Эми буга чейин
сөз кылынган жаныбарлар жөнүндө окугандарыңарды бир ойлонуп көргүлө. Баласын
жытынан тааныган ак койлордон, ар биринин симметриясы жана формасы ар башка
болгон пижамалуу зебраларга чейин көптөгөн жаныбарлар жөнүндө жаңы
маалыматтарды алдыңар. Бирок бул китепте эң негизгиси бул жаныбарларга алардагы
өзгөчөлүктөрдү Аллахтын бергенин көрдүңөр.
Китептеги ар бир
мисалдан көргөнүңөрдөй, жер бетиндеги бардык жандыктарды жараткан Аллах алардын
жашоосуна керектүү маалыматтарды да аларга үйрөткөн. Аллах бул маалыматтардын
кээ бирлерин жандыктарга табиятынан (тубаса) берет.
Мисалы, силер
бул саптарды окуп жатканда көзүңөрдүн ачык турушу керек экенин билесиңер. Бирок
көрүү үчүн көзүңөрдү ачышыңар керек экенин билишиңер эле жетиштүү болбойт.
Көзүңөр көптөгөн процесстерди бир учурда ишке ашырышы керек. Муну бир компьютер
оюнуна салыштырууга болот.
Оюн иштеши үчүн «старт» (башта) деген баскычты
басышыңар керек, бирок муну басканыңарда компьютердин ичинде миңдеген татаал
процесстер башталат жана ошентип силер ырахаттануу менен оюнуңарды ойнойсуңар. Компьютер
өзүнөн-өзү пайда болбойт, ошол сыяктуу эле көзүңөрдүн көрүшүнө керектүү бардык
тетиктер да өзүнөн-өзү пайда боло албайт. Бардык нерселер сыяктуу, көзүбүздү
жана бүт денебизди кемчиликсиз кылып Аллах жараткан.
Илими чексиз
Раббибиз силерге да денеңердин өзгөчөлүктөрүн тубаса иштей ала турган кылып
тартуулаган. Ошондуктан биз Анын бул белегине шүгүр кылышыбыз, башкача
айтканда, ыраазычылык билдиришибиз зарыл. Бул маалыматтарды окуган сайын,
акылман ар бир адамдын Аллахка болгон ишеними, Анын илимине жана кудуретине болгон
урматы артат. Негизи бир жандыктын бир эле өзгөчөлүгү да бизге ошол замат
Аллахты эстетет. Бир эле жандыктар эмес, айланабыздагы бүт нерселер, бардык
окуялар Аллахтын бар экенин апачык далилдеп турат. Курандын бир аятында бул
маанилүү акыйкатты Аллах төмөнкүчө белгилеген:
Күмөнсүз,
асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен
келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах
жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты
ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин
арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда
ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Демек, силер да
Раббибиз Аллахтын чексиз кудуретин жана колуңардагы бардык нерселерди Анын
бергенин унутпагыла. Айланаңардагы бардык кооздуктарды Аллахтын жаратканын
эсиңерден чыгарбагыла.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder