Калың териси
жана бал жеши менен белгилүү болгон аюулардын көрүү жана угуу сезимдери абдан
алсыз. Анда абдан сүйгөн балын кантип табышат билесиңерби? Албетте, бардык
муктаждыктарын эң мыкты канааттандырган Раббибиздин аюуларга берген узун
мурундун урматында. Бул узун мурун менен жытты абдан жакшы сезишет. Ошентип
тамагын оңой гана таба алышат.
Билесиңер,
аюулар абдан далдайган жаныбарлар. Бирок көрүнүшүнө карап жаңылып калбагыла,
аюулар негизи өтө ыкчам кыймылдашат. Ал тургай, саатына 48 км ылдамдыкта чуркай
алышат. Албетте, аюулардын ыкчамдыгынан тышкары, өтө күчтүү экенин да белгилөө
керек. Аюулардын кээ бир түрлөрү 2-3 метрдик алп денеси менен дарактардын
үстүнө чыгып, убактысын ошол жерде өткөрүшөт. Көбүнчө өсүмдүктөр менен
азыктанган аюулар азык табуу үчүн 30 метр бийиктикке чейин чыга алышат.
Бал издеп
аарынын уюгун тапканда, колу менен бир-эки катуу сокку уруп бардык аарыларды
кубалашат. Анан уюктагы балды ырахаттанып жешет. Силер эч качан мындай
кылбагыла! Анткени аарылар бүт тарабыңарды чагып, ооруп каласыңар. Раббибиз
аюуга калың жүн бергени үчүн, ал аюуну аарылардын ийнесинен коргойт. Ошондуктан
эч кандай коркунучсуз балга жете алышат.
Күзүндө аюулар
кышкы уйкуга жатып, кургак бутак жана чөптөр менен төшөлгөн, коопсуз
башпаанасынан жазга чейин такыр чыгышпайт. Кышкы уйкуга жатаардан мурда тамакты
аябай жешет. Терилеринин астындагы май катмарын чоңойтуу үчүн аябай көп
тобурчак жана каштан жешет. Денесине май топтошу керек. Анткени жазында
башпаанасынан чыкканга чейин салмактары бир топко азайып, арыкташат. Эгер бир
адам мынчалык арыктаса, ошол замат өлөт. Ал эми аюулар болсо салмагынын
көпчүлүгүн жоготсо да жашай алышат.
Туут да аюуларды
үңкүр жашоосуна алып барат. Аюулар көбүнчө үч бала тууп, жазга чейин аларды сүт
менен багышат. Ага чейин башпааналарынан эч чыгышпайт. Аюулардын балдары сокур,
тиши жана жүнү жок болуп туулушат. Балдары үңкүрдөн чыкканда энеси аларды
коргошу зарыл. Антпесе аңчылар же эркек аюулар өлтүрүп кетиши мүмкүн.
Чексиз боорукер
жана мээримдүү Раббибиз бардык жандыктардын муктаждыктарын канааттандырып,
аларды коргоп, колдоп турат. Ошондуктан аюулардын сүйкүмдүү балдарына да зыян
көрбөй, өмүр сүрүшү үчүн керектүү бардык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган. Аларды
күчтүү энелеринин жанында жашатып, сырттан келген бардык коркунучтардан
коргоого алган.

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder