тарапка багыттаган
жараткан Раббибиз Аллах.
Бул мисалда
Аллахтын «коргоочу», «мээрим көрсөтүүчү» деген сыпаттарын көрөбүз. Аллах бардык
жараткан жандыктарына аларды коркунучтардан коргоочу өзгөчөлүктөрдү да берген.
Болбосо көпөлөктүн «өзүмдү коргошум керек» деп ойлоно турган акылы жок,
ошондуктан камуфляж, башкача айтканда жашынуу ыкмасын ойлоп таба албайт. Бул
жеңилдиктердин баарын ага асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы бардык
нерселерди жараткан Раббибиз берген.
Аллах
тартуулаган коргонуу ыкмасы менен өрчүүсүн уланткан көпөлөк курту аягында
үчүнчү баскычка келет. Курт бул баскычка өтөөрдө курсагын жарылып кетчүдөй шыкап
жалбыракка толтурат. Үчүнчү баскычта курт өзүн бир баштыктын ичине камап, ошол
жерде өзгөрүүнү баштайт. Бул баскычта курттун сыртында пайда болгон катуу тон
«куурчакча» деп аталат. Бул тондун ичинде жатканда кыймылдабайт жана эч тамак
жебейт. Курт кезинде жеген жалбырактардын гана энергиясын колдонот.
Куурчакчалар бир жалбырактын, таштын же бир бутактын бетине карматылат. Эгер
көрүп калсаңар, ичин карагыла. Анткени куурчакчалардын ичиндеги куртту
караганыңарда көпөлөктө пайда боло турган муруттун жана буттардын ордун көрө
аласыңар.
Болжол менен 10
күндөй убакыт өткөн соң көпөлөк бир канча мүнөттө куурчакчанын тонун тешип,
сыртка чыгат.
Ал кезде
көпөлөктүн канаттары кадимки көлөмгө жете элек болот. Төртүнчү баскычта жаңы
көпөлөк канаттарын чоюу үчүн канаттарындагы тамырларды дене суюктугу менен
толтурат. Канаттары кургаганда эч кимден таалим албастан ошол замат учуп
баштайт. Канаттар ошондой эле көпөлөктүн дем алуусуна да жардам берет.
Көрдүңөрбү
балдар, кичинекей бир көпөлөк да Раббибиздин бизге көрсөткөн улуу бир керемети.
Илимпоздор дагы эле «курт кантип көпөлөккө айланууну чечет?» деген суроону
изилдешүүдө. Мунун бирден-бир себеби Раббибиздин каалоосу. Аллах бизге канчалык
көп түрдүү жандыктарды жарата алаарын, ал тургай, бир жандыкты кантип өзгөртө
алаарын көрсөтүүдө.
Дагы бир керемет
– бул көпөлөктүн майда кабырчыктардан турган канаттары. Канаттар кабырчыктардын
үстү-үстүнө тизилишинен түзүлөт. Деги бул канаттар кантип пайда болгон?
Кабырчыктар
өзүнөн-өзү, кокусунан биригип, кемчиликсиз түзүлүштөгү канаттарга айланганбы?
Албетте,
булардын эч бири кокусунан пайда болгон эмес.
Анда көпөлөк
кабырчыктарды үстү-үстүнө өзү жабыштырып, өзү канат жасаганбы? Жасаган канатын
анан жонуна тагып алганбы?
Көпөлөк өзүнүн
жонун көрө албайт. Бирок анын жонунда укмуш симметриялуу саймалар бар.
Кабырчыктар ушунчалык пландуу тизилгендиктен, эки канаттын үстүндөгү саймалар
бири-бирине опокшош. Саймалардын узун туурасын сызгыч менен өлчөсөңөр, бүт
баарынын бири-бирине тең экенин көрөсүңөр.
Булардын баары
бизге Раббибиздин улуу чеберчилигин, чексиз илимин жана чексиз кудуретин
көрсөтүүдө. Биз аларды көрүп, алар жөнүндө ой жүгүртүп, Раббибизди ар дайым
эстешибиз керек жана Ага шүгүр кылып, Аны даңазалашыбыз зарыл.




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder