3 Aralık 2019 Salı

ЖАСАЛГАЛУУ ПАВЛИН (ЖАНЫБАРЛАР ААЛАМЫНЫН ЖАСАЛГАЛУУСУ)


Эгер зоопаркка барган болсоңор, силерге жасалгалуу канаттарын жайып, шоу көрсөткөн, укмуш кооз павлинди сөзсүз көрсөңөр керек. Павлиндердин эң негизги өзгөчөлүгү, куйруктары абдан кооз түстөргө бөлөнгөн. Бирок мындай куйрук бир гана эркек павлиндерде болот.
Павлиндин башы менен моюну көк түстө, куйругундагы жүндөрү кооз жашыл түстө болот жана куйругунда бул кемчиликсиз чеберчиликти толуктап турган тегерек темгилдер бар.
Бирок бул кооз көрүнүштү ар дайым көрө албайсыңар. Аны көрүү үчүн павлиндердин жупталуу мезгилин күтүү керек. Эркек павлин куйругун жупталуу мезгилинде, ургаачынын көңүлүн буруу үчүн желпингичтей жайат.

Бул жерде бир нерсени ойлонушубуз керек: павлин өзүн көрө албайт, анда куйругун жайганда мынчалык кооз жана жагымдуу көрүнөөрүн кайдан билет? Ага муну бирөө үйрөтүшү керек да туурабы? Ушундай кооздукту жараткан Раббибиз ага куйругун жайып, кооз көрүнүүнү да илхам кылган.
Бул кооз көрүнүш кантип пайда болгон? Павлиндин өзүнүн аракети менен пайда болушу мүмкүнбү? Же бул кереметтүү түстөрдүн гармониясы өзүнөн-өзү, кокусунан келип чыгышы мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Силердин үйүңөргө бир досуңар келип, дубалда илинип турган бир сүрөттү кокусунан боёк төгүлүп кетип, өзүнөн-өзү тартылып калган десе, ишенесиңерби?
Албетте, ишенбейсиңер! Демек, павлиндин эч бир сүрөткө салыштыргыс, кереметтүү кооз куйругу да өзүнөн-өзү пайда болгон эмес. Бул түстөрдүн гармониясын жана сулуулукту көрүп, таң калбаган адам жок. Анткени бул кооздукту теңдешсиз жаратуу кудурети бар Аллах жараткан.



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder